Кайсы күнү туулгансыз?

“Адамдын тагдырына сандар сөзсүз таасир этет” дешет нумерологдор. Анын чындыгы бар экен. Туулган күнүңүзгө ылайык мүнөздөмөнү окуп өзүңүз тууралуу билиңиз.

 

2 - декабрь

Тагдыры: Шайыр, кең пейил, жадырап-жайнап жүргөн адамдар. Өтө амбициялуу эмес, бирок оптимисттик маанайда жүрөт. Адилет жана ишеничтүү келип, мыкты дос, жакшы кесиптеш, ишенимдүү өнөктөш болушат. Алар адамдарга жардам гана беришет, эч качан ара жолдо ташташпайт. Башкалардан талапты катуу койгондугу, акыл-насаатты көп айткандыгы менен айырмаланышат.

Ден соолугу: Майда болсо да баш, ашказан ооруларына олуттуу карашы керек. Болбосо алар көйгөйлүү ооруга айланып кетүүсү толук мүмкүн.

 

3 – декабрь

Тагдыры: Эрки абдан күчтүү, өзүнө ишенген, турмуш жолунда бир нерсеге оңой менен кадам таштабаган адам. Ар тараптуу таланты жана жөндөмү кайсы чөйрөдө болбосун, ийгиликке жетишине шарт түзөт. Алар дарылоо жана театралдык иштерге шыктуу келишет. Жашоодогу жолу болсо анын тарбияланганына, чөйрөсүнө жараша уланат. Тапкыч, идеяларын ишке ашырууга жолдуу адам.

Ден соолугу: Жумуш деп ден соолукту экинчи планга койбой, саламаттык тууралуу ойлонуп, убагында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруусу шарт.

 

 4 - декабрь

Тагдыры: Тагдырдын сүйүктүү адамдары туулушат. Алар - мыкты уюштургуч, лидер, өзүнө тартып турган кызыктуу адамдар. Анан да абдан чечен болгондуктан кайсы адам менен болбосун, бат тил табышат. Бирок мындай таланттуу адамдарга жоопкерчилик керек эмеспи. Эгерде жооркерчиликтүү болсо, жолу ачык болот. Кайдыгерлигинен кыйынчылыктан башы чыкпай, жыйынтыгында жалгыз калат.

Ден соолугу: Аргессиядан өзүн сакташы керек. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерден алыс болуп, туура тамактанууну билиши шарт.

 

5 – декабрь

Тагдыры: 5-декабрь күнү туулгандар карама-каршы мүнөздүн ээлери болушат. Бир эле учурда энергиялуу, оптимист, жашоону сүйгөн жана түнт да болуп калышат. Бакыт аларга ак көңүл, боорукер, чыдамдуулугу, кең пейилдиги менен келет. Бактысыздыктан алыс болуу үчүн өзүн татыктуу көрсөтүп, адилет болуп, башкаларга жакшы мамиле кылуусу керек.

Ден соолугу: Наркотикалык заттарга такыр жолобошу зарыл. Активдүү жашоо образында жашаса, ден соолугунда көйгөй деле болбойт.

 

6 - декабрь

Тагдыры: Кайраттуу, эр жүрөк, чыгармачылык жөндөмгө ээ адам. Тобокелге баргандан коркпогон амбициялуу келет. Коомдун назарында жүргөндү жактырат жана лидер болууга даяр. Жашоосу анын тандоосуна жараша болот. Эгерде туура жолду тандаса, жаркын, кубанычтуу турмуш өткөрөт. Жашоосунда бай болуп, ийгиликтердин үстүндө жүрөт.

Ден соолугу: Өпкө, кан тамыр, ашказан ооруларынын коркунучу жогору. Жашы улуулаган сайын ашыкча салмактан жабыркайт, туура тамактанууда жүргөнү туура.

 

7 - декабрь

Тагдыры: Жүзү жарык, жадырап-жайнаган адамдар жарык дүйнөгө келишет. Өзүнүн максатын, жолун, жетишкендиктерин жакшы билет. Акылман десе болот. Дайыма тыкан, эмгекчил жана максатына умтулган адам. Эгерде ал ишенимдүү кадам таштаса, жолу ачык. Булар ийгиликтүү дарыгер, музыкант же искусствонун чебери болушат. Эмгекчилдигинин арты менен турмушуна жакшы шарт түзө алат.

Ден соолугу: Нерв системасы сезимтал, андыктан стресстен качышы шарт. Аллергияны чакыруучу азыктарды чектеп колдонуулары шарт.

 

8 – декабрь

Тагдыры: Күчтүү инсан, алар чечкиндүү, чынчыл, эр жүрөк болушат. Бийликчил сапаттары болгону менен өзүнө ишенимсиз жана айланасындагыларга шектүү карап, коркуу менен жашайт. Жашоодогу ар кандай карама-каршы кырдаалдардан улам көп ызаланат. Досу үчүн акыркы канын, сүйгөнү үчүн акыркы демин берүүдөн аянбайт.

Ден соолугу: Ден соолугу бекем адам. Болгону аны туура сактоо тууралуу маалыматтарга ээ болуп, дарыгердин кеңешин уга жүрүүсү керек.

 

Алия ДАНИЯРОВА