Кайсы күнү туулгансыз?

“Адамдын тагдырына сандар сөзсүз таасир этет” дешет нумерологдор. Анын чындыгы бар экен. Туулган күнүңүзгө ылайык мүнөздөмөнү окуп өзүңүз тууралуу билиңиз.

 

17 - декабрь

Тагдыры: Абдан күчтүү, чечкиндүү, бийликчил, менменсинген, орой, энергиялуу инсан. Дайыма бир нерсе аткарарда этиеттикти карманышат. Ар тараптан таланттуу, чыдамдуу. Өжөрдүгү менен жашоодо дайыма өз ордун таба билишет. Бирок көп учурда башкаларга жасаган, текебер, кемсинткен, басынткан мамилелери алардын алдыга карай өсүшүнө тоскоол болот.

Ден соолугу: Зыяндуу жана өтө калориялуу азыктардан баш тартып, майлуу этти жана сүт азыктарын чектеши керек.

 

18 - декабрь

Тагдыры: Ар тараптан таланттуу, максаттуу жана күчтүү мүнөздөгү, адилеттүүлүктү жактырган, чечкиндүү адам. Жашоого болгон олуттуу көз караштары менен айырмаланышат. Күтүлбөгөн тез жана чечүүчү кырдаалдардан жол таба билет. Каржылык абалы жогорку көрсөткүчтө. Булардан атактуу окумуштуу жана таланттуу саясатчы чыгат.

Ден соолугу: Жумуштагы оорчулук, үйдөгү уруш-талаш, чала уйку нервине күч келтирип, организмине терс таасир этип түрдүү ооруларды козгошу ыктымал.

 

19 – декабрь

Тагдыры: Күчтүү, эр жүрөк, ак ниет мүнөздөгү адам, эркиндикти абдан сүйөт, калпты жаман көрүп, баарына оптимисттик маанайда карайт. Кимге болсо, ишене берет. Табиятынан акылдуу, бирок шашылыш кырдаалдарда чыдамы, тынчы жок болуп, өзүн колго ала албай калат. Андыктан өзүн эрктүүлүккө, чыдамдуулукка тарбиялашы керек.

Ден соолугу: Алкоголь, наркотик сыяктуу жаман адаттардан алыс болуулары керек. Булардын ден соолугу үчүн таза аба, дене тарбия көнүгүүлөрү маанилүү.

 

20 - декабрь

Тагдыры: Чечкиндүү, көздөгөнүнө жетүүгө умтулган, туруктуу жана эрктүү инсан. Жашоодо жагымдуу шарттар болот, активдүү жашашат. Максаттарына жетүү үчүн болгон энергиясын, туруктуулук жана чечкиндүүлүк менен жумшайт. Дайыма оптимисттик маанай менен жашап, көйгөйлөрдөн коркпойт. Таланттуу адам, өзгөчө чечендик өнөрү мыкты өнүккөн.

Ден соолугу: Чың ден соолугу, мыкты табити, жашоодогу түгөнбөгөн энергиясы менен өзгөчөлөнгөн булар ден соолугу үчүн эмне керектигин жакшы билишет.

 

21 - декабрь

Тагдыры: Абдан романтик, курулай эле ар нерседен шектене беришет жана өзүнүн кемчиликтерин моюндашпайт. Кээде өзүнө-өзү капа болуп, депрессияга түшүп калышат. Өзүн баалай билишпейт, жан дүйнөсүндө “жаңылып калсам кантем?” деген коркунуч жашайт. Чечкинсиздигинин, жөндөмсүздүгүнүн кесепетинен кырдаалдан оңой менен чыга алышпайт.

Ден соолугу: Көп учурда стресс менен күрөшөт. Капа, ачуу, таарынычтан улам агрессивдүү болуп келишет, андан арылбаса ден соолугу үчүн коркунучтуу.

 

22 - декабрь

Тагдыры: Жашоодогу жолу оор болот. Эгерде тоскоолдуктардан жеңип, күнөөлөрүнөн арылса, жаркын келечек күтөт. Кыйынчылыктары жеңиш менен аяктайт. Өзү да адамдык сапаттарын сактап калса, ак көңүл, боорукер, акылман бойдон калат. Кудай куруп берген талантын өнүктүрүп кетүүсү шарт.

Ден соолугу: Жашы өткөндө сөөк оорулары жармашып көйгөй жаратат. Жашынан көнүгүүлөрдү жасап, йога менен машыгып жүргөнү жакшы.

 

23 - декабрь

Тагдыры: Амбициялуу жана көз карандысыз адам. Чечкиндүүлүгүнө сөз жок, мыкты уюштургуч, максат коё билет. Алысты көрө билген жакшы сапаты ар кандай каталарды кетирбөөсүнө жардам берет. Никеден бактылуу, каржы жагынан ийгиликтүү болушат. Жөндөмүн медицина баштаган илимдин ар түрүнөн сынаса болот. Эмгектен аянбашы керек. 

Ден соолугу: Жашы өткөн сайын ден соолугуна көңүл бурушу шарт. Ошондой эле жашынан тишине олуттуу мамиле кылуусу шарт.

 

 24 - декабрь

Тагдыры: Жаркын мүнөздүү, маанайы шат адам, алар менен жүрүү жагымдуу жана тынч. Бул жашоонун баркын билген, оройлук, жаман ойдон алыс болуп, адептүү келишет. Чыгармачылык потенциалы зор, аны илим жагына, саясий иштерге жумшаса болот. Үй-бүлөлүк жашоосу бактылуу жана бекем болот. Айланасында дайыма көптөгөн достору коштоп жүрөт.

Ден соолугу: Туруксуз эмоционалдык абал депрессиянын себеби болот. Ичиндеги терс энергияларын чыгарып, өзүнө ишенимин жогорулатышы шарт.

 

Алия ДАНИЯРОВА