Мухтар АТАНАЛИЕВдин жубайы Мукадас АТАНАЛИЕВА: “Үй-бүлөмдү сакташ үчүн бардык соккуларды көтөрдүм”

“Атаман”, “Жаш сулуу”, “Ак кайың” сыяктуу ырлары менен атактуулукка жеткен Мухтар Атаналиев жубайы Мукадас Атаналиева менен 29 жылдан бери түтүн булатып, бактылуу өмүр сүрүп келет. Төрт баланы тарбиялаган сүйүктүү жубайлар учурда жети неберенин жытына балкып турган кездери.

– Мукадас эже, Мухтар ага экөөңүздөр 29 жыл мурда Политехникалык институттан табышкан экенсиздер. Андан бери мүнөзүңүздөр өзгөрсө керек?

– Мухтар экөөбүз кыштын күнү 9-декабрда үйлөнүү үлпөт тоюбузду өткөргөнбүз. Ал кезде Политехникалык институтта кыздар аз окучу. Мухтар ошондо эле тыкан, жарашыктуу кийинген, мүнөзү токтоо бала болчу. Бизди тааныгандар “экөөңөр тең жоошсуңар” дешчү. Мухтар азыркыга чейин жоош бойдон калды, а мен өзгөрдүм. Төрөттөн кийин да аялдар стресске кабылат эмеспи, баштагыга салыштырмалуу азыр бирөөгө жооп кайтарганды, үнүмдү бийигирээк чыгарганды үйрөндүм (күлүп).

– Мухтар ага үйдө кандай кожоюн, эркекке тиешелүү жумуштарды жасайбы?

– Эркекке тиешелүү жумуштардын баарын шашпай иреттүү, тыкан жасайт. Огородду карайт, жер айдайт. Бир гана электр тогунан аябай коркот. “Мага "столбага чык" дебегиле”, - деп күлүп калат. Машине оңдогон жагынан уста. Бир жылдары кеч күздө машине сатып алганбыз, кыш келгенде печкасы иштебей калды. Бишкектеги электриктердин баарын кыдырып чыкты окшойт, эч кимиси оңдоп бере албай, акыры өзү оңдогон. Андан кийин деле машиненин эмнеси бузулса оңдоп коёт. Мен бул шыгын байкап: “СТО ачпайлыбы?”  - деп тамашалай берем.

– Чыгармачылыктан сырткары кошумча каражат табуу үчүн бизнес ачып көргөнсүздөрбү?

– 2005-жылы 12-кичи райондон азык-түлүк дүкөнүн ачып өзүм соода кылып баштагам. Төрт айдан кийин ооруп калдым. Билбей жүрө бериптирмин, УЗИге барсам 4 айлык боюмда бар экен. Көрсө, боюмдан козголуу болуп атыптыр, доктурлар дароо “ооруканага жатасың” дешти. Баланын өсүшүнө коркунуч туудурбаш үчүн 5 ай ооруканада жатып, доктурлардын көзөмөлүндө болдум. Ошентип, кичүү баламды 41 жашымда төрөп үйдө отуруп калдым. Ишти таштап, дүкөндү ижарага бердик. Бир кыз, үч уулду тарбияладык. Кызыбыз - төрт баланын энеси, уулубуз - үч баланын атасы, үй-бүлөсү менен Токтогулда жашайт.

– Өмүр бою балдар менен үйдө отурган кожойке болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?

– Кээде иштесемби деп ойлогонум менен алган айлыгым баскан-турганыма жетет беле, ким билет. Жаш курагың өтүп баратканда иш табыш да кыйын эмеспи. Бирок мен иштеп акча таппасам дагы үйдө балдарымдын жанында болуп, аларга мээрим төгүп, эне катары жакшы тарбия бере алдым. Балдарымдын бирөөсүн да бала бакчага бербей өзүм карадым. Берсек кандай болот деп ойлонгончо биринин аркасынан бири чоңоюп калып жатты.

– Жолдошуңуз баласаакпы?

– 3-курста үйлөнүп, 4-курста биринчи балалуу болдук. Кайнатамдар “баланы бизге берип, өзүңөр окууңарды бүтүргүлө” деп уулубузду багып калышты. Уулубуз көнгөнчө мен айылда болдум, Мухтар окуп жүрдү. Алыста болгон үчүн баласына көп деле көңүл буралбай калды окшойт, беш жылдан кийин кызы төрөлгөн убакта окууну аяктап, Токтогулда жашап калганбыз. Мухтар кызын ушунчалык жакшы көрдү. Кызыбыздан кийин эки уул төрөлдү, азыр кенжебиз экөө өтө ынак. Бирок мага караганда балдарды жумшак кармайт. Мен кээде: “Балдарга катуураак айтып койсоң боло”, - десем, “баланы эч качан сабап тарбиялай албайсың, акырын түшүндүрүп айтыш керек”, - дейт. Ошого жараша балдарыбыз ыймандуу, тартиптүү болуп чоңоюшту.

– Кызыңыздардын турмуш жолуна эрте аттанганына динди тутунуп жүргөнүңүздөр себеп болду окшойт?

