МИРЗАТ, АЙЗУУРА: «Сүйлөшүп отуруп убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калабыз»

Жакында чыгармачыл үй-бүлөлөрдүн саны дагы бирге толукталды. Теле жүзү болгон жаш жубайлар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева жакында Каракол шаарында чоң той берип элден бата алып кайтышты. Бири-бирине ар тараптан жарашып турган түгөйлөр “Кош жүрөк” рубрикабыздын жаркылдаган коноктору болушту.

– Саламатсыздарбы, куш бооңуздар бек болсун. Тоюңуздар жакшы өттүбү?

М: - Кудайга шүгүр, жакшы өткөрүп алдык. Атайын ырым кылып ак боз бээ сойдук. Тоюбузга 300 киши күбө болду. Чакырылган коноктордун баары ыраазы болуп, баталарын берип кетишти.

– Кыз узатуу тою өзгөчө болгону жалпы элге маалым, Караколдо өткөн тоюңуздар кандай болду, эмне өзгөчөлүктөр камтылды?

М: - Тойдун сценарийин келинчегим экөөбүз эле түздүк. Тойду үч бөлүккө бөлүп, ар бир адамдын сүйлөгөн сөзүнө чейин эске алып түзүп чыктык. Биринчисинде улуттук нарк-насилге көңүл бурдук. Чабармандар сүйүнчүлөп жар салып, Бакай ата менен Умай эне бата берип, жар-жар ыры ырдалып, биринчи бөлүгүн атайы улуу муундагы алып баруучуга башкарттык. Экинчи бөлүгү классика болду десек болот, ал бөлүктө экөөбүз ак бийге түштүк. Аны да бир аз театралдаштырууга аракет кылдык. Үчүнчү бөлүктө болсо экөөбүз ырдадык, атайын дайындалган тасма көрсөтүлдү. НТС каналынын жамаатынын атынан бизге белек катары даярдалган видеотасма дагы коноктордун эсинде калыптыр, азыркыга чейин күлүп айтып жатышат.

А: - Ошондой эле чакыруу кагаздарын да өзгөчө кылганга аракет кылдык. Колуна алган меймандар таң калууларын жашырбай «таппаганыңар жок да» деп жатышты.

– Айзуура, кайын журтка жакшы эле аралашып кеттиңизби?

А: - «Кыздын барар жери - күйөө» дейт кыргызда. Кыз бала төрөлгөндө эле бул башка бүлө болот деп конок катары кабыл алышат экен. Кудайга шүгүр, атам менен апам сонун адамдар. Келин дебей өз кызындай көрүштү. Кичинекейимде жакшы күйөөгө тийсем экен деп тилөөдөн мурда анын ата-энеси жакшы адамдар болсо экен деп тилек кылар элем. Буюрса, тилегиме жеттим деп айта алам.

– Барган жериңизден салт-санаанын өзгөчөлүктөрү байкалдыбы?

А: - Баарыбызга маалым болгондой, Көл жергесинде келин кемпир болгончо жүгүнөт. Мага ушул салт абдан жагат. Жүгүнгөндөн келиндин эч жери кемибейт. Болгону улуулардын алкышына татып, батасын алат. Күн сайын «кем болбо», «Кудайым тилегиңди берсин», «бактылуу бол» деген сыяктуу сөздөрдү угуп туруунун өзү жагымдуу. Эртең менен тура калып эмне дээриңди билбей «доброе утро, пап, мам» дегиче башыңды ийип жүгүнгөн артык.

– Мирзат, үй-бүлөгө кожоюн болуунун чоң жоопкерчиликтерин сезип жатасызбы? Кайсы учурда өзгөчө билинип жатат?

М: - Жоопкерчиликти алууга моралдык жактан даяр болуп, анан үйлөндүк деп ойлойм. Бассам-турсам ачка болбоду бекен, үшүбөдү бекен деп ойлоп калдым. Жоопкерчилик деген ушул болсо керек.

– Айзуура, кайын журтта жүргөндө апаңызды, сиңдиңизди сагындыңызбы?

А: - Өмүр бою эмес, үйдөн бир күнгө алыс кетпеген мен үчүн оңой болгон жок. Сагындым.

– Анда эч кимге көрсөтпөй ыйлап алган учурлар деле болгондур?

А: - Ыйлаганга убакыт да, себеп да болгон жок. Өзүмдү канча жылдан бери чогуу эле жашап жүргөндөй сездим. Бардык нерсени ачык сүйлөшкөн жагат. Ошондуктан бардык туугандар менен мурдатан бери тааныш адамдардай болуп сүйлөшүп, бакылдашып эле калдым. Деги эле өзүң жактырып барган жерде, жакшы көргөн адамдарыңдын жанында бир гана бакытты сезсең керек.

– Шаарда ата-энеңиз менен жолугушуп атасызбы?

А: - Шаарга кыз узатуудан кийин көп өтпөй эле келдик. Отко киргизүү деген салтыбыз бар эмеспи. Ал шарт аткарылган. Бирок апам: “Каалаган учурда эле келе бербейсиң. «Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” болбо. Күйөөң менен келсең киресиң, өзүң жалгыз келсең киргизбейм”, - дечү. Азыр ошондой эле болуп калды десем болот. Шаарда туруп деле көп жолуга бербейбиз. Барсак да чогуу барып келебиз.

– Атаңыздар Элмирбек Иманалиев Караколдогу тойго бардыбы?

М: - Караколдогу тойго атабыз бара алган жок. Анткени ал маалда өнөрүнүн милдети менен Казакстанда жүрдү. Келип эле концертине даярданды. Бизге батасын берип, шартын түшүндүрдү. Концерт өткөрүүнүн мээнети оңой эмес экенин биз да туура түшүндүк. Шаарга келип концертине барганга жетиштик. Башка күйөрмандары сыяктуу эле биз да концерт бүткүчө башка ааламда жүргөндөй, укмуштай сезимдер менен отурдук. Жакшы деңгээлде болду, көңүлдүү кайттык.

– Учурда эмне менен алексиздер?

М: - Азыр экөөбүз тең иштерибиз менен алекпиз. Айзуура жумушуна катар сабагын да окуп жатат. Буюрса, шаарда кесиптерибиз менен иш алып барабыз. Дагы көптөгөн жакшы тилектерибиз бар. Алдыда Жаңы жыл келе жатпайбы, бул майрамды айылга барып ата-энебиздин жанында белгилеп келебиз.

А: - Бир күнүбүз экинчисине окшошпойт. Той-концерт деген көп болуп жолдошумдун убактысы абдан тартыш болуп жаткан учур. Айтып өткөндөй, мен жумуш жана окуу менен алекмин. Бош убактыбыз дээрлик жок. Кичине бошой калсак эле эс алуу үчүн киного барабыз, сейилдейбиз. Анан экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөйт. Сүйлөшүп отуруп эле убакыттын эмне болуп өтүп кеткенин байкабай да калабыз.

– Айзуура, Гүлбү эже - ашканада мыкты кожойке, сиз да өзгөчө тамактарыңыз менен жолдошуңуздун ашказанын таң калтырып жатасызбы?

А: - Апам: “Гүлбү ырдап жүрүп кызына эч нерсе үйрөтпөптүр” деп айтат. Кылганың мен үчүн болсо да үйрөнгөнүң өзүң үчүн», - деп колунан келгенинин баарын кыздарына үйрөттү. Ашканада тамактын бардык түрүн жасай алам. Андыктан жолдошумдун таң калганын билбесем да кубанычын байкайм.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА