Адам эмне үчүн эстейт?

Эстөө – табигый процесс. Көпчүлүк адам эстегенде уйкусу келген болот деп ойлошот. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Уйку келгенде эле эмес, адам ойгонгондо, чарчаганда да эстейт. Эстөө тууралуу буга чейин көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, себеби канда кычкылтектин азайышы экендиги аныкталган. Кийинчерээк андан башка да себептери аныкталып окумуштуулар арасында талаш-тартыштар жаралган.

 

Эстөөнүн себептери

1. Мээнин кызып кетиши. Муну аныктоо үчүн америкалык окумуштуулар байкоо жүргүзүшкөн. Бир нече адамдарды эки топко бөлүп, биринчи топтогу адамдардын маңдайына муздак компресс, ал эми экинчи топтогу адамдардын маңдайына жылуу компресс коюшкан. Жыйынтыгында муздак компресс коюлган адамдар экинчи топтогу адамдарга караганда аз эстешкен.


2. Эмгекке болгон жөндөмдүүлүктүн азайышы. Адам активдүүлүгүн жоготкондо бардык органдар, системалар да жай иштеп баштайт. Натыйжада канда зат алмашуунун азыктары (мисалы, көмүр кычкыл газы) топтолуп адам эстей баштайт.


3. Нервге күч келүү. Мындан улам көбүнчө студенттер сынак алдында, артисттер сахнага чыгарда, парашютчулар парашюттан секирүү алдында эстешет.


4. Акыл-эс жактан чарчоо. Бул учурда мээ жакшы иштебей калат да, адам эстей баштайт.


5. Кычкылтектин жетишсиздиги. Бөлмөдө аба азайып баштаганда да мээ өз ишин жакшы аткарбай калат. Ошондуктан таза аба мээнин натыйжалуу иштеши үчүн маанилүү факторлордун бири болуп саналат.

 

Эстөөнүн пайдасы

– Эстөөнүн натыйжасында мээнин кан айлануусу жакшырат, зат алмашуу тездейт. Себеби эстегенде моюн, бет жана ооз көңдөйүндөгү булчуңдар активдүү иштеп, анын натыйжасында кан айлануу тездейт.

– Көз эс алат. Анткени эстеген учурда жаак булчуңдары ачылат. Алар болсо көрүү нервдери менен түздөн-түз байланышта.

– Өпкөдөгү аба тазаланат.

– Эстөөдөн улам кан кычкылтекке байыгандыктан беттин териси жашарат.

– Эстөө убагында адам керилүү менен арка, бут, колдогу булчуңдарга көнүгүү жасаган болот.

– Самолётто учуп баратканда эстөө да пайдалуу. Бул кулактын ачылышына жардам берет.

– Эстөө учурунда мурундун каналдары ачылат.

 

Эстөөнүн этикасы

Көпчүлүктүн алдында оозун чоң ачып эстөө жагымсыз көрүнүш. Ошондуктан эл көп жерде эстегиңиз келсе, оозуңузду жаап, үн чыгарбай эстеңиз. Ошондой эле сахнада же башка бир жерде сүйлөп жатып эстегиңиз келип кетсе, оозду жаап, абаны мурун аркылуу чыгарсаңыз, эстөөңүз басылат.

 

Эстөө жугуштуу

Эстөө – жугуштуу кубулуш. Адам эстеп жаткан адамды көргөндө, же эстеп жаткан адамдар бар видео, сүрөттү көргөндө эстейт. Андан сырткары эстөө тууралуу сөз болгондо, окуганда жана ойлогондо эстеп баштайт. Анткени адамдын мээсинин кыртышында нейрондор бар. Алар адам башка бирөө кылып жаткан кыймыл-аракетти көргөндө козголот. Ошондон улам бир адам эстегенде экинчи адам да кошо эстейт. Эстөөнүн жугуштуулугунун дагы бир себеби адамдардын туугандык жактан жакындыгында. Адистердин айтымында, алыс туугандар же тааныш эместерге эстөө жукпайт. Жакын туугандардын бири эстесе, экинчиси да кошо эстейт. Жугуштуу эстөөгө өзүн-өзү анализдөөгө жөндөмдүү адамдар да көп кабылышат. Ал эми аутизм менен ооруган балдар, анан 5 жашка чейинки балдар үчүн эстөө жугуштуу эмес. Анткени алардын башка адамдын эмоционалдык абалын, ички дүйнөсүн кабыл алуусу начар.

 

Эстөө эмнеден кабар берет?

Дайыма узак убакытка эстөө – кайсы бир оорунун белгиси. Мисалы, дененин температурасынын бузулушу, уйку маселеси, жогорку кан басымы, артериянын тамырда уюшу, склероз жана башка. Андан сырткары көп эстөө депрессиядан кабар берет. Анткени бул учурда канда кортизол стресс гормону жогорулайт. Гормоналдык бузулуу учурунда да адам көп эстейт. Ошондуктан көп эстөө тынчыңызды алса, дарыгерге кайрылып жүрөк, тамыр жана кан басымыңызды текшертишиңиз керек.

 

Кызыктуу фактылар

– Адамдар эле эмес, жаныбарлар, куштар да эстейт.

– Эненин курсагындагы түйүлдүк да эстейт.

– Эстөө 6 секундга чейин созулат.

– Тик караган абалда адам эстей албайт.

– Эркектерге караганда аялдар көп эстейт.

– Японияда жумушчулар тыныгуу маалында эстөө көнүгүүсүн жасашат. Бул эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү күчөтөт деп эсептешет.

 

Эстөө исламда

Эстөө шариатта жагымсыз нерсе катары сүрөттөлөт. Ибн Аббас тарабынан берилген хадистердин биринде мындай деп айтылат: “Бир күнү шайтан Аллахтын элчисине келип: “Мен намаз учурунда адамдын мурдуна үйлөйм. Ошондо ал эстей баштайт. Эгер алаканы менен оозун жаппаса, анда оозуна кирип алып ар кандай ойлорго салам. Анан ал адам мага баш ийип калат. Менин сөздөрүмдү угуп, мен айткан нерсени кылып калат”, - деп айтат. Мындан сырткары ислам дининде эстөө тууралуу төмөнкү хадистер айтылган:

– “Намаз учурундагы шайтандын жети тоскоолдуктары: мурундун каноосу, уйку келүү, ар кандай ойлорду ойлоо, эстөө, дененин бир жеринин кычышуусу, эки жакка кароо жана бир нерсени кармалоо” (Муслим, Тирмизи, Аль-Бухари).

– Аллахтын элчиси мындай деген: “Аллах чүчкүргөндү жактырат, а эстегенди жактырбайт. Эгер чүчкүрсөңөр, “альхамдулиллах” дегиле. Эстегиңер келсе оозуңарды колуңар менен жапкыла, мүмкүн болушунча эстөөнү басканга аракет кылгыла. Анткени адам эстегенде шайтан сүйүнөт, аны шылдыңдайт” (Аль-Бухари).

– Мухаммед пайгамбардын мындай сөзү бар: “Эстегенден кийин “астагфирулла” дегиле. Же болбосо эстегиңер келгенде терең дем алып жиберсеңер, эстөөңөр басылат”.

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА