Сурагым келет

Барган сайын оорулардын түрү күч алып, бизге бейтааныш оорулар арбып барат. Бул ирет инфекциялык оорулар тууралуу келген сурооолорго жооп издедик. Кызматта инфекционист, “Цадмир” медициналык борборунун директору Сапарбүбү Тобокалова болду.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: - Организмде токсиндер эмнеден улам пайда болушу мүмкүн? Бул суроону бергенимдин себеби: мен арак ичпейм, тамеки тартпайм, дары-дармек да ичпейм жана эч ким менен жыныстык байланышым жок. Лор жана неврологдор колунан келген бардык текшерүүлөрүн жүргүзүп баары жакшы экенин айтышты.

Гүлжигит, Сокулук району

Жооп: - Токсиндер кока кола, пепсиден, айрымдары ичкен-жеген тамактардан, уулуу заттардан жана иштеген чөйрөсүнө байланыштуу пайда болот. Мындан тышкары жашаган чөйрөсү да таасир берет. Организм токсиндерге ууланган маалды биз ууланган гепатит деп коёбуз. Бул учурда боор ооруп, адам саргайып, алы кетип, тамакка табити тартпай баштайт. Андыктан алгач сиз боордун клеткалары жабыркап же жабыркабаганын тактап, андан соң бир тараптуу дарылануу курсун жаздырып алыңыз.

 

Суроо: - Жолдошум экөөбүз балалуу болууну пландап жатабыз. Бирок ал гепатит Б, Д түрүнөн жабыркайт. “Гепатиттин аталган түрүнө каршы 3 жолу ийне алган соң кош бойлуулукту пландоого болот” деп уктум. Негизи кош бойлуулуктун алгачкы айында алуу керекпи же пландоого чейинби?

Бермет, Алай району

Жооп: - Жолдошуңуз гепатиттин Б, Д, тагыраагы, эки гепатиттин кошулмасы менен жабыркайт. Геппатиттин бул түрү кан аркылуу, жыныстык катнаш аркылуу жугуп жана энеден балага да өтүүсү мүмкүн. Гепатиттин Д түрү циррозго 7 жыл ичинде өтүп кетиши ыктымал. Себеби кооптуу делген Д түрү башка түрлөрүнө салыштырмалуу оор өтөт. Ошол себептен сиз дагы гепатитти жуктуруп албаганыңызды билиңиз. Эгер жуккан болсо, бирок оорунун белгилери билине элек туруп вакцина алсаңыз, оору күчөп кетет. Эгер жуга элек болсо, анда вакцина алыңыз. Толук кандуу дарыланбай туруп балалуу болууну пландасаңыз, анда болочоктогу балаңызга таасирин тийгизиши мүмкүн. Окурмандарга кошумчалап айта кетсем, гепатит Бга вакцина ала электердин баары вакцина алууга тийиш.

 

Суроо: - Зарна болуп, ичим көөп же ичим катып алсырап калам. Тамак ичсем эле өт тушум өйкөп, кыйналам. Анын айынан диета кармап майлуу тамактарды жебей калдым. “Ичиңде аскарида, лямблия деген курт бар, менде да ушундай болгон” деп жатышат. Эгер адамдын ичинде жогорудагыдай курттар бар болсо, аны кантип билүүгө болот? Эмне ичип, кайда дарылануум зарыл?

Темирлан, Аксы району

Жооп: - Лямблия курту ооруксунтуу бере албайт. Чоң адамдарда аскарида болушу мүмкүн, бирок мынчалык жабыркатпайт. Сизде холецистит, тагыраагы, өт жолдорунун сезгенүүсү бар. Өт жолдорунун сезгенүүсүндө ушундай белги болот. Силимарин, Альфа Нормикс же Рифаксимин дарыларын 1 таблеткадан 2 маал жети күн ичиңиз. Ичиңиз катпасы үчүн Дюфалак дарысын 20 миллилитрден бир маал күчтүү тамак ичкен маалда ичип туруңуз. Бирок вируска да бир жолу анализ тапшырып коюңуз.