Катаракта – эң кеңири тараган көз оорусу

Адамга дүйнөнү кызыктуу жана сулуу кылып көрсөткөн орган бар. Ал керемет орган - көз. Ошондуктан көзгө тиешелүү жакшы да, жаман да маалыматтар менен кабардар болуп, көздү аздектеп күтүүбүз керек. Эмесе, бүгүнкү тема көз тууралуу болмокчу.

Көз алмасынын катмарына жараша көз ооруларынын түрлөрү да ар кандай. Алар тубаса же кийин пайда болот. Акыркы кездерде көз ооруларынын калк арасында эң көп кездешкен түрүнө катаракта, миопия жана глаукома кирет. Алардын ичинде Кыргызстан боюнча эң биринчи орунда турганы көздүн катаракта оорусу.

Катаракта

Катаракта - бул чечекейдин тунаруусу. Жаш өткөн сайын организмде болгон өзгөрүүлөрдөн улам же жаракат алганда, зат алмашуу бузулганда, кант диабетинен улам, айрым тукум куучулук оорулардан катаракта оорусу пайда болот. Мурда катаракта менен элүү-алтымыш жаштан кийинки улгайган адамдар жабыр тартышса, азыр жаштарда да кеңири тарап, катаракта күндөн-күнгө жашарып баратат. Ал тургай бул оору менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар да ооруп жатат. Алар эненин ичинде болгон учурда да катаракта менен оорушу мүмкүн. Төрөлгөндө эле катаракта менен төрөлүшү да ыктымал. Адистин айтымында акыркы учурда катаракта кичинекей балдарда көп катталып жатат. Бул оорунун тубаса жана кийин пайда болгон эки түрү бар.

Тубаса катаракта

Тубаса катаракта эне боюнда бар кезде көп ооруса жана таблеткаларды көп ичсе, жугуштуу оорулар менен ооруса ичинде жаткан түйүлдүккө таасирин берип, оору балага өтөт. Чечекей түйүлдүктө 4-7 айга чейин жетилип өсөт. Бул учурда терс таасирлер болсо чечекей тунара баштайт да, бала төрөлгөндө катаракта менен төрөлөт.

Кийин пайда болгон катарактанын дагы түрлөрү болот:

Кортикалдык катаракта

Катарактанын бул түрүндө чечекейдин ар жери: сырты, ортосу жана каптал жактары тунарат.

Ядролук катаракта

Бул катаракта менен көбүнчө улгайып калган адамдар ооруйт. Мында каректин ортосу тунарат. Оорунун башталышында адам начар көрө баштайт. Алысты да, жакынды да бирдей көрөт жана бир нерсе учуп жүргөнсүй берет.

Катаракта оорусунун алгачкы белгилери

Ымыркайлар жана бала бакчадагы балдар оорунун белгилери тууралуу айта алышпайт. Эгер бала бакчадагы балаңыз басып баратып жыгыла же бир нерсени ала албай мүдүрүлүп түшө берсе, анда аны тезинен көз дарыгерине алып барыңыз. Ал эми мектеп жашындагы балдар досканы же алысты жакшы көрбөй жаткандыгын билдире алышат. Ал эми улгайып калган адамдардын көзү тумандап, тунарып, алысты, жакынды көрбөй калат.

Алмазбек Исманкуловдун “Көз микрохирургия” госпиталынын офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Эсентуровна көздүн катаракта оорусу тууралуу суроолорубузга жооп берет. 

– Чолпон айым, ымыркайлардын тубаса катаракта менен ооруганын кантип билүүгө болот?

– Ымыркай жаңы төрөлгөндө ата-энелери көбүнчө оорунун бар же жок экенин сезбейт. Кийин ата-эне жакындаганда баласы карабай башка жакты карап, үнүнө карата издеп баштаганда гана биле баштайт. Кээ бир ата-эне бала төрөлгөндө эле ымыркайынын көзүн карап байкашат. Алар баласынын көзүнүн кареги сүттөй аппак болуп калганын айтып, тезинен бизге кайрылышат. Биздин клиникага тубаса катаракта менен төрөлгөн балдарды алып келишет. Алар 3-5 күн же эки жума, айрымдарыныкы бир ай болуп калганда кайрылышат. Биз тубаса катаракта менен төрөлгөн балдарга операция жасайбыз.

– Катаракта оорусун операциясыз дарылоого болобу?

– Катаракта оорусун бир гана операция жолу менен айыктырабыз. Таблетка, дары жана капля менен кетпейт. Биздин клиника 2002-жылдан бери бул операцияны жаңы ыкма менен жасап келет. Анда чел кабыктын астына жасалма линза салынат.

– Жасалма линза деп калдыңыз, линза адамга кандай жардам берет жана ал көздүн формасына жараша тандалабы?

– Жасалма линза - бул адамга алысты жана жакынды көргөнгө жардам берет. Линзаны көздүн узундугуна карата көздүн минусу же плюсу барбы, алыс жана жакынды жакшы көрөбү ошого карап эсептеп, линзанын номери аныкталат. Линзанын номери аныкталгандан кийин операция жасалып, адамдын көзүнө линза салынат. Операциядан кийин адамдар көз айнек жок жүрө берүүгө болот.

– Линзанын сапаты жакшыбы жана кайдан алып келесиздер?

– Линзалардын сапаты аябай жакшы. Линзалар Америкадан алынып келинет. Америкадан алынып келинген линзалар Орусияда, Швецарияда жана башка чет мамлекеттерде да колдонулат. Бул линзанын да көп түрлөрү, мисалы, линзанын ультракөгүлтүр нурларды өткөрбөгөнү да бар.

– Катаракта операциясынын баасы канча турат?

– Бизде катарактанын операциясы кичинекей балдарга, мектеп жашындагыларга жана пенсиядагы адамдарга кичине арзандатуу менен жасалат. Болжолдуу баасы 17-35 миңге чейин жетет. Операциянын баасы кандай линза салынат жана операция учурунда кандай дарылар колдонулат ошого жараша болот.

– Катаракта оорусу кайсы учурда бат жетилип күчөп кетиши мүмкүн?

– Эгер адамда кант диабети, инфекция оорусу бар болсо жана кан басымы жогору болгон учурда көздүн түбүндөгү кан тамырлар жарылып кетет. Натыйжада катарактанын тезирээк бышып жетилишине жардамчы болот.

– Катаракта оорусунун алгачкы стадияларын үй шартында дарылоого мүмкүнбү?

– Катаракта жаңы башталып келе жатканда каректин ортосунда кичинекей чекит же жарака болушу мүмкүн. Жаңы башталып келе жатса биз операция жасай бербейбиз. 10 пайызга чейинкилерине көзгө тамызчу дарыларды жазып беребиз. Үйдө дарылоого болот деп койсок айрымдары өз алдынча дарылана башташат. Бул туура эмес. Көздүн көрүүсүнөн айрылып калуу коркунучу болгондуктан өз алдынча дарыланууну сунуштабайбыз.

– Катаракта болгондорго майлуу жана туздуу тамак-аш жегенге болбойт. Витаминдүү жашылча-жемиштер: сабиз, капуста, лимон, алма, карагат пайдалуу. Көздүн жакшы көрүүсүн кааласаңыз ар дайым карагатты жеп жүргөнүңүз жакшы. Карагат бышкандан түгөнгөнгө чейин күнүгө бир уучтан жеп жүрүү керек. Кышында карагат кагын пайдалануу зарыл.

 

Даткайым Досматова