Апам, апам, жан апам...

Апа – баланын коргоочусу, колдоочусу, дарыгери, ашпозчусу, мугалими, сыймыгы, айтор, бүтүндөй жашоосу. Кайсы балага суроо салба, апасы тууралуу кеп кылуу ага жагымдуу. Биз бүгүн жылдыз энелердин балдарын кепке тартып апалары тууралуу азыноолак сурадык. Эмесе, жылдыздардын уулдары менен таанышып алыңыз.

 

Гүлзат Байзакованын уулу Эмил: “Апама белек тандоо абдан оор”

Аты-жөнү: Эмил Ишен Календер тегин

Туулган жылы: 1993-жыл

Үй-бүлөдө: кенже уул

Билими: Кыргыз улуттук консерваториясында билим алууда

– Эмил, чыгармачыл инсан катары апаңдын чыгармачылыгына кандай салым кошо алдың?

– Атам байкем экөөбүздү бала кезибизден кыргыз эл аспаптарынан баштап классикалык аспаптарга чейин окутуп, билим алдырган. Андыктан апам ыр жаздырарда байкем экөөбүз эле ар кандай аспаптар менен аркасынан коштоп ансамбль менен жазылгандай кылып коёбуз. Кээде апам жеңил-желпи ырларды тандап алганда сыныбызды да айтабыз. Бирок сындоо жагынан атабызга жетпейбиз. Буюрса, апамдын чыгармачылыгына кошчу чоң салымдарыбыз дагы алдыда деп ойлойм.

– Апаң кандай белектерди жактырарын билесиңби?

– Байкем экөөбүз тең кичине кезибизден ата-энебизге, бири-бирибизге белек берүүнү жакшы көрөбүз. Эс тарткандан бери эле апама 8-Мартта, туулган күнүндө белек берип келебиз. Апам бир мүнөз адам болгондуктан жадыраган гүл, кымбат телефон берсек деле, кызыктуу кружка берсек деле баарын бирдей эле маанайда кабыл алып коёт. Анан белегибиз жакпай калды го деп сарсанаа болобуз. Ушул белек боюнча бир жолу апама катуу таарынып калгам. Ал кезде 8 жашта элем, апамдын туулган күнүнө бир ай калганда акча чогултуп, ага каш боёгуч алып белек кылгам. Бир айдан кийин менин апама берген белегиме таежем ээлик кылып колдонуп жүрүптүр. Ошондо ыза болуп таарынгам. Мен чет өлкөлөргө чыкканда үйдөгүлөргө сөзсүз белек алып барам. Баарына алып бүтүп эле, апама келгенде эмне аларымды билбей кыйналам. Кыскасы, апама белек алуу абдан оор.

– Келечектеги келинчегиңдин апаңа окшош болушун каалайсыңбы?

– Албетте, каалайм. Балдарымдын апасы менин апамдай болсо, балдарым абдан бактылуу болушат. Анткени менин апам - кадырлуу, эл үчүн эмгек кылган, маданиятка салым кошкон адам. Ушундай адамдын уулу экениме абдан сыймыктанам. Кээде гана атам менен талашып аша чаап кеткени болбосо, болочок келинчегим апамдай аялзаты болсо, мен абдан бактылуу болмокмун.

 

Токтобүбү Черикчиеванын уулу Чыңгыз: “Апамдын лагманын сүйүп жейм”

Аты-жөнү: Мирланов Чыңгыз

Туулган жылы: 1988-жыл

Үй-бүлөдө: тун бала

Билими: Кыргыз юридикалык академиясын аяктаган

– Апаңдын кайсы ырын жактырып угасың?

– Апам - кыргыздын эң алдыңкы ырчыларынын бири. Чыгармачылыгын баалайм, үнү керемет. Негизи бардык эле ырларын тааныйм, билем. Ошентсе да айрымдары мага өзгөчө таасир калтырып, угуудан тажабайм. Алар - “Жолугарым билгемин”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, “Биз экөөбүз” деген ырлары. Апам алыскы облустарга тойлорго чакырылганда анын машинесин мен айдап барып, жанында болом. Ошондо жол бою апамдын гана ырларын угам.

– Апаң ашканада кандай кожойке?

– Апама эч сын айтпайм. Ал – менин апам. Ашканада лагманы менен палоосун сүйүп жейм. Такыр тажабайм.

– Балалыгыңда апаңды абдан сагынган күн болду беле?

– Мен таенемдин колунда өскөм. Андыктан апамдын бары-жогун таенем мага билдирген деле эмес. Ал мени эненин мээриминен өксүк кылбай өстүрдү десем болот. Апам болсо таенемдин үйүнө жакын жашачу. Колу бошосо эле жаныма келчү. Мен таенем каза болуп калгандан кийин гана биротоло апамдын жанында болууга келдим десем болот.

 

Гүлмира Турсунбаеванын уулу Самат: “Мен да апамды эркелетип коём”

Аты-жөнү: Насирдинов Самат

Туулган жылы: 1991-жыл

Үй-бүлөдө: кичүү жана жалгыз уул

Билими: Политехникалык университетти аяктаган

– Апаңдын куудулдук кесиби сага жагабы?

– Албетте, жагат. Апам менен сыймыктанам. Бирок мага атактуунун уулу экендигим көп деле байкала бербейт. Ал эми досторума бул абдан билинерин айтышат. Алар таланттуу, белгилүү аяш апасы бар экенине сыймыктанышат. Апамдын “Шапа 007” деген тасмада жараткан образын айрыкча жакшы көрөм. Ал тасмага досторум менен бирге кирип черим жазыла көрүп чыккам. Апам - чыныгы талант.

– Сен да апаңдай шайыр адамсыңбы?

– Ооба, менде апамдын көп жакшы сапаттары бар. Апам - абдан берешен, тууганчыл адам. Өзүнө эч нерсе калбай калганына кайыл болуп баарын балдарына, жакындарына жумшай берет. Дайыма позитивди кармаган күчтүү аял. Экөөбүздүн оюбуз көп учурда дал келет. Андыктан мен тандаган адам апама деле жакса керек деп ойлой берем. Негизи келечектеги келинчегимдин апама жагышы мен үчүн абдан маанилүү.

– Апаңа акыркы ирет кандай белек берип, кандай комплимент айтканың эсиңдеби?

– Апам мени күндө эркелетет. Айрыкча эл келгенде көп эркелетип мени уялтат. Мурда антип мени ыңгайсыз кылганы үчүн арданып, катуу айтып апамды капа кылып ийчүмүн. Бой жетип токтолгондон кийин апамды таптакыр капа кылгым келбей калды. Анын мени эркелетүүсү мага болгон сүйүүсү экенин сездим. Анан ыңгайсыздана бербей, мен да апамды эркелетип койчу болгом. Күн сайын комплимент айтам, ал эми белекти алдыда келе жаткан туулган күнүнө карата камдап жатам.

 

Дилшат Кангелдиеванын уулу Кубанычбек: “5 жашымда апамды тамак жасап күтүп алгам”

Аты-жөнү: Кубанычбек Саадатбек уулу

Туулган жылы: 1990-жыл

Үй-бүлөдө: жалгыз бала

Билими: Кыргыз улуттук университетин аяктаган

– Сен да чыгармачылыкка жакынсыңбы?

– Менин атам да, апам да чыгармачыл инсандар болушкандыктан мен бул тараптан айланып өтүп кете алган жокмун. Диджей, үн режиссёрлук кесиптерди аркалап көргөм. Бирок азыр аларды таштап, билим алган кесибимден да башка иште иштейм. Ал эми апамдын элге таанымал адам экени менен сыймыктанам. Атактуунун уулу болуш кимге жакпасын.

– Апаң үчүн арнаган биринчи эмгегиң эсиңдеби?

– Мен тамак жасаганды жакшы көрөм. Бул шык-жөндөм менде бала кезден бар окшобойбу. Ата-энем филармонияда иштегендиктен мени дайыма үйгө жалгыз калтырып кетишчү. Анда мектепке да бара элек, болжолу 5 жаштагы кезим болчу. Бир күнү алар келчү маалга шорпо жасап ата-энемди кубантып тосуп алгам. Ушуну биринчи эмгегим деп айта алам. Азыр деле убактым болуп калганда эринбей даамдуу тамактарды жасап берип турам. Апам ошондо жасаган шорпом менен 20 жашымда алтын чынжырча тартуу кылганымды айтып түгөтө албай келет.

– А сен апаңдын кайсы тамактарын жакшы көрөсүң?

– Негизи өзүм ун азыктарын жакшы көрөм. Апам нанды, боорсокту жана каттаманы абдан жакшы жасайт. Ушул даамдарын абдан жакшы көрөм. Апамдын деле убактысы аз да, ошондуктан ал да мендей болуп убактысы болсо эле менин сүйгөн тамактарымды жасоонун аракетин кылып калат.

 

Гүлайым Калыбекова