Нуриса жана Таалайкан АБАЗОВАлардын апасы Шарниза апа: «Эки кызымдын артист эмес, мугалим болушун каалагам»

Эне үчүн баласынын элге таанымал адам болушу, албетте, сыймык. Шарниза апа - андай бакытка эки эсе ээ эне. Себеби белгилүү актриса Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазова - дал ушул эненин эрке кыздары. Жакында «Баатыр эне» наамына ээ болуп, балдарынын төрүндө балпайып олтурган энени кепке тартып таланттуу кыздары тууралуу маек курдук.

– Апа, канча баланын энесисиз, таланттуу кыздарыңыз канчанчылары?

– Менин сегиз балам бар. Төрт кыз, төрт уул. Таалайкан - экинчи, Нуриса - бешинчи кызым. Уул-кыздарымдын баары үй-жайлуу, 23 неберем, 2 чөбөрөм бар. Биз Токтогул районунун Торкент айылында турабыз. Жашым 70ке карап калды. Учурунда соода тармагында иштегем, азыр пенсиядамын. Кыздарымдын атасы фельдшер болчу. Бирок фельдшер болгону менен доктурдан кыйын адис, элге таанымал киши эле. Оорулууга диагнозду дайыма туура койгондуктан райондун дарыгерлери анын жазганын туура дешчү. Төрт жыл мурун 73 жашында көзү өтүп кетти. Жалгыз иниси бар эле, ал каза болгондон кийин өзүн таштап жиберди окшойт, күйүттө жүрүп ооруп, ооруга алдырып койду.

– Кыздарыңыз бала кездеринен эле таланттуу беле?

– Ооба, экөө тең кенедейинен чыгармачылыкка жакын өсүштү. Таалайкан арык, кичинекей кыз болчу. Эртең менен эрте туруп алып кошуналардыкына кетип калчу. Барып алып аларга: «Ии, силер тура элексиңерби? Биз туруп, чай ичип жумушка кетип атабыз», - дечү экен. Кошуналар «Таалайкан бизди уят кылды» деп күлүшөр эле. Ал шайыр, күлкүчү, бирөөнүн ичи-койнуна кирип кеткен кыз болчу. Дайыма кишини күлдүрүп тургандыктан аны уруша алчу эмесмин. Нуриса болсо оор басырыктуу, орду менен күлгөн, анча-мынчаны жактырбаган мүнөзгө ээ эле. Эркек балдар менен көп ойноп, эркек баладай жүрчү. Тентек да, эрке да эле. Эжеси экөө ырдап эле отурушчу. Айылдын маданият үйү үйгө жакын эле, ал жактан музыка угулса кыздарым эшикке чыгып алып бийлешчү. Биз эшикке чыксак дароо токтоп калышчу, андыктан байкамаксан болчубуз. Мектептен Таалайкан индия бийин бийлеп жүрдү, Нуриса анын кылгандарын кайталап чоңойду. Коңшулаш айылдарды кыдырып концерт коюп да кетишчү. Балдарымдын баары мектепте жакшы окушчу, мугалимдерден бир тескери пикир уккан эмесмин.

– Чыгармачылыкка жакындыгы сиздерди кубандырчу беле?

– Ал учурда артист деген бизге өөн учурачу да, кыздардын баары мугалимдикке окушчу. Андыктан мен да кыздарыма: «Мугалимдин окуусуна окугула. Ошондо деле музыка сабагынан берген мугалим болсоңор болот», - дечүмүн. Бирок алар макул болушчу эмес. Таалайкан мектепти бүтүп артисттин окуусуна кетип атканда: «Мугалим бол», - десем көнбөдү. Кайним: «Жеңе, жолун тоспоңуз», - деп, ошону менен унчукпай калдым. Кийин Нурисаны да мугалим болууга көндүрүүгө аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Болбосо Таалайкан менен Нурисанын мугалим болушун каалагам.

– Кыздарыңызды сахнадан, теледен биринчи ирет көргөнүңүз эсиңиздедир?

– Ал учурда азыркыдай программа деле жок. “Таалайкан тартылган тасма болот экен” деп угуп телевизорду тегеректеп отуруп «Өзөктөгү өрт» деген тасманы көрдүк. Тасма бандиттер тууралуу экен да, Таалайканды кабат үйдөн ыргытышканда чын кабыл алып, кызым эмне болду деп калчылдап, демим чыкпай өлүп калайын дегем. Кийин бара-бара андай коркунучтуу тасмаларга көнүп калдым. Ал эми Нуриса Бек менен ырдап чыккандан кийин экөө Бишкекте чоң концерт коюшуп мени чакырышкан. Ошондо кызымды биринчи жолу чоң сахнадан көргөм. Нуриса кичинекей, тыпыйган кыз эле, эл алдына ырдап чыкканына кубанып «ии, кызым адам болот экен» деп сүйүнгөм. Ошол концертте мен да сахнага чыгып, эл алдында сүйлөп каалоо-тилегимди айткам. Азыр алардын кылган иштери тууралуу жаңылыктарды угуп турам. Теледен көргөндө башта толкунданчумун, эми көнүп бүттүм. Неберелерим «апа, апа, эжем чыкты» деп мени чакырып калышат. Нуриса ырдаганда үнүн уккум келип эле ээсим ооп карап тура берем. Таалайкан тартылган «Үзүлбөгөн үзөңгү» тасмасын жактырып көрөм.

– Дагы бир таланттуу уулуңуз бар эле, ал учурда эмне менен алектенет?

– Ооба, Чыңгыз деген уулум да таланттуу актёр. Ал 1-курсту аяктагандан кийин «Апамдын махабаты» тасмасына тартылган. Кийин окуусун бүтүп театрда иштеп жүргөн, бирок ал жеринде айлык аз экен. Үй-бүлө куруп, эки балага ата болгондо театрдан чыгып кетти. Үй-бүлөсүн камсыздаш керек болду дегендей. Азыр бизнес тармагында иштеп жатат. Бирок театрда иштеп калгандан кийин андан таптакыр алыстап кете албайт экен, барып турат. Акыры кайра эле ошол жагына барат го.

– Үч балаңыз талантуу экен, калгандары кандай кесиптин ээлери?

– Тун кызым Арзыкан Москвадан текстилдик окуу жайды аяктаган, базар экономикасына байланыштуу соода тармагына өтүп, учурда Орусиянын Новосибирск шаарында иштейт. Балдарымдын улуусу Бакыт да бизнесте жүрөт. Таалайкандан кийинкиси Маралкан тикмечилик боюнча билим алган, азыр үй-жайлуу, бизге кошуна айылда жашайт. Нурисадан кийинки уулум Орусияда прораб, электрик болуп иштейт. Риас уулум - айылдагы үйүбүздүн кожоюну, мен ошол уулумдун колундамын. Кенжебиз Чыңгыз, жогоруда айткандай, театралдык окуу жайды бүткөн.  

– Азыр балдарыңыздын чыгармачыл адам экенине сыймыктанып калдыңызбы?

– Ооба, сыймыктанам. Таалайкан Москвада төрт жыл окуп, чыгармачылыктын арты менен жүрүп жолдошу Алтынбек (Максүтов - ред.) менен таанышып, турмуш курду. Азыр эки кыз, бир уулдуу болуп бактылуу өмүр сүрүп атышат. Нуриса болсо турмушка кеч чыкпадыбы. Анын курагындагылардын алды кыз берип, келин алып атат. Ошондуктан ал турмушка чыкпай жүргөн кезде “башка кесиптин ээси болсо, эмдигиче турмушка чыгып кетет беле?” деп калчумун. Бардык нерсе Жараткандын буйругу менен болот экен, эми Нуриса да үй-жайлуу болуп калды.

– Күйөө балдарыңыз көңүлүңүздөгүдөйбү?

– Кудайга шүгүр, күйөө балдарым жакшы, апалап эле турушат. Шаарга барып калсам кучактап, көтөрүп, бетимден өөп сыйлашат. Алтынбек элпек, кичи пейил, жөнөкөй, министр болгондон кийин деле ошол калыбынан жазган жок. Нурисанын жолдошу да кичи пейил, адамгерчиликтүү.

– Нуриса эженин жолдошу чыгармачылыгына кандай карайт, дегеним, чыгармачылыктан алыстап кеткендей?

– Нуриса музыкалык жактан жогорку окуу жайда окуп, быйыл аяктады. Бирок диплому колуна тие элек. Эми диплом алса иштеп баштайт го. Кызын да чоңойтуп алды. Азыр төрт жашта, уюлдук телефондон мени менен аябай сүйлөшөт. Шаарга барганда ойнотуп койчумун, «таене, качан келесиз, качан ойнотосуз?» - деп калат. Былтыр ден соолугум жакшы болбой шаарга барып ооруканага көрүнүп жүрүп быйыл эле келдим. Карыган кишиге айылдын жыты эле дары.

– Кыздарыңыздын кимиси өтө күйүмдүү?

– Кыздын баары эле ата-энеге күйүмдүү болот экен. Мени эки кызым бирдей эле ойлоп турушат. Таалайкан көп учурда жумушунан бошобой: “Телефон чала албай калдым”, - деп калат, Нуриса болсо тынбай чалып абалымды сурап турат. Шаарга барганымда да Нурисанын колуна барам.

– Балдарыңызга талант кимден өткөн?

– Таякелери Токтогул Сатылганов туулган жактан. Болбосо атасы экөөбүз тең чыгармачылыктан алыс адамдарбыз. Ошол тайларынан өттү деп ойлойм.

– Кыздарыңыздын чыгармачылыгына сын айтасызбы?

– Сын айтпайм, жөн гана «бул жери мындай болуп калыптыр го, эмнеге?» - деп сурап калам. Алар түшүндүрүп беришет. Таалайканды «Свет аке» тасмасынан биринчи көргөндө уялып абдан жаман болгом (күлүп). Таалайканга: «Жуунтпай эле башын эле жуусаң болбойт беле?» - десем, «апа, ал тасманын сценарийи ошондой да», - дейт, «уялган жоксуңбу?» - десем, «бизди ошол ролго көндүрөт», - деген. Эми алардын жумушу ошондой экен да, өздөрү каалап атса сындай бергеним туура эмес го. Негизи кыздарым мага жаркырап айдай эле көрүнөт.

 

Динара ЧОКОЕВА