Сурагым келет

 “Сурагым келет” рубрикасы бул ирет майыптыгы, жаш курагы боюнча пенсия алуу жана ата-энесинен ажырагандарга берилүүчү жөлөк пул тууралуу келип түшкөн суроолорго жооп издейт. Суроолорго Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевич жооп берет.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: - Учурда 80 жаштагы апамды жалгыз багып жатам. “Карыларды багып жаткандарга Соцфонд айлык чегерип берет” деп угуп калдым. Эгер бул чын болсо, мен кимге жана кайсы жерге кайрылсам болот?

Анаркул, Сокулук району

Жооп: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, 80 жаштагы адамды баккан мезгилдер камсыздандыруу стажы катары пенсия чегерүүдө эсепке алынат, ал эми аны баккан боюнча айлык чегерилбейт.

 

Суроо: - Жакында сиңдим узакка созулган оорудан көз жумду. Анын жалгыз майып кызы бар эле. Учурда 13 жашта, баспайт, эртеден кечке майыптар арабасында олтурат. Ал кыз менин колумда калды. Атасы болсо кызынын майып экенин укканда эле үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кыз майыптыгы боюнча жөлөк пул алат. Эми апасы каза болгондугу тууралуу документти өткөрүп экинчи пенсияны чегерүүгө болобу?

Нуржамал, Токмок шаары

Жооп:- Эгерде жээниңиз социалдык жөлөк пул алып жаткан болсо, анда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, багуусунан ажырагандыгы боюнча жөлөк пул чегертип ала аласыз.

 

Суроо: - Атам студент кезинде Орусиянын жарандыгын алып жашап, иштеген экен. 2 жыл мурун мекенине кайтып келген, учурда кыргыз жараны. Эми атама пенсия чегерилеби?

Расул, Ош шаары

Жооп: - Атаңыздын 1995-жылдын 31-декабрына чейин иштегени аныкталып, камсыздандыруусу бар болсо, анда пенсия чегерилет.

 

Суроо: - 54 жаштамын. Төрөлгөндөн ушул жашка чейин майыптыгым боюнча жөлөк пул алып келгем. 2-3 айдан кийин пенсия жашына чыгам. Жаш курактагы пенсия мага чегерилеби же майыптыгым үчүн алган пенсияны эле эсептеп коюшабы?

Нуржамал, Алай району

Жооп: - Сизге эки пенсия чегерүү мүмкүн эмес. Эгерде карылык боюнча пенсияңыз аз болуп калса, майыптык боюнча пенсияңызды тандап алууга укугуңуз бар.

 

Суроо: - 48 жаштамын. Ушуга чейин мамлекеттик бир да иште иштеген жокмун. Себеби чакан дүкөн ачып, аны өмүр бою иштетип, мамлекетке ай сайын салык төлөп келдим. Салык төлөп турганым үчүн мага пенсия чегерилеби?

Айгүл, Кара-Жыгач конушу

Жооп:- Тилекке каршы, салык менен социалдык төгүмдөр ар башка. Сиз жеке иш алып барып өзүңүзгө киреше тапкандыгыңыз үчүн мамлекеттин бюджетине салык төлөйсүз, ал эми социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү келечекте пенсия алуу үчүн төлөнөт. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо пенсия жаш курагына жеткенге чейин ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, тийиштүү стажды толуктап алсаңыз болот. Ыктыярдуу камсыздандырууну кааласаңыз, өзүңүз жашаган райондун социалдык фондунун райондук башкармалыгына кайрылыңыз. Алар сизге эрежени түшүндүрүп беришет. 

 

Даткайым ДОСМАТОВА