Балага чет тилин кайсы курактан баштап үйрөтүү керек?

Көпчүлүк ата-энелер баласынын эне тилин эле эмес, чет тилдерин да билүүсүн, ал тилде эркин сүйлөшүн каалашат. Бул көрүнүш өзгөчө азыркы учурда актуалдуу болууда. Балага чет тилин үйрөтүүдөн мурда анын зарылчылыгын, келечектеги пайдасын, чет тилин үйрөнүү үчүн кайсы курак ылайыктуу экенин билип алуу зарыл.

Педагогдордун айтымында, балага чет тилин 4 жашка чейин үйрөтүү натыйжалуу болот. Анткени бул куракка чейин баланын кеби калыптана баштагандыктан, кайсы тилди болбосун, оңой өздөштүрөт. Экинчиден, төрт жашка чейинки балдар оюндагысын айтуудан тартынышпайт. Үчүнчүдөн, эске сактоосу жакшы болуп чет тилдеги сөздөрдү бат жаттап калат. Бирок бир аз башкача формада үйрөтүү керек: балага чет тилдеги мультфильмдерди, ырларды коюп берүү менен ага ошол тилди үйрөткөн болосуз. Бала чет тилин түшүнбөсө да көргөн мультфильми, уккан ырынын маанисин түшүнө алат. Бул ыкма атайын окутуу ыкмасы эмес, тилди үйрөнүүгө даярдык болуп эсептелет. Натыйжада чет тили балага 4 жашка чейин эле тааныш болуп, кийин тил үйрөнүүдө, тамга жаттоодо негизги таяныч болот.

 

Билингвизм (кош тилдүүлүк) же полилингвизмдин (көп тилдүүлүк) артыкчылыктары

– Келечекте жумушта, чет өлкөгө сапарга чыгууда кереги тиет.

– Пикир алышуу чөйрөсүн кеңейтет: чет тилдеги сайттарды колдонууда, чет элдик достор, тааныштар менен пикир алышууда кыйынчылык жаралбайт.

– Өткөөл куракта чет тилди үйрөнүү эс тутумду жоготпоого, мээни машыктырууга, курактык өзгөрүүлөрдү токтотууга шарт түзөт.

– Дүйнө таанымды кеңейтет, билим деңгээлин, социалдык статусту жогорулатат.

– Билингвалдуу балдардын бир тилди билген балдарга караганда айланадагыларды кабыл алуусу, түшүнүгү бир топ өнүккөндүгүн изилдөөлөр далилдеген. Бул үчүн Канаданын англис жана француз тилдерин билген балдары менен англис тилин эле билген балдарын салыштырып көрүшкөн.

– Тапкычтыкка үйрөтөт. Бул үчүн да балдарга кагаз үчүн кыстыргыч, кыш жана куту берип, алардан эмне жасоого болорун сурап байкоо жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында билингвалдуу балдарда бир тилдүү балдарга караганда көп идеялар жаралган.

– Ой жүгүртүүнү өстүрөт. Муну аныктоо үчүн төмөнкүдөй байкоо жүргүзүлгөн: бир тилдүү жана билингвалдуу балдарга бир нече буюмдарды берип иреттөөсүн тапшырышкан. Жыйынтыгында бардык балдар тапшырманы бирдей жакшы аткарышкан. Бирок эмне себептен дал ошондой иреттегенин сурашканда билингвалдуу балдар өз ойлорун так жана кенен түшүндүрүп беришкен.

– Математикалык жөндөмдүүлүктү ойготот. Эки же андан ашык тил билген балдар математикалык эсептерди туура жана бат аткарарын изилдөөлөр далилдеген.

– Көп тил билген бала китеп окууну жана жазууну эрте үйрөнөт.

– Башка маданият менен таанышууга шарт түзөт.

– Акча табууга жардам берет. Чет тилдерде сүйлөй алган адамда жакшы билим алуу, квалификациясын жогорулатуу жана чет элдик кесиптештер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болот.

– Альцгеймер оорусунун алдын алат. Канадалык изилдөөлөргө караганда, кем акылдык оорусу менен ооругандардын арасында эки тил билгендерде оорунун белгилери 4 жыл кеч башталган. Анткени алардын мээси бузулса да узак убакытка чейин жогорку деңгээлде өз кызматын аткара берген.

 

Ата-энелерге кеңештер

1. Балага чет тилдеги тамгаларды, чет тилинде сүйлөм түзүүнү үйрөтүүгө ашыкпаңыз. Көпчүлүк ата-энелер баланын тили чыгып баштаганда эле, тагыраагы, бир жашында эле ага чет тилинин грамматикасын үйрөтүп баштап ката кетиришет. Бул учурда кош тилдүүлүк маселеси келип чыгат. Анткени бала бул куракта чет тилин эмес, өзүнүн эне тилин да жакшы өздөштүрө элек болот. Эки тилдин сөздөрүн аралаштырып кыйналат. Ошондуктан бала өз эне тилинде сүйлөм түзүүнү үйрөнгөнчө күтө туруу керек.


2. Балага чет тилин үйдөн үйрөтсөңүз, бардык маалыматты ошол тилде бергениңиз оң. Түшүнүктүү болсун деп эне тилге которуп түшүндүрсөңүз жаңылышасыз. Бул нерсе баланын материалды начар кабыл алуусуна түрткү болот.


3. Балаңыз чет тилин атайын окутуу борборунда үйрөнсө, мугалиминин чет тилин канчалык деңгээлде билүүсүнө көңүл буруңуз. Анткени педагогдун чет тилин билүүсү да баланын тил үйрөнүүсүндө чоң роль ойнойт.


4. Педагогдун окуучулар менен чет тилинде канча убакыт пикир алышкандыгына маани бериңиз. Сабактын 70-80 пайызын эне тилинде өткөргөн мугалимдер да жок эмес.


5. Баланын сүйлөө кебине маани бериңиз. Бардык эле балдардын сүйлөө кеби бир куракта калыптанбайт. Мисалы, айрым балдар “р” тамгасын кеч өздөштүрүшөт. Бул убакта балага чет тилди үйрөтүү туура эмес. Анткени эне тилиндеги сөздөрдү туура эмес айтуусу сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай баланы алгач логопедге берип, андан соң тил үйрөтүү курсуна жаздырган оң.


6. Эң негизгиси баланын каалоосун эске алыңыз. Кайсы тилди үйрөнүүгө кызыкдар экенин билбей туруп өзүңүз каалаган тилди үйрөнүү курсуна мажбурлап бергениңиз туура эмес.


Балага чет тилин өз алдынча үйрөтүү үчүн ыкмалар

1. Балаңыз менен чет тилиндеги мультфильмди чогуу көрүңүз. Көрүп жатып которуп бербеңиз, эмне тууралуу сөз болуп жаткандыгын бала өзү аңдап-түшүнсүн.


2. Мультфильмди көрүп бүткөн соң түшүнгөнүн айтып берүүсүн балаңыздан талап кылыңыз.


3. Мультфильмдеги каармандардын сөздөрүн бала жаттап калсын үчүн ошол эле мультфильмди бир нече күн кайталап көрүңүздөр.


4. Эсинде калган фразаларды күнүмдүк жашоодо колдонуусуна көңүл буруңуз.


5. “Жаңы сөздөр” оюнун ойноңуздар. Бул жерде баланын курагын жана билим деңгээлин эске алыңыз. Мисалы, 3-5 жаштагы балдар үчүн бир нече жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп бирөөсүн чет тилинде атаңыз, бала ошол жаныбарды тапсын. 6-8 жаштагы балдарга болсо бир тамгасы жок чет тилиндеги сөздөрдү берип, түшүп калган тамганы коюусун сураныңыз.


Шааркан Абдуллаева