Гүлнара СЫДЫКБЕКОВА, кыякчы, ырчы: «Мен ракты ачкачылык менен жеңип келе жатам»

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин кыякчысы, акыркы учурларда ырчы катары да таанылып калган, «Маданияттын мыкты кызматкери», Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгинин ээси Гүлнара Сыдыкбекова сыртынан караган адамга дайыма жайдары маанайы, күлмүңдөгөн көзү менен жакшы таасир калтырат. Жадырап турган адамдын ичинде катылган сырлары, жан дүйнөсүн жабыркаткан көйгөйлөрү башкаларга кайдан билинсин.

– Гүлнара айым, жакында кайрымдуулук концертин өткөргөнү жатыптырсыз, максаты кандай?

– Ден соолугума байланыштуу тыйын жагынан кыйналып кайрымдуулук концерт уюштурганга мажбур болуп жатам. Концертти 3-декабрга белгилесем, майыптар күнүнө туш келип калыптыр. Өзүмдүн майыптыкка чыкканыма быйыл эки жыл болду. Белгиленген күнү кайрымдуулук жана өзүмдүн чыгармачылык концертимди өткөрөм. Концерт берип, түшкөн каражатка Түркияга барып ден соолугумду текшертип келсем деп жатам. Ал жакта мен жабыркаган рак оорусун аныктоочу ПЭТ деген аппарат бар экен. Аппарат башыңдан бутуңа чейин рак клеткасы кандай жайгашканын аныктайт экен. Ошол аппаратка болгон муктаждык менен ушул иштерди уюштуруп жатам. ПЭТ аппаратына түшүп келүүгө мынчалык кызыкканымдын себеби оң жак көкүрөгүмдүн учуна шишиктер чогулуп, жарылганы турат.

– Бул коркунучтуу ооруга кандайча кабылып калдыңыз?

– 2007-2008-жылдары кант диабети менен ооруп эндокринологдун каттоосуна тургам. Ошол жерден кан уюп, бул дартка кабылдым. Мен 13-датаны абдан жаман көрөм, анткени 2011-жылдын 13-январында эмчегимден экинчи стадиядагы залалдуу шишик аныкталды, рак экенимди билдим. Укканда абдан жаман болдум, Онкологиялык оорукананын айланасында баса албай калганча ыйлап жүрдүм. Жолдошума, балдарыма телефон чалганга алым келген жок. Акыры сиңдиме чалып, ал келип үйгө жеткирди. Ошондо абдан катуу стресс алдым.

– Ушундай жаман дарт менен жабыркап туруп кантип ырдап чыктыңыз?

– Ага чейин оркестрде кыл кыягымды эле ойноп жүрчүмүн, ырдап калам деп деле ойлогон эмесмин. Рак болгондон кийин позитивдүү жашоого ыктап Луиза Хей, Валерий Синельниковдордун китептерин окудум. Кийин Афанасий Владимирович деген корей улутундагы дарыгерге туш келдим. Ал: «Ак кайыңды кучактап ыйла же тоого чыгып алып кыйкыр», - деди эле, мен: «Кантип ыйлайм же кыйкырам, жинди белем?» - деп күлдүм. «Гүлнара, рак - кайгынын оорусу, сен анда аспабыңды ойно да, ырда. Адам ырдаганда ичиндеги буктун баары чыгат», - деди. Жолдошума айтсам, «ырдасаң ырда», - деп өзү иштеген «Арашан» тобунда Алтынай Нарбаева ырдап жүргөн «Сүйкүм элес» деген ырды угузду. Ыр жагып ырдай баштадым. Ооруп үйдө жатканда мени көрүп келген кишилерге ырдап берсем эле ыйлашат. Кийин аранжировка жасатып жаздырдым. Аны «Синемарт» продакшн студиясынын жетекчиси Арсен Мендебаевге угузсам, жактырып «клип тартабыз» деди. Аябай катуу ооруп, арыктап жүргөн кезим эле, ага карабай мени жасантып коюшту. Жасанып жүрүү алаксуу экен, алаксыйын деп атып беш клип тарттырдым. Бизде кыякчы кыздар көп, бирок төрт кылдуу кыяк менен италиялык композитор Витторио Монтинин "Чардаш" деген чыгармаcына 2012-жылы биринчи жолу клипти мен тарттым. Ошол корей дарыгерге жолуктурган Жаратканга ыраазымын. Болбосо ошол эле жылы Онкологиялык ооруканадагы Зинаида Карыбековна аттуу дарыгер эки эмчегимди кесмек. Ага кезекке туруп даярданып жаткам.

– Позитивдүү жашоо образынан сырткары рак менен күрөшүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Буга катар Афанасий Владимирович мага эт, нан жегенге, кара чай ичкенге тыюу салган. Мен сабиз, ашкабак ширеси, жашылча-жемиштер, кайнак суу, бал ичип жашап келе жатам. Ал дарыгерде 2012-жылга чейин көрүнүп жүрүп, кийин Алматыдан келген бир дарыгерге иштешкендер аркылуу жолугуп калдым. Ошол кезде метастаз кетип аткан кези эле. Алматылык дарыгер текшерип: «Метастаз эмчегиңден ылдый жагыңа кете элек экен, мен сени дарылайм», - деди. Мен ал аялды кучактап алып ыйладым. Анын айткандарына макул болуп отуз литрлик идиштен үчтү алып барып дарысын алдым. Алоказия деген чөпкө 95 пайыздык спиртти кошуп жасайт экен. Аны күн сайын ичип да, компресс да жасап аттым. Ошондон бери Алматыга ай сайын каттап 25-30 миң сомго дары алып келип дарыланып турам. Айлыгым болсо 6 миң сом. Азыр мен ар бир аткан таңды көрүп жатканыма шүгүр кылып, ушул жарык жашоону көргөзгөнүнө Кудайга ыраазы болуп жашайм. Мурда абдан толук элем, «арыкташ керек эле» дей берчүмүн. “Пенденин оозундагы Алланын кулагында” деп коюшат го, оорунун азабынан 20-22 килограммга арыктап 52-өлчөмдөн 38-өлчөмгө түшүп калдым. Азыр “арыктайм” дегендерге: «Антип айтпа, толук болсоң да көзүң күлүп, нур чачып турат. Ошол нур жок болбосун», - дейм. Бир кесиптешим мага: «Гүлнара, клибиңди көрүп ыйладым, клибиңде, ырдаганыңда сөз жок. Бирок ырдап атсаң да сенин көзүңдө муң турат», - деп айткан.

– Оркестрде үзгүлтүксүз эле иштеп атасызбы?

– Ооба, иштеп эле жүрөм. Филармониядагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп келе жатканыма быйыл отуз жыл болду. Филармониянын жетекчисине, администрацияга, башкы дирижёрлорго, кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем. Анткени менде кээде тура албай калган учурлар болот, кабыл алган дарыларды бөйрөгүм көтөрө албай шишип кетем. Ошонун баарын туура түшүнүшөт. Кыргызбай Осмонов агай: «Сенин ден соолугуңду аябай көп ойлоном”, - деп калат. Филармония - менин экинчи үйүм, кесиптештерим бир тууганымдай болуп калган. Бири-бирибиздин абалыбызды көзүбүздөн билип турабыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Үй-бүлөңүз кандай кабыл алды, аларга да оор болгондур?

– Жолдошум экөөбүз 1985-жылы үйлөнгөнбүз. Үч балабыз бар. Учурда беш неберелүү болдук. Жолдошум КРнын Эмгек сиңирген артисти. Мага эң чоң колдоо көрсөткөн - ушул адам. 5-6 жылдан бери мени багып, дарымды алып берип колума кол, бутума бут болуп келе жатат. Мага күйгөн, кыйналганымды, ооруганымды көрүп турган жалгыз жан. «Сен жадырап эле маңдайыбызда жүрө берсең болду», - деп калат. Балдарым абалымды тынбай сурап турушат. Адам алдына жакшы максат койсо, ошол кабыл болот. Менин да жакшы максаттарым бар. Биздин кыз-келиндер рак оорусу менен ооруп калса эле стресске кабылып, өзүн таштап коюшат экен. Кудай буюрса, айыксам, ошолорго арнап «Мен рак оорусун жеңдим» деген китеп чыгарсам дейм. Экинчи стадиядагы ракты айыктырса болот экен. Азыр мени көргөндөрдүн баары «ий, сени “ооруду” деп ким айтат» дей беришет. Чынында мен өзүмдү оорулуу кылып көрсөткүм келбейт, маанайым такыр жок болгондо да чачымды жасатып жүргөнгө аракет кылам. Онкологияга барсам эле ыйлап-сыктамай, «шишик чоңоюп бара жатат, эмчегиңди алдыр» дей беришет. Андан чыгып стрессимди жазайын деп дүкөнгө барып сатып албасам да кийимдерди карап «шопинг» кылам. Позитивдүү жашоо образы менен жашасаң эле баары артта калат экен. Абалым бир аз да болсо оңолуп эки килограмм салмак коштум, рационума балык менен тооктун этин аздан киргиздим.

– Эмнеге операция кылдыруудан баш тартып жатасыз?

– Операцияга бармакмын, бирок 1989-жылы эки бөйрөгүмдөн гломерулонефрит болуп ооругам. Бул ооруну бөйрөктүн рагы десе болот. Эки бөйрөгүм иштебей, андан улам Канат ата деген дарыгерге барып чөп ичип, укалоо алып, диета кармап канча жылдан бери өзүм менен өзүм болуп жүрөм. Бөйрөгүм азыр деле суук өтсө ооруп калат. Ошондуктан мен операцияны да, химияны да көтөрө албайм. 2011-жылы химия алып көргөм, бирок тура албай жатып калгам, анын зыяндуулугу да укмуш. Организмдеги заттар, витамин, кальцийдин баары өлөт. Мен ракты ачкачылык менен эле жеңип келе жатам. Эми ПЭТ аппаратына түшсөм, ал организмимде рак клеткалары кайсы жерлерде бар экенин аныктайт. Эгерде азыркы дарылануумдан жакшы жыйынтык болсо, операцияга барбай эле, дарылоону уланта берем. Ал эми метастаз башка жактарга кетип жаткан болсо, айла жок операция тууралуу ойлоном. Аппаратка түшүү бир жарым миң доллар турат экен. Андан сырткары дарыгердин кабыл алуусу 400-500 доллар, жол кире, жашаган жер болуп отуруп 4-5 миң доллар керек болууда. Учурдагы максатым кайрымдуулук концертимди ийгиликтүү өткөрүп алсам деген эле болуп турат. Концертти өткөрүп берем деп демилге көтөргөн Арсен Мендебаевге, “Ат-Башы” коомуна жана жердештериме ыраазычылык билдирем.

 

Динара ЧОКОЕВА