Үй-бүлөңүздү сасык тумоодон кантип коргоп жатасыз?

Учурда сасык тумоо илдети абдан жайылып көпчүлүктү кыйнап жаткан учуру. Жадагалса, бул оору бир адамдын өмүрүн да кыйды. Сасык тумоого каршы ар ким ар кандай ыкмаларды, дары-дармектерди колдонуп жатат. Ал эми элибиздин белгилүүлөрү сасык тумоо менен кантип күрөшүп, анын алдын кантип алып жатышат, кеңештери менен бөлүшөт.

 

Азиза: “Имбирдин жардамы менен сасык тумоону жеңип жатабыз”

– Башкалар сыяктуу эле биз да сасык тумоо менен активдүү күрөшүп жатабыз. Ал үчүн базардагы кадимки имбирди кыргычтан өткөрүп, марлинин жардамы менен ширесин сыгып алып, ага ошондой эле өлчөмдө лимондун ширесин кошом (мисалы, 1 чай кашыктан). Бул аралашма кычкыл болгондуктан ага 2 чай кашык бал кошуп күнүнө үч маал бир чай кашыктан ач карын ичип атабыз. Андан көп ичсе аллергия кылып жибериши мүмкүн. Кыздарым да аз-аздан ичип атып көндү. Бул ыкма абдан натыйжалуу. Сасык тумоого каршы дары-дармектерге караганда таасири бат байкалат. Андан сырткары жыл сайын өзүбүздүн Токтогулдун малинасын кайнатылбаган түрдө шекерге аралаштырып муздаткычка салып коём. Ошону кайнак сууга аралаштырып кыздарыма ичирем. Бул иммунитетти көтөрөт, иммунитети чың адам сасык тумоого оңой менен чалдыкпайт. Ошентип, сасык тумоонун алдын алып, убагында керектүү ыкмаларды колдонуп жатам.

 

Гүлнара Кахарова: “Сары майдан өтөрү жок”

– Баарыбыз эл көп жерде жүрөбүз, балдарым да коомдук транспорт менен мектепке барып келишет. Ошондуктан биздин үй-бүлө да сасык тумоо менен ооруп, кайра сакайып атабыз. Баарыбыз бири-бирибизди аңдып турабыз. Кимибиз ооруп баштасак дароо алдын алууга аракет кылабыз. Ошондуктан сасык тумоонун айынан тоголонуп жатып калган жокпуз. Жолдошум доктур болгондуктан мага жеңилирээк болуп жатат. Өзү эле керектүү чараларды убагында көрөт. Ошентсе да мен да ага жардамдашып балдар оорубасын үчүн үйдөн элдик ыкмаларды колдоном. Үйдө бал менен сары май сөзсүз турат. Жегиси келбесе да балдарыма күндө бир чай кашыктан жедирем. Жөтөлүп калса деле сары майды ысытып туруп ичирип коём. Сасык тумоодо эле эмес, ичине жел туруп калса да ошо менен укалоо жасайм. Негизи сары майдан өтөрү жок. Мурда деле апаларыбыз аны бекеринен колдонбогон чыгар. Андан сырткары балдарды күчтүү тамактандыруу зарыл. Жумасына жок дегенде бир жолу беш бармак жедириш керек. Мисалы, мен кышта буурчакты такыр колдонбойм, анткени ал суук азыктарга кирет. Ошондуктан да кыштан оору-сыркоосуз чыгабыз.

 

Самара Каримова: “Кызыл карагаттын компоту оорунун күчөп кетишинен сактайт”

– Эл катары биз да сасык тумоого чалдыктык. Үйдө дарыгер сунуштаган дары-дармектерди кабыл алып жаттык. Андан сырткары ар бир ата-эне сыяктуу биз да балдарыбыздын ден соолугун чыңдоо, иммунитетин көтөрүү максатында аларга пиязды, бал кошулган чайды үзбөй берип жаттык. Жыл сайын кышкысын адам сөзсүз жок дегенде бир жолу сасык тумоого чалдыгат эмеспи. Ошондуктан бул оорунун алдын алуу үчүн жайында эле ойлоном. Ал үчүн кызыл карагатты бутакчалары менен кошо муздаткычка тоңдуруп, кышында сасык тумоо менен ооруп калганыбызда андан компот жасайм. Бир литр сууга кызыл карагаттын бутакчаларынан, мөмөсүнөн кошуп кайнатып, 3-4 саат тыныктырып коём. Бул суусундукту жатардан мурда эки стакандан жылуу кезинде ичип койсо, жакшы натыйжа берет. Даамын чыгарыш үчүн ага бир аз бал кошуп койсо болот. Мындай ыкма оорунун алгачкы үч күнүндө жасалат.

 

 

 

Алина Жетигенова: “Түрп – жөтөлгө каршы эң жакшы азык”

– Сасык тумоо күч алып балдар аябай кыйналып жатат. Доктурдан өтөрү жок деп эле дароо ооруканага чуркайбыз. Анан үйдөн да колдон келишинче аракет кылып сарымсак, пиязды туурап бөлмөнүн ар кайсы жерине коюп жатабыз. Дагы бир жакшы ыкма - түрптү жука кесимдерге бөлүп, ага шекер себелейсиз. Жакшылап эзип туруп ширесин чыгарасыз. Муну ар саат сайын бир аш кашыктан ичсе, сасык тумоо учурундагы жөтөлдөн арылып, дене табы да түшөт.

 

 

 
 

Гүлзада Рыскулова: “Кош бойлуулар мөмө-жемиштердин ширеси менен сасык тумоодон арылса болот”

– Эң негизгиси “оорубайм” деген дем менен жүрүш керек. Оору жугат деп үйдөн чыкпай, же ооруп баштадым окшойт деп ар кайсы дарыларды ичип корко берген болбойт. Кудайга шүгүр, кош бойлуу болгондон төрөгөнгө чейин сасык тумоо менен ооруган жокмун. Болгону туура тамактанып, лимон, сарымсак сыяктуу вирусту жугузбоочу азыктарды колдондум. Кош бойлуулар үчүн сасык тумоодон дары-дармексиз айыгуунун ыкмалары көп. Мисалга айта кетсем, мөмө-жемиштердин жаңы сыгылган ширесин ичсе болот. Бирок апельсин, грейпфрут, сыяктуу цитрус өсүмдүктөрү кош бойлууларга сунушталбайт. Алар кош бойлуу аялда аллергия пайда кылышы ыктымал. Ширени күнүнө суу менен аралаштырып 1-2 стакандан гана ичүү керек. Алма, алмурут, өрүк, шабдалынын ширеси абдан пайдалуу.

 

Шааркан Абдуллаева