Айпери КУБИК КЫЗЫ: «Суу алдындагы клипти бир түндө тартып бүттүк»

Ырчы, куудул, пародист Кубик Калыковдун кызы Айпери - атасынын жолун жолдоп, сахнадагы ордун татыктуу тапкан талант. Суйкайган селки үй-бүлө күтүп, эне болуп, анан кайрадан чыгармачылыкка кайткан. Тыныгуудан кийин суу алдында клип тартып күйөрмандарына жаңылык тартуулаган ырчы бизде конокто.

– Айпери, суунун алдында клип тартууңдун идеясы, максаты тууралуу айтсаң.

– Ар бир клибимде жаңылык киргизүүгө аракет кылам. Буга чейин кыздар футбол ойногон клип жок эле, аны тарттым. Андан соң кан соргуч тууралуу, кийин кош бойлуу кезимде балага арналган ыр ырдап клип тарттым. Келин менен кайнене тууралуу да ырдап жаңылык кылууга аракет кылдым. Бул жолу суунун алдында клип тарттык. Клиптин автору - режиссёр Санжар Юлдашев. Ал алты жыл мурун «Сен кетпечи» деген ырыма клип тартып берген. Кийин Москвага кетип, ушул учурга чейин ошол жакта клипмейкер болуп иштейт. Орус шоу-бизнесине салымы, аброю бар жигит. Мен Москвага концерт менен бармак элем, ал мени концерттин афишасынан көрүп телефон чалып: «Бул жакка келсең ыр жаздыра кетпейсиңби?» - деди, мен макул болдум. Бир жума ичинде ыр жаздырдык. Мен Москвага бир күнгө баргам, эртеси Бишкекке билетим бар эле. Ал жакка түштө барып, кечинде концертке катыштым, андан ары клип тартууга жөнөдүм. Санжарга башында эле: «Баламды таштап улам сайын бара албайм, таң атканча убактым бар», - дегем. Санжардын күчтүү режиссёр экенине дагы бир жолу тан бердим, барсам менин кийим-кечемди, визажисттерди, айткандай, бир түндө тарта турган кылып үч жерди даярдап коюптур. Барарым менен боёнтуп, кийинтип, клипке ылайык жасантып салышты. Чынын айтсам, клиптин идеясы кандай, кайда тартылышы тууралуу такыр кабарым жок болчу.

– Суунун ичинен клипке тартылуу жеңил болгон эместир?

– Албетте, өзгөчөлүгү суунун алдында ырдаганым болду. «Сууга түшөсүң», - дегенде чочулап: «Мен корком, сууда сүзгөндү да билбейм, чөгүп өлүп калбаймбы?» - дедим. Санжар: «Суунун алдында ырдап берсең, сонун кадр болот. Мындай клип эч жерде жок», - деди. Ошондо коркконума, суу жутканыма кайыл болуп режиссёрдун айтканын жасадым. Клипте сууга түшүп эле, кайра чыкмай жок, көзүңдү ачып, суунун ичинде ырдап образды бериш керек болду. Ырдын кайырмасын ырдап тартылуу эле эки саат убакытты алды. Ал арада абдан кыйналдым, суу жуттум, айтор, эсимди жоготконго чейин бардым. Негизи сууда сүзүү менин фобиям болчу, клиптин арты менен ал фобиямдан арылдым. Биз клип тарткан жер орустардын суунун түбүндөгү тасмалары тартылган студия, атайын даярдалган бассейн экен. Клипти түнкү саат бирден эртеси тогузга чейин, тактап айтканда, самолёт уча турган убакка чейин мен түшө турган кадрларды тарттык да, келе бердим.

– Клип үчүн канча каражат кетти?

– Клипти тартууга 5 миң доллар кетти. Ырды Санжар экөөбүз аткаргандыктан каражатты ортодо бөлүп чыгардык. Клип август айында тартылган болсо, 31-октябрда ачылышы болду. Азыр телеканалдардан берилип жатат. 

– Көрөрмандарың кандай кабыл алып атышат?

– Клипти көргөндөрдүн 90 пайызы мактаса, тилекке каршы, түшүнбөгөндөр да болуп жатат. Айтылган сындан чындыкты көрсөм, мойнума алам. Ал эми кемчилик издеп, максаты эптеп жамандамай болгондорго көңүл бурбайм. Жумурткадан кыр издегендер душман, атаандаштарым болушу мүмкүн, мен аларды укпайм. Минтип жаңылык киргизейин десең, жамандап атып эле өчүрүп ташташат. Андай учурда таарынып кетем. Өзүбүздү-өзүбүз баскан жаман адатыбыздан маданиятыбыз өнүкпөй келет. Клипти көрүп “бирөөлөрдү туурап алыптыр” деп айтып атышат. Эч кимди туураган эмеспиз, баары өзүбүз тарткан идея менен ишке ашты.

– Чыгармачылыгыңдагы жандануудан улам бала менен отурчу убактысы аяктаган го деп ойлоп турам...

– Чыгармачылыкка толугу менен кириштим десем жаңылбайм. Фотосессияларды жасап, ырларды жаздырып, клиптерди тартсам деп турам. Санжар Москвадан келсе студия ачалы деп атабыз. Экөөбүз тандем болуп иштеп чыгармачылыкка жакшы жаңылыктарды киргизсек дейбиз. Балам чоңоюп калды, бала багуучубуз бар. Бала багуучудан башка деле карачу киши көп. Чыгармачылык - менин жумушум, аны менен нан таап аткандан кийин иштешим керек деп ойлойм.

– Өзүңдүн кесибиң боюнча иштебейсиңби?

– Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. Кесибим менен Экономика жана Тышкы иштер министрликтеринде эки жыл иштеп өзүмдү сынап көргөм. Мамлекеттик жумушта иштөө үчүн ал жакта эртеден кечке олтуруу шарт. Каалаган учурда каалаган жакка бара албайсың, жеке жашооңо да убакыт артпайт. Чыгармачыл адамдар эркиндикти сүйгөн калкпыз да, кесибим менен иштегенге жаштык кылат экенмин. Ар бир нерсенин өз убакыт-сааты бар, кийин деле иштеп жетишем деген ойдомун. Азыр чыгармачылыгым менен жана КРнын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабында солист болуп иштейм. Алар алдын ала байланышып кайсы күнү концерт болорун айтып турушат, ошого жараша барам.

– Кесибиң менен эмес, чыгармачылыгың менен иштөөгө атаңдын көз карашы кандай болду?

– Атамдын «кызым, өзүңдүн жашооңду өзүң курасың» деген сөзү бар. Турмушка чыгып өз алдымча кеттим, бир баланын энеси болдум, өзүмдүн жашоом, тандоо менде дегендей. Ата-энем үчүн башкысы ыйманым, адебим менен жүрүп, жашоомду адал жол менен улантып, баламды багып атканым маанилүү деп ойлойм. Башкысы алар мени дайыма колдойт.

– Жолдошуңчу?

– Ал колдогондуктан кенен жүрөм да. Ал башында эле кимге үйлөнүп жатканын билген. Баш кошордун алдында эле мен да, атам да ага чыгармачылык тууралуу айтканбыз. Азыр чыгармачылык менен иштеп каражатты да жакшы табууга болот. Ошого Кудайга чексиз шүгүр кылам. Элдин баары эле акча, жан багуу үчүн иштейт да.

– Жолдошуң кайсы тармакта иштейт?

– Мамлекеттик кызматта бухгалтерия тармагында иштейт.

– Балаңдын кылыктары чыгып, чоңоюп калса керек?

– Ооба, бир жаш үч айга толуп, чуркап жүрөт. Тили чыккан, улам бир кылыгы чыгып кубандырып атат. Чарчаганда, маанайым түшкөндө баламды карап кадимкидей жандана түшөм. Баланын ар бир кадамы, күлгөнү, сүйлөгөнү энеге кубат болот экен. Бала бактысын сөз менен айтуу жетишсиз, ал бакытты эне болгон адам сезет.

 

Динара ЧОКОЕВА