Ийгиликсиз ата-энелердин ийгиликтүү балдары

Бардык эле адамдар идеалдуу жашоодо жашабайт. Анын сыңары, дүйнөгө белгилүү жылдыздардын жашоосу да кайсы бир учурда трагедия менен коштолгон. Өздөрү ийгилик жарата алганы менен үй-бүлө мүчөлөрү, ата-энелери ийгиликсиз тагдырга туш болгон. Демек, ийгиликтүү адамдар жалаң ийгиликтүү ата-энелерден төрөлөт деген түшүнүк туура эмес.

 

Криштиану Роналду

Испаниялык “Реал Мадрид” футбол тобунун башкы чабуулчусу Криштиану Роналду башынан өткөн окуялардан улам алкоголь менен наркотикалык заттар кандай коркунучтуу жыйынтыкка алып келерин жакшы билет. Анткени өзүнөн он жаш улуу агасы наркоман болуп араң айыккан, ал эми атасы арактын айынан боордун циррозу оорусуна кабылып каза болгон. Атасы Диниш аракеч болгону менен баласынын футбол менен машыкканын абдан жактырып, сыймыктанып, ал турсун, футбол мектебине чейин Криштианунун сумкасы, тобун көтөрүп жеткирип барган. Криштиану атасынын өлгөнү тууралуу суук кабарды 2006-жылы Орусия-Португалия матчына даярданып жаткан кезде уккан. Маанайынын жоктугуна карабай Москвага келип матчты өткөрүп кеткен. Ага чейин футболчу атасынын айыгып кетишине аябай жардам берген. Ар бир жолуккан сайын ооруканага жатып дарылануусун, канча каражат кетсе да баарын төлөрүн айтып турган. Бирок атасы дарыланууну каалаган эмес.

 

Шарлиз Терон

Түштүк африкалык 41 жаштагы актрисанын атасы аракеч болгон жана ичип алган күндөрү аялына, балдарына тынчтык берген эмес. Мындай көрүнүш чоң трагедия менен бүткөн. Атасы ичип келип Шарлиз менен аялын “өлтүрөм” деп коркуткан. Коркутуу чындыкка айланып, Шарлиз 15 жашында энесинин атасын атып өлтүргөнүнө күбө болгон. Бул тууралуу Шарлиз такыр эстегиси келбейт. Бирок анын башынан өткөн сыноо кийин тасмаларда үй-бүлө трагедиясына кабылган аялдардын ролун мыкты ойноосуна жардам берген.

 

 

Анжелина Жоли

Анжелина Жоли атасы менен азыркыга чейин байланышпайт. Анткени атасы белгилүү актёр Жон Войт Анжелина 1 жаш кезинде эле энеси экөөнү таштап кеткен. Ошондуктан азыркыга чейин атасына болгон таарынычы тарабай, ал гана эмес, бардык эркек затын жаман көрүп келет. Энесинин бактысыз болуп калуусуна атасынын башка аял менен жүрүп кеткендиги себеп болгон деп эсептейт. Ошон үчүн да атасын актриса үйлөнүү тоюна чакырган эмес. Азыр атасы кызынын жашоосу кандай өтүп жаткандыгын гезиттерден эле окуп билет.

 

 

 

Эминем

Америкалык рэпер Эминемди апасы 17 жашында төрөгөн. Атасы болсо ичип алып апасын уруп күн көрсөтчү эмес. Жыйынтыгында ата-энеси ажырашып кетишип, апасы Эминемди көтөрүп алып каражаттын жетишсиздигинен жер которуп көчүп жүргөн. Кийинчерээк апасы да арак ичип кетип Эминем экөөнүн мамилеси бузулат. 1999-жылы ал Эминемди маектеринин биринде апасын наркоман, аракеч деп атагандыгы үчүн сотко берген. Ырчы болсо 25 миң доллар компенсация төлөөгө мажбур болгон. Атасы тууралуу Эминем ойлоп да койбойт. Ал популярдуу болгондон кийин атасы баласына жолугуу үчүн бир нече жолу аракет кылган. Бирок Эминем баш тарткан. Журналисттерге берген маегинде: “Мен атам тууралуу эч качан билгим келбейт. Жадагалса сүрөтүн да көргөн эмесмин”, - дейт рэпер.

 

Мадонна

Поп-королева динчил адамдардын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Апасы алтынчы баласы боюнда кезинде эмчек рагына кабылгандыгын билет. Дарылануу натыйжалуу болбогонуна көзү жетип төрөгөнгө чейин дарылануудан баш тарткан. Бирок алтынчы баласын жарык дүйнөгө алып келгенден бир нече айдан кийин эле 30 жашында каза болот. Андан соң Мадоннанын атасы башка аялга үйлөнгөн. Бирок ал аял Мадоннага, анын бир туугандарына көңүл бурбай, өзүнүн эки баласын гана жакшы караган. Алардын үйүндө акча да жетишпегендиктен жарытылуу тамак жебей, жаңы кийим да кийишкен эмес. Мадонна наркоман эки улуу агасынын, өгөй энесинин жемесине чыдай албай мектепти бүтөрү менен үйдөн качып кетип, Нью-Йоркто эптеп иштеп күн өткөргөн.

 

 

 

 

Вера Брежнева

Украиналык ырчы, актриса, теле алып баруучу Вера Брежнева 11 жаш кезинде атасын автоунаа сүзүп кетип майып болуп калат. Апасы болсо пол жуугуч болуп иштегендиктен үй-бүлөсүн багууга жардам берүүгө туура келет. Сабактан кийин кафеде, базарда иштеп, кээде бала багуучулук да кылат. Акчанын жоктугунан кийин бүтүрүү кечесине да катышпай калат.

 

 

 

Шааркан Абдуллаева\