– Ооба, кызыбыз 15 жашында турмушка чыкты. Намаз окуп, хиджаб кийип жүргөндүктөн бизге динди тутунган адамдардан куда түшкөндөр көп болду. Туугандар арасында “жалгыз кызыңарды багалбай калдыңарбы, эрте турмушка бербегиле” дегендер болду. Бирок кийин кызыбыздын бактылуу жашап жатканын көрүп унчукпай калышты.

– “Мухтар Атаналиевдин намаз окушуна аялы себепкер” деген кептер чынбы?

– 2002-жылы экөөбүз тең намаз окуп баштаганбыз. Мухтардын бир тууган иниси Ислам университетинде окуду, анан Арча-Бешик конушуна имам болду. Ал убакта биз “мусулманбыз” деп жүргөнүбүз менен дин боюнча сабатыбыз жок эле. Дароо эле намаз окуп кетпесек да аалымдардын кеп-кеңешин угуп, ошол чөйрөгө аралаша баштадык. Жүрөгүбүзгө дин боюнча толук түшүнүк киргенче Мухтар намаз окуп жүрүп деле концерт коюп жатты. Анан 2007-жылы 4 айлык даватка чыгып келгенден кийин “болду, мен коомчулукка концерт койбойм” деген чечим чыгарды. Бирок чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеткен жок. Тасма жаатында өзүн сынап, толук метраждуу тасмаларды тартып жүрөт. Элге сабак болсун, Кыргызстандын оңолушуна салым кошолу деген жакшы ниетте тарбиясы зор тасмаларды тартып, андан сырткары аалымдар менен бирге эл аралап көптөгөн жолугушууларда жүрөт.

– Казак-аяк кагышпай койбойт эмеспи, жолдошуңуздун кол көтөргөн учуру болдубу?

– Жок. Таяктамак түгүл, мени жаман сөздөр менен сөккөн жок. Бир жолу “энеңди” деген бир сөзүнө ызаланып ыйлап жатсам, аяшым келип калып боору эзилип каткырып: “Ошого да ыйлайсыңбы? Ал сөз биз үчүн май”, - дейт. Турмушта өзүм катуу сөз укпаганым үчүнбү, уруш-талашка чыдабайм. Балдарыма да: “Эч качан аял кишиге кол көтөрбөгүлө, көңүлүн калтырып жаман сөз айтпагыла”, - деп айта жүрөм. Мухтардын эң жаман көргөнү – балдардын көзүнчө менин ага сөз кайтарганым, каяша бергеним. Ошондуктан мен андан күнөө кетип жатса да унчукпай калганды адат кылып алгам. "Макул" деп башымды ийип берем. Кээде балдар жок кезде айтып калайын деп сөзүмдү камдап алам, анан эле айтарга келгенде унутуп коём (күлүп). Өзүмдүн мүнөзүм ушундай болсо керек.

– Белгилүү адамдардын үй-бүлөсүнө көз артып, бузгусу келгендер кездешет эмеспи, сиз дагы мындай соккуга кабылдыңызбы?

– Мен 30 жылдык тажрыйбамдан улам жаш келиндерге кеңеш берет элем. Үй-бүлөнүн бекем болушу аялдан көбүрөөк көз каранды. Учурунда биздин үй-бүлөнү бузгусу келгендер толтура болгон. Ошолордун баарын көтөрө билдим. Апам “күйөөдөн ажырашкан уят” деген кепти кулагыма куйчу. Аны эстеп үйгө келгенде ичимден талдоо жүргүзөм, эгер Мухтар кечинде үйгө келгенде мени көргүсү келбесе, мага жаман мамиле жасаса, кыйналбай эле кетип калайын дейм. Анан байкасам, мага кылган мамилеси баягыдай жакшы, баягы нанды, шоколадды дагы деле көтөрө келет, балдарын жакшы көрөт, мени сыйлап турат. Анан мен эмнеге бирөөнүн ушак сөзүнө ишенип, үй-бүлөмдү сактап калбашым керек деп чыйралам. Бир жолу классташтарымдын “Мухтар муну таштап кеткен, силерге жашап жатам деп мактанып жүрөбү?” дегендерин угуп аргасыз күлдүм. Эч качан бирөө айтты деген менен жыйынтык чыгарбаш керек. Биздин куракта балдарды үйлөнтүп, куда күтүп, алардын сый-урматын көрөрдө ата-эненин бирге болбогону балдар үчүн кысынуу, кемсинүү. Ошондуктан аял үй-бүлөдө жылуу мамилени сакташ керек. Аял киши эч качан “мен” дебеш керек. Кандай кыйын лидер аял болсок да эркектен бир тепкич ылдыйбыз.

– Сизди хиджаб киет деп уккан элем...

– Намаз окуп жүргөнүмө бир топ жыл болсо да хиджаб кие албай жүрөм. Балким, уялып жаткандырмын. Хиджаб кийгенге эрким жетсе, өзүмө-өзүм ыраазы болмокмун.

 

Айнура Касымова