Элмирбек ИМАНАЛИЕВДИН келинчеги Нурзат: «Элмирбектин күйөрманымын, айтыштарына дайыма барам»

Төкмө акындардын көч башында келе жаткан, оозунан сөзү төгүлгөн, дайыма жайдары жүрүшүнөн жазбаган, керемет ырлардын автору Элмирбек Иманалиев жакында КРнын Эл артисти болду. Эркектин ийгилигине биринчи кезекте кубанган жана ал тууралуу эң мыкты билген апасы жана өмүрлүк жубайы болот эмеспи. Биз кадырлаган инсандын жеке бейнесин ачып берүүгө жубайын маекке чакырдык.

– Нурзат айым, эл баалаган акындын жары болуу сыймык болсо керек?

– «Элмирбектин жубайы болуу сыймык» деген кепти кулагым чалып калат. Сиз да белгилеп кеттиңиз. Бирок бул чогуу жашаган адамга байкала бербеген нерсе экен.

– Элмирбек байке «КРнын Эл артисти» наамын алгандан бери кандай сезимде жүрөт? Дегеним, көп нерсени ичине каткандай сезилет...

– Ырас, сезимдерин сыртына көп чыгара бербеген жайы бар. Ошол эле учурда ачылганда жакшы эле ачылат. Мени менен ойлорун дээрлик дайыма бөлүшөт. Элмирбектин ийгиликтерине туугандары, үй-бүлөсү, жадагалса кичинекей балдарыбыз да өзүнө караганда көбүрөөк кубанабыз. Өзү ийгиликтин артынан, улам жаңы иш менен алаксып кете бергендей сезилет.

– Сахнада мыкты төкмө акын, үйдө кандай адам? Дайыма жайдары жүргөнүн көрүүгө болот, ачуусу келгенде кандай болуп калат?

– Үйдө үйдөгүдөй, сыртта сырттагыдай жүрөт. Үй иштерине кайдыгер эмес. Бирок көбүнчө чыгармачылык, коомдук иштер менен алек. Элден бошобойт десем болот. Өзү токтоо, жайдары, тамашакөйлүгү да бар, ойчул, өзү менен өзү болуп жүрө берет. Ачуусу жок эмес, бирок бат тарайт. Өзү: «Атам ушундай киши болчу», - деп көп айтат.

– Үйдөн да төкмөлүк өнөрүн карматабы, тагыраагы, сизди таарынтып алса, ыр менен жубатып дегендей?

– Үйдө төгүп ырдаганын көрө элекмин. Жазган ырларынан кээде окуп берет. Балдарына комуз чертип, ырдап берип калат. Чоң уулубуз жөрмөлөп жүргөн кезинен жанына жаткырып алып «Манас» айтып берчү. Ал эми менин капамды ырдап жазгыдай кырдаалдар болгон жок. Бирок көңүлүмдү көтөрөйүн деген башкача иш-аракеттерин байкап, жакшы сөздөрүн көп эле угам.

– Кайсы ырынын каарманысыз, сизге арнап жазган ыры барбы?

– Албетте, мага арнап жазган ырлары бар. Анын бир-экөөсүн Кыргыз радиосундагы «Поэзия мүнөттөрү» уктуруусунан берип калат. Тилекке каршы, мен жатка билбейм. 2008-жылы жазылган, башы «Сен жанымда болгондо…» деп башталары гана эсимде калыптыр.

– Сиздерди тагдыр кандайча табыштырды, сиз төкмө акын тууралуу жакшы эле билчү белеңиз?

– Мен эл катары Элмирбектин белгилүү ырларын бала кезимден угуп келдим. Бирок ал ырлардын автору Элмирбек экенин биз жакшы тааныш болгон соң билдим. Албетте, абдан таң калдым. Экөөбүз мен иштеген ооруканадан таанышканбыз. Ал дарылануу үчүн келген, бирок мен ал ким экенине маани деле бербептирмин. Элмирбек өзү биринчи сөзгө тартып мени менен эркин сүйлөшө баштады. «Нурзат, үйдөн иче турган дарылар боюнча суроолорум болсо сурап турушум керек», - деп телефон номеримди алган. Телефондон суроолоруна жооп берип жүрдүм. Кийин курбумдун жумушунда семинар болуп, ал жерден тагдыр бизди экинчи ирет жолуктурду. Кайсы бир майрамдын алды эле, баарыбызды куттуктады. Ортобуздагы жакын, сый мамиле ошондон башталып, Кудайдын буйругу менен баш коштук. Менден төрт жашка улуу.

– Акындын жүрөгүңүздү багындырып алышына атактуулугунун салымы болдубу?

– Ыры, даңкы, башкасы эмес, жөн гана адамгерчилиги, түшүнүгү, жакшы мамилеси менен адам катары купулума толгон. Анан, албетте, обондорун, ырларын кайра-кайра уккум келип ырдап берүүсүн өтүнчүмүн. Азыр Элмирбектин төкмө акындык өнөрүнө күйөрманмын, айтыштарына дайыма барам.

– “Чыгармачыл адамдын жары болуу кыйын” дешет, бул сизди ойлондурду беле?

– Чыгармачыл адамга жубай болуу кыйын же кыйын эмесин эч качан ойлогон эмес экенмин. Аны менен турмушту баштап, ата-эне болгонубуздан кийин гана бул жөнүндө көп ойлоно баштадым. Белгилүү инсан менен болгон жашооң элдин көз алдында өтөт экен, мунун жоопкерчилиги чоң. Баары элдин назарында дегендей. Элмирбектин айтканына караганда, эң жакшы көргөнү - эркиндик. Эркиндикти сүйгөн, жан дүйнөсү аялуу, табышмактуу киши менен жашоо кыйынчылыксыз болбой коймок беле. Бирок удаа төрөлгөн балдардын маселеси менен экөөбүз бирдей алек болуп ойлонуп отурууга убактыбыз деле артпайт. Экөөбүздүн кесип эки башка болгондугуна байланыштуу чыгармачылыгына кошкон салымым деп Элмирбектин маанайына берген жакшы таасирлеримди, мүнөз, кыялдарына жараша эркин камсыздаганымды, балдарга эне, үйдө жар экенимди гана айта алам. Чыгармачылыгына кийлигишүү мен эмес, чыгармачыл инсандар үчүн да кыйын болсо керек. Мен комуз чертип, ырдап, бийлей албайм. Ага карабай экөөбүздү бириктирип турган бир күч бар.

– Канча балага ата-эне болуп калдыңыздар, балдарына кандай ата?

– Баш кошконубузга сегиз жыл болду, үч балага ата-эне болдук. Балдарыбыздын улуусу Эрулан 7 жашта. Токтогул Сатылганов атындагы 69-гимназиянын 1-классында окуйт. Жайдары кызыбыз 5 жашта, кенжебиз Адылхан үчтөн төрткө карады. Кудайга шүгүр, Элмирбек жакшы ата, колунан келгенин элге да, үйгө да жасап келе жатат. Мен болсо балдардын, аялга тийиштүү үйдүн иши менен алекмин. Иштөөгө азырынча убактым жок. Керектүү шарттардан кем эмеспиз.

– Балдарыңыз атасындай таланттуубу?

– Балдарыбыздын атасындай талантка ээ экени азырынча байкала элек.

– Элмирбек байкенин улуу кыздары үйүңүздөргө келип турушабы, алар менен жолдошуңуздун, балдарыңыздын катышуусуна каршы болбойсузбу? Жакында Айзуура турмушка узабадыбы, тойго сиз да бардыңызбы?

– Элмирбектин кыздары менен мамилеси жакшы. Балдардын катташуусун келечек көргөзөр. Мен каршы эмесмин. Экинчи кызы Сезим үйгө келип калат. Айзуураны турмушка узатуу тоюна барган жокмун.

– Сыртынан ток пейил адамдай сезилет, байлык, бийликке кызыгабы?

– Мен анын эч качан атак-даңкка, байлык-бийликке жулунганын, жадагалса кызыкканын байкаган жокмун. Бул сапаты менен мен да сыймыктанам. Жараткан берген ырыскыга каниет кылат. Бирок экономикалык кыйын шартта көп иштөөгө да туура келет. Соңку 6-7 жылдын ичинде ишинде өтө көп жетишкендиктер болду. Бирок ушунчалык жөнөкөй, жупуну, бирөө айтпаса, өзү ал жөнүндө ойлонбой жүрө берет. Өзгөчө шакирттери менен көп убактысын өткөрөт. Алар балдарыбыздай болуп калышкан, айрымдары бизге “ата”, “апа” деп кайрылышат.

– Сиздер баш кошкон учурда үй-жайлуу беле?

– Ооба, экөөбүз баш кошкондо эле керектүү шарттар бар эле, үй-жайы, материалдык базасы дегендей.

– Романтиктердин катарына киреби?

– Ооба, анчалык болбосо да романтикалык мүнөзү байкалат. Өзү: «Мурда романтик элем», - деп көп айтат. Мага күтүлбөгөн сюрприздерди тартуулаган учурлары болот.

– Жолдошуңузга суктанган айымдар көп дегендей, кызганасызбы?

– Ашкере кызганбасам керек. Менимче, бизде бул тууралуу олуттуу маселе жок.

Динара ЧОКОЕВА