ТАШКЕНБАЕВА Дамира: "Башкаларга жардам берип жүргөн балам өзү жардамга муктаж болуп калды"

“Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, жыл сайын көлдүн сезонунда ар кандай кырсыктар катталат. Быйыл да сууга чөгүп, же денесинин бир жерин кырсыктатып алгандар болбой койгон жок. Алардын бири 25 жаштагы Аскарбек да көлдө эс алып жүрүп шал оорусуна чалдыгып калган. Жашоо шартынын оордугунан улам бүгүнкү күндө жардамга муктаж. “Аз акча болсо да бир керегине жарайт эле”, - деген апасы Дамира эже жакшылыктан үмүт үзбөйт.

 

“Жалгыз уулум эс алам деп кырсыкка кабылып калды”

– Биз Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан болобуз. Буга чейин аскер кызматында иштегем. Пенсияга чыккан соң Чүйдүн Ивановка айылына келип апамды карап жашап калдым. Эки кыз, бир уулдун энесимин. Улуу кызым Орто-Сай базарында курбу кыздары менен ижарага контейнер алып иштетет. Кичүү кызым Ивановкада апамдын колунда, мектепте окуйт. Жолдошум болсо мындан он эки жыл мурун жүрөк оорудан каза болуп калып 34 жашымда эле жесир калгам. Ушул жылдын июль айында уулум Ысык-Көлгө эс алууга барып сууга секирем деп мойнунан оор жаракат алып калды. Эс-учун жоготуп суудан достору алып чыгышыптыр. Кырсыктын айынан колу-буту иштебей шал болуп калды. Каракол шаардык ооруканасына кайрылганыбызда ал жакта томография жок болгондуктан дарыгерлер Улуттук госпиталга жиберишти. Борбордогу Улуттук госпиталдан жүлүн мээнин жана моюн омурткаларынын катуу жаракат алгандыгын айтышып эки жума дарылашты. Андан соң улам дарыланып туруусу керектигин айтышып үйгө чыгарышты. Дарыгерлерге жакын болуу үчүн Жал кичи районунан ижарага батир алууга туура келип азыр ошол батирде жашап жатабыз. Батирдин акчасын, күнүмдүк тамак-ашты улуу кызым эптеп таап келет. Балам улам укалоо алып жатат. Азыр аз-аздан кыймылдайт, бирок дарыгерлер дагы көп убакыт бир жерде жатып дарылана турганын билдиришти.

 

“Менин жолумду жолдогусу келчү”

– Аскарбегим 1991-жылы төрөлгөн. 9-классты аяктап эле Караколдогу ИСИТОго тапшырган. Андан соң аскердик кызматын өтөө үчүн Улуттук гвардияга кабыл алынган. Убакыты бүткөндөн кийин: “Апа, сиздин жолуңузду жолдоп аскер кызматкери болоюнчу”, - деп ошол эле жерде контракттык негизде бир жылдай иштеди. Кийин жумушу өзүнө жакпай, анын үстүнө мен да жалгыз уулумдун менден алыс жүрүшүн каалабай 5-майда жумушунан кетти. Анан июлда ушул кырсыкка кабылып отурат. Өзү спортчу, бокс менен машыкчу. Мага жардам берем деп ар кайсы жумуштарда да иштеп жүрдү. Аскарбек ак көңүл, боорукер, бирөөдөн жардамын аябайт. Кошуналардын сумкасын көтөрүшүп үйүнө чейин жеткирип койчу. Алар да “балаң адамга жакын, тартиптүү” деп айтып калышчу. Тилекке каршы, азыр өзү жардамга муктаж. Таянганы, ишенгени эле мен. “Баласына бир гана эне күйөт” деген чын экен, 2-ноябрда ооруканадан чыккан, ошондон бери үйдө маал-маалы менен тургузуп, отургузуп, алдын тазалап, тамактандырып карап жатам. Мени менен ачылып деле сүйлөшпөйт. Ооругандан бери түнт болуп эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калды. “Апа, качан кыймылдайм, качан басып кетем”, - деп эле жанды кейитет.

“