Кайсы күнү туулгансыз?

“Адамдын тагдырына сандар сөзсүз таасир этет” дешет нумерологдор. Анын чындыгы бар экен. Туулган күнүңүзгө ылайык мүнөздөмөнү окуп өзүңүз тууралуу билиңиз.

 

25-ноябрь

Тагдыры: Тынч, жоопкерчиликтүү жана боорукер адамдар ушул күнү төрөлгөн. Жашоосунун биринчи жарымында ар кандай кыйынчылыктарга кабылышат. Бирок жардамын аябаган колдоочулары көп болгондуктан маселелерден арылып, турмуштук жагымдуу шарттарды түзө алышат. Алар мансапка жетип, үй-бүлөсү менен бакытта жашап, байлыгы жана өмүр жолу тегиз болот.

Ден соолугу: Буту менен кан айлануу системасынын ооруларынын алдын алуу боюнча чараларды көрүп, байкап туруусу керек.

 

 26- ноябрь

Тагдыры: Күчтүү, тайманбас адамдар. Өзүнүн көз карашын бийик коюп, көз карандысыздыгы менен айырмаланат. Эч качан башкалардын таасири астында болбойт. Өздөрү лидер болуп жана башкаларга таасир этет. Булар үчүн мактоо, артыкчылык диплому материалдык белектен да жашоодогу мыкты сыйлык болуп саналат. Акча маселелери болсо тез жана оңой чечилет.

Ден соолугу: Коркунучтуу, кооптуу иштерге жакын, алардын кесепетинен омурткасынан жана бутунан жаракат алуусу мүмкүн.

 

27 - ноябрь

Тагдыры: Туруктуу, өжөр адамдар ушул күнү жарык дүйнөгө келишет. Алар бактылуу жашоого жетүү үчүн максаттуу, чечкиндүү кадамга барышат. Булардын тагдыры өз колунда. Негизинен булардын жашоосу бактылуу окуяларга бай келет. Үй-бүлөлүк жашоосунда жубайы экөө бири-бирине шайкеш жана бактылуу болушат.

Ден соолугу: Толук кандуу уйку, туура тамактануу, физикалык жактан кыймылда болуу булардын ден соолугу үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет.

 

28 – ноябрь

Тагдыры: Бул күнү төрөлгөндөр кайраттуу, эр жүрөк, эмгекчил, таланттуу, ийгиликтүү болушат. Алар бир нерсени мыкты кылып көрсөтүп, жөндөмүн арттырганга шыктуу келишет. Аларга ар дайым таянып, ишенсе болот. Себеби кандайдыр бир жардам сураса кол сунууга даяр, башкаларга берилгендик жана ишенимдүүлүк менен мамиле кылышат. Андыктан алардан шек санабасак болот.

Ден соолугу: Аларга өпкө, кекиртегине көп кам көрүү, тамеки тартууну токтотуп, өпкө тутумунун абалын текшертүү сунушталат.

 

 29 - ноябрь

Тагдыры: 29-ноябрь күнү Жараткан жерге бактылуу, жагымдуу адамдарды алып келет. Бул адамдарда күчтүү эрк жана туруктуулук бар, күчтүү мүнөзгө ээ. Аларда башкаларга тымызын таасир бере турган зор күч бар. Көп нерсе булардын өзүнөн көз каранды. Эгерде жарык жолду тандаса, ийгилик жана жетишкендиктерге ээ болот. Кара жол болсо катаал жана терс натыйжага алып барат.

Ден соолугу: Сарсанаадан улам нерви чыңалып, депрессияга бат тушуккан адамдар. Сабырдуу болуп, анча-мынча нерселерге көңүл бурбаганы туура болот.

 

30 - ноябрь

Тагдыры: Ар тараптан таланттуу, максатын башкы орунга койгон адамдар. Кээде максаттарын ишке ашыруу үчүн башка нерселерди эсепке да албай коюшат. Чечим чыгарууда жаңылып өмүр бою адашып калышы толук мүмкүн. Өзүнө ишенимдүү, туруктуу, чечкиндүү болсо гана татыктуу жашоого жетишишет. Табиятынан тамашакөй, ар бир нерседен тамаша жаратып жиберген адам.

Ден соолугу: Бул күнү туулгандар ден соолугу чың, кайраттуу, энергиялуу болушат. Алардын ден соолугуна таза абада сейилдөө көбүрөөк пайдалуу.

 

1– декабрь

Тагдыры: Тоону ордунан жылдыра ала тургандай күчтүү, эрки бекем, ачык адамдар. Коомдун кызыкчылыгына караганда өзүнүн кызыкчылыгын алдыга коёт. Жаш кези оор болушу мүмкүн, алар кыйынчылык, азап, сыноо, нааразычылыктарга көп учурашат. Курагы келгенде туруктуулук, чечкиндүүлүгү менен ийгиликке, байлыкка жетип, гүлдөп турган шарттарды түзө алат.

Ден соолугу: Гормоналдык оорулары, башынын жана омурткасынын оорулары актуалдуу көйгөйү болот.

 

Алия ДАНИЯРОВА