Эркин Рыскулбековдун апасы Роза эже: «Уулума туш болгон кыз бактылуу деп ойлойм»

Кыргыз маданиятында эне тили менен кошо чет тилдерде бирдей сүйлөп иш алып барган алып баруучулар саналуу эле. Алардын бири - көрүнүктүү теледолбоорду алып барган таланттуу жигит Эркин Рыскулбеков. Эркин мырзаны КТРКнын «Ой-Ордо», «Миллионер болгуң келеби?» берүүлөрүнөн тышкары мамлекеттик салтанаттардан жана тойлордон да көрүп келебиз. Кайда болбосун, жигердүү иш кылган мырза тууралуу апасынан сурадык.

– Уулуңуз Эркин Рыскулбеков канчанчы балаңыз?

– Эркин - менин эркетайым. Уулумдун бир байкеси, үч эжеси бар. Өзүнөн улуу эжелери эгиз. Эркин биз Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш деген жерде жашап жүргөн кезибизде төрөлгөн. 1988-жылдын 4-февралы эле. Кенжебиз болгонго эркелетип бактык. Бирок Эркиним дээринде бар зирек бала болгондуктан тартиптүү, билимге умтулуп акылдуу өстү.

– Ар бир баланын унутулгус бир кылыгы болот эмеспи, уулуңуздун кайсы кылыгы эсиңизде?

– Эркин кыздардын арасында чоңоюп калганга бала бакчага барып жүргөн кезинде эле кыздардыкына окшош кылыктары бар эле. Сыланып, өзүнө карана берчү. Анан бакчадан келгенде дайыма колуна бир таяк алып алып огородду толук бир айланып чуркап келчү да, мага таягын микрофон кылып сунуп: «Роза Муратовна, бир сөз сүйлөп коюңузчу», - дей берчү. Кийин мектепке барганында баламдын бактысына класс жетекчиси чыгармачыл мугалим болду. Эркиндин талантынын ойгонушуна салымы чоң болду деп мугалиминен ыраазы болуп келем. Башталгыч класста окуп жүргөн кезинде бир иш-чарада мугалими кутуну телевизордун экраны кылып жасаптыр да, Эркинди ага диктор кылып дайындаптыр. Уулум ошондо сонун алып баруучу болгон. Анан качан болбосун, ырдап, бийлеп эле жаны тынчу эмес. Мектептин активисти эле. 

– Микрофон менен эфирге ошол кезде эле жакын болгон турбайбы? Мындай жөндөм канында болсо керек да?

– Негизи балдарымдын баары жакшы ырдашат. Арасынан Эркин чыгармачылыкка өзгөчө жакын чыкты. Бул жөндөм ага атасынан өтсө керек деп калам. Ыраматылык атасы илгери кандай той-кечеге барбасын, кепти кезектештирип берип, ыр кезегин ирети менен сунуп тойду көркүнө чыгарып койчу. Ал кезде тамада деген жок болчу да, азыркынын тили менен айтканда, Эркиндин атасы ошол кездин тамадасы болчу. Уулум бала кезинде арык, назик бала эле. Атасы уулун карап алып: «Балам же кетмен чаба албайт, же күрөк көтөрө албайт. Тили менен же калем учу менен эле иштеп жанын багат го», - деп ойлонуп калчу. Атасы кыраакылык кылыптыр. Айтканындай эле, уулум тили менен, калем учу менен иштеп келе жатат.

– Атасынан канча жашында калды?

– Атабыздан 2004-жылы айрылганбыз. Кан басымы бар болчу, ошонун залакасы тийип калды. Эркиним ал кезде 10-класста окучу. 

– Уулуңузду кандай мүнөздөйсүз да, ага ылайык балаңызга кандай келинчек дал келет деп ойлойсуз?

– Эркин билимдүү, жигердүү, романтик да жайы бар, камкор бала. Ар бир эне баласына жакшы түгөй туш болуп, бактылуу болушун тилейт эмеспи. Уулум келинчекти өзү табат го. Мен болсо баламдын чыгармачылыгын түшүнгөн, колдой билген, камкор, ыймандуу келиндүү болсом экен деп тилейм. Кандай кыз болсо да уулума туш болгон кыз бактылуу деп ойлойм. Уулумдан жакшы кожоюн чыгат.

– Сүйлөшкөн кызы барбы? Качан үйлөнөм дейт?

– Эркиндин мүнөзү ачык-айрым, шар жүрөт. Ошол мүнөзүнөн улам го, мени менен ачык сүйлөшүп сырдашат. Эркек балдардан да, кыздардан да достору абдан көп. Бирок жигит катары жандаган кызы жок экенин жакшы билем. Качан үйлөнөрү азыр белгисиз. Мен эле эмес, алыс-жакын туугандардын баары эле «убактың келди, өтүп да баратат, ой, үйлөн» деп эле атабыз. Өткөндө бир тууганыбыз: «Эркин, сен кыз узатып, үйлөнүү тойлорду алып барып эле жүрө бербей, өзүң үйлөнүп той кылбайсыңбы?» - деп атпайбы. Эркин болсо: «Буюрган күнү болот», - деп эле кутулат.

– Уулуңуз менен бирге турасызбы?

– Мен айылда турам, Эркин шаарда. Бат-баттан жолугуп, үйүнө келип турам. Мени эки жакка көп ээрчитип алат. Ал тамада болгон тойлорго да күбө болуп жүрөм. Мага абдан камкор. Дайыма көңүл буруп, ал-жайымды сурап, кем-карчымды толуктап турат.

– Эркин Рыскулбеков алып барган телеберүүлөрдү дайыма көрөсүзбү же көнүмүш болуп баштагыдай деле күтпөй калдыңызбы?

– Кантип күтпөй коёюн, күтөм. Ар бир экранга чыкчу күнүн, саатын адашпай, унутуп калбай билем. Баламдын теледен чыкканын сыймык кылып эле карап отура бербейм. Отурган-турганын, кийингенин, сүйлөгөнүнүн баарын сындап көрөм. Ага мен айтпаганда, ким айтат. Эркин ошого жараша өзүн оңдогонго аракет кылат.

– Убакыттын өтүшү менен ата-эне баланын айтканын угуп калган кез болот эмеспи. Уулуңуз да сизге сын, кеп-кеңеш айтып калабы?

– Албетте, айтат. Мага эле эмес, бир туугандарына да дайыма бир кепти кайталагандан тажабайт. Эркин: «Бирөөлөргө жакшылыкты көп кылгыла. Чын дилиңерден жасагыла да, кийин аны “мен кылгам” дебей, унутуп калгыла. Силер башкаларга жардам кылсаңар, Кудай силерге жардам кылат», - дейт. Өзү ушул сөзүнө жараша иш кылат. Ага ыгын таап эле бирөөлөргө жардам кылса болду.

– Апасын кандай белектер менен сүйүнтөт?

– “Романтик мүнөзү бар” дебедимби, ошого ылайык белек-бечкек берип адамдын көңүлүн алганды жакшы билет. Кайсынысын бөлүп айтарды билбей турам, айтор, уулум мага дайыма жагымдуулук гана тартуулап турат. Мурдагы жылы бир күнү келип эле: «Апа, камыныңыз, алыска кетебиз», - деп калды. Мен эч нерседен бейкапар отурган элем. Көрсө, мага сюрприз кылып Түркияга экөөбүзгө билет алып коюптур. Жер көргөзүп, Түркия мамлекетин саякаттатып, эс алдырып келген.

– Уулуңузду кандай эркелетесиз?

– Уулумду расмий сүйлөп эле “Эркин” деп атпаймынбы, болбосо бала күнүнөн “Эку” деп чакырам. Ичим элжиреп «жаным», «алтыным» деп турам. Ал эми мен «Эркинбек» деп чакырганда ал менин ачуум келип, бир нерсе менин оюмдагыдай болбой калганын дароо билет.

– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– Миң-Кушта жашап жүргөн кезде байланыш тармагында иштеп, Чүй жерине көчүп келген соң мугалимдик кесипти аркаладым. Беш балалуу эне катары 45 жашымда эле пенсиялык эс алууга чыккам. Ага карабай деле иштеп жүрүп, акыркы 2-3 жылдан бери небере карап үйдө отуруп калдым. Балдарымдан кичүүм гана үйлөнө элек. Экум үйлөнсө, анын да балдарын карасам деп кыялданам.

 

Гүлайым Калыбекова