Манасчылар кандай ата, кандай кожоюн?

Жер үстүндө кыргыз барда “Манас” дүйнө элин таң калтыра берет. Себеби элибиз кайсы заманда болбосун, кыргыз жүзүн манасчылары менен таанытып, кыргыз дүйнөсүн манасчылары менен даңазалап келет. Заманыбыздын белгилүү манасчылары да ушул улуу жүктү көтөрүп келишет. Өткөн жумада жети күн, жети түн “Манас” айтуу иш-чарасы уюштурулуп, анда өлкө аймагынан келген манасчылар күн-түн дебей “Манас” айтышты. Биз “Жеңелерден жетик кеп” рубрикабыздын алкагында белгилүү манасчылардын бейнесин жубайларынын айтуусу менен таанууга аракет кылабыз.

 

Рыспай Исаковдун жубайы Гүлкайыр: “Кимге аял болуп баратканымды ойлонгон эмес экенмин”

Анкета

Аты-жөнү: Гүлкайыр Исакова

Кесиби: экономист

Бирге жашаган жылы: 10 жыл

Балдары: Эки кыз, бир уул

– Манасчылар эл үчүн өзгөчө адам сезилет, чындыгында эле ошондойбу?

– Мен Рыспайды башкалардай эле адам дейт элем. Анчейин таң кала турган деле артыкчылыгы жок. Үй-бүлөсүнө байкалган артыкчылыгы – аны эл тааныйт, баалайт, сыйлайт. Ушундай адам биздин жакыныбыз экенине балдарым баш болуп баарыбыз сыймыктанабыз.

– Илгерки манасчылардын уйкуда жатып “Манас” айтып токтоно албагандарын окуганбыз...

– Ырас, атабыз үйдөн “Манас” айтат. Бирок сиз айткандай көрүнүштөргө бирге жашаган он жыл ичинде бир да жолу күбө болгон жокмун. Рыспай балдарыбыз төрөлгөнү аларга “Манас” айтып берип келет. Күпүлдөп кадимкисиндей айтып берет, жай сөз менен түшүндүрүп айтып берет, уктарында ыр кылып да айтат. Мен уулумдун атасындай болушун каалайм. Азыртан ага «Манас» жаттатып «Манас» дүйнөсүн кеңири таанышына аракет кылып жатам.

– Турмушка чыгарыңызда келечектеги белгилүү инсанга жар болуп баратканыңызды билгенсизби?

– Ал кезде болгону 18 жашта элем. Чынын айтсам, кимге аял болуп баратканымды ойлонгон деле эмес экенмин. Бир билгеним - мен аны таянар тоо, ишеничтүү коргоочу катары кабыл алгам. Ушул жагынан жаңылбаптырмын, ал ишеничим акталды. Рыспай - сыртынан каардуу, сүрдүү көрүнгөнү менен мээримдүү адам. Ушул кезге чейин мага катуу айтып көңүлүмдү ооруткан жок. Балдарына да абдан жумшак ата. Аларды эки жакка алып чыкканды, үйдө ат болуп берип ойнотконду жакшы көрөт.

– Жолдошуңуз жети күн, жети түн бою үйдө болбой «Манас» айтууда жүрдү. Мындай учурларда сизге бир топ эле түйшүк түшсө керек?

– Ооба, Рыспайдын ишине ылайык балдар менен жалгыз калуу көп эле болот. Башында мындайга чыдабай таарынып калчумун. Бара-бара көнүп, Рыспайдын жок экенин билдирбей ичти деле, тышты деле өзүм кылып калдым. Кубанганым - жолдошум кылгандарымды баалап турат.

 

 

Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс: «Дөөлөт «Манас» айтпай калса ооруп калат"

Анкета

Аты-жөнү: Ырыс Окенова

Кесиби: режиссёр

Бирге жашаган жылы: 9 жыл

Балдары: Үч уул, бир кыз

– Ырыс айым, бир жумага созулган «Манас» айтууда жолдошуңуздун «Манас» айтуусуна күбө болдуңузбу?

– Ооба, балдарым менен барып бардык эле манасчылардын айтуусун көрүп жаттык. Бара албай калган маалда сайттагы түз көрсөтүүдөн көрүүгө убакыт таап жаттым. Дөөлөт жумалыктын 5-күнү 4 сааттай өзгөчө берилүү менен айтты. Бул маалда көз жашы төгүлүп, башкача эргүүдө болду.

– Эмоцияга берилген мындай абал манасчынын ден соолугуна зыян келтирбейби?

– Менин билишимче, мындай абалдарда эмес, «Манас» айтпай калган маалда кыйналып калат. Андайда чын эле ден соолугуна залака болушу мүмкүн. Ошондон улам Дөөлөт “Манас” айтып бер” деп чакырган жерлердин биринен да калбайт. Бир эле адам суранса дагы анын суранычын жерге калтырбай отуруп алып “Манасын” айта берет.

– “Манасчыларда элирип айтуу, ээ бербей калуу дегендер болот” деп угабыз. Сиз жолдошуңуздун бул сыяктуу абалдарына күбө болдуңуз беле?

– Дөөлөттө азыр андай нерселер жок. Айтып бергенине караганда, бала кезинде, 12-13 жаштарында алгач ирет «Манас» айта баштаптыр. Ошол кезде «Манас» дүйнөсүнө толук аралаша албай жогоруда айтылгандай көрүнүштөр болгон экен. Анан кайнатам улуулардан укканы боюнча жол-жобосун кылгандан кийин баягы акыбалдардан кутулуп, “Манасты” эркин айтып калыптыр. Мен андай өзгөчө абалын көрбөсөм да ага дайыма таң калуу менен карап келем. Дөөлөт - кадимки жашоодо өтө тамашакөй, позитивдүү адам. «Манас» айтууга келгенде таптакыр башкача болуп өзгөрүп кетет. Күпүлдөп «Манас» айтып турганын көрүп бирде суктанып, жакшы көрүүм артса, бир туруп анын сүрүнөн чочулайм. Айтып бүткөн соң дароо жанына бара албай, эмнегедир андан коркуп калам. Бир ирет бул тууралуу өзүнө айтып берсем күлүп койгон.

– Чыгармачыл адамдар түйшүккө түшүп иштөөдөн алыс болушат эмеспи, үй-бүлөсүн кандай камсыздайт?

– Дөөлөт абдан баласаак. Балдары үчүн баарын кылат. Өзү бир учурда “Саякбай” коомдук фондунда жана КТРКда эркин алып баруучу болуп иштейт. Андан тышкары ар кандай долбоорлор менен да иш алып барат. Айтор, “Манастан” тышкаркы жашоодо ал биздин карапайым эле атабыз.

 

Улан Исмаиловдун жубайы Элиза:“Түндө аян алып «Манас» айтарын билбей ойготуп ийиптирмин”

Анкета

Аты-жөнү: Элиза Эшимова

Кесиби: филолог

Бирге жашаган жылы: 8 жыл

Балдары: Үч уул, бир кыз

– Манасчынын аялы экениңизге сыймыктанасызбы?

– Манасчылык жөн эле сыймык, жөн эле атактуулук эмес экен. Манасчылар оор жүктү алып жүрүшөт. Күн-түн дебей бирде жумалап, бирде айлап алыстарга «Манас» айтып кетип калат. Мен ушунун баарын чыдап көтөрүп, андай учурларда балдарыма эне эле эмес, ата да болуп келем. Ашкере сыймык деп деле айтпайм. Башкысы жакшы адамга жакшы жубай болгонго аракет кылам. Жолдошумду бул жагынан туура түшүнүүм ишине кошкон салымым болсо керек деп ойлойм. Башында манасчынын жашоосу башкача экенин билбей, түндө аян алып «Манас» айтып атса чочулап ойготуп ийген күндөрүм болгон. Азыр баарын жакшы билип калдым. Ага эч жолтоо болбойм.

– Турмушка чыгарда жолдошуңуздун манасчы экенин билген эмес белеңиз?

– Мен 11-классты аяктап эле турмушка чыгып кеткем. Жолдошумдун манасчы экенин билгеним менен манасчы деген кандай адам болорун билбеген бала болуптурмун да. Жаңы келин болуп барган кезде кайын журтум деле, Улан өзү деле мага эч нерсе айтып, эскертип коюшпаптыр. Жашаганыбызга эки айдай болуп калса керек эле, бир түнү катуу уктап кетиптирмин. Уландын ышкырганынан улам ойгонуп кеттим. Анан коркуп кетип аны ойготуп ийгем. Кийин да көнө албай 1-2 жолу ойготуп жибердим. Анан ал баарын түшүндүрүп бергенден кийин кадыресе көрүнүш катары кабыл алып калдым.

– Мындай көрүнүш канча убакта бир кайталанат?

– Ар кандай, бир айда бир же бир нече жолу болушу мүмкүн. Бара-бара сырын билип калдым деп жатпаймынбы, кээде ал түндө Уланга аян келерин алдын ала байкайм. Өңү, көзү өзгөрүп башкача акыбалда болуп баштайт. Андайда сак жатам. Улан уйкусунда «Манас» айта баштаган маалда туруп жоолугумду салынып, келме айтып, чыныга суу алып келип астына коюп коём. Айрым учурда 3-4 саатка чейин айтат, мен угуп отура берем. Айтып бүткөн соң сууну ичип жатып алат. Көп учурда эртеси түндө «Манас» айтканын билбей калат. Мен айтып берсем таң калган учурлары болот. Андай түндөрдүн эртеси көздөрү ооруп кыйналган абалда жүрөт.

– Өзүнүн мүнөзү кандай адам?

– Улан кырс, көп сүйлөбөйт. Үй-бүлөгө абдан жоопкерчиликтүү. Балдарына камкор ата.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА