Сурагым келет

Онкологиялык оорулардын ичинен эң кеңири тараган жагынан эмчек безинин рагы биринчи орунда турат. Ал акырындык менен аялзатын алсыз кылып, майыпка айлантып, жыйынтыгында өмүрүн алып тынат. Андыктан эмчек оорусуна байланышкан кичинекей суроо болсо да уялбай тийиштүү адистерден жооп алып, анын айтканын эки кылбай аткарууга аракет кылыңыздар. Бул ирет айымдардын эң назик органына байланышкан суроолорго Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнүн маммологу Алиев Ибрагимбек жооп берди.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: - Жашым 32де. Эмчегимдин ичине фибролипома чыкканын билгениме 6 ай болуп калды. Аны операция жолу менен алуу коркунучтуу эмеспи. "Шишикке бычак тийгизбеш керек" дешет го?

Динара, Бишкек шаары

Жооп: - Эмчекке кандай гана ириң, ыйлаакча же эт чыкпасын, аны сөзсүз түрдө операция жолу менен алып салуу керек. Азыр сиздин эмчегиңизде залалдуу эмес шишик бар. Бул залалдууга айланып кетпеш үчүн маммологдорго кайрылып тезинен алдырып салыңыз. Сизге окшоп “шишикке бычак тийгизбеш керек” деп кетип калган бейтаптар кийин келип көз жашын көлдөтүп эмчегин орду-түбү менен алдыртып жатышат.

 

Суроо: - 3 ай мурун балам ичимде өлүп калып гинекологдор жатынымды толук тазалашкан. Тазалаган соң бир жумага чейин сүт бездерим адам чыдагыс болуп ооруп, кийин жакшы болуп калган. Эми кайрадан ошондой катуу ооруп баштаганына бир жума болду. Бул эмнеден?

Назгүл, Кара-Балта шаары

Жооп: - Аялзатынын боюна бүткөндө жатын кеңейип, эмчекке сүт толуш керек деген белги мээге барып, жыйынтыгында организмде гормондор иштеп баштайт. Аялдын эмчеги чоңоюп, үрпү караят. Бул процесс гормондордун иштөөсүнөн улам пайда болот. Өз ишин тынымсыз аткарып жакшы иштеп жаткан гормондордун иши баланы алдырар менен күтүүсүз токтоп калды. 9 айга созулчу бул процес капысынан токтоп калганда организм аны толук кабыл ала албай кайра калыбына келгиче ооруксунтуу сөзсүз болот. Сиздики жогорудагы мисалда болуп жаткандыр. Бирок маммологго келип УЗИге түшүп бир жолу текшерүүдөн өтүп койгонуңуз оң.

 

Суроо: - Жашым 35де. Бир жума мурун маршруткадан бирөөнүн чыканагы сол эмчегиме катуу тийген. Ошондо эмчегим зырп этип ооруп барып басылып калган. Бирок 3-4 күндөн бери каалганы ачсам, катуу дем алсам, бир капталыма тез бурулсам, ордумдан турсам же олтурсам эмчегим ооруп жатат. Эмнеден улам оорушу мүмкүн? Ооруну басаңдатуучу майлар болсо сүйкөсөм болобу?

Нурайым, Токмок шаары

Жооп: - Бейтааныштын чыканагы эмчек бездеринин нервине тийген болуш керек. Нерв катуу сокку алган маалда ошол каптал дем алса да ооруй берет. Сиз бир жума катары менен күнүгө 2 жолу эмчегиңизди колуңуз менен тегерете акырын басып текшерип туруңуз. Эгер эмчегиңиз шишип, көгөрүп баштаса, тезинен УЗИге түшүп, бизге келип көрүнүп кетиңиз. Айрым учурда эмчек катуу жаракат алганда эмчекте шишик пайда болушу да мүмкүн. Ошол себептен мен УЗИнин кагазы жок көрбөй туруп сизге бир тараптуу “бул майды сүйкөп колдоно бериңиз” деп айта албайм.

 

Суроо: - Бир жарым жыл мурун кош бойлуулугумдун 5 айлыгында аборт жасаткам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин эмчегимден тунук суюктук чыга берет. Эмнеден улам минтип чыгып жатат? Негизи аборттон кийин биринчи айыз каны келгенге чейин суюктуктун чыкканы токтоп калыш керек беле?

Гүлжаз, Жети- –Огүз району

Жооп: - Негизи биринчи айыз канга чейин токтоп калыш керек эле. Эми токтобогон соң ага жардам берип токтотуу зарыл. Сизде пролактин деген гормон жогору. Ошол себептен эмчегиңизден суюктук чыгып жатат. Сиз алгач маммологго келип текшерилген соң гормондорго анализ тапшырыңыз. Эгер пролактин жогору болсо, анда аны түшүрүп нормага келтирүүчү атайын дарылануу курсунан өтүңүз.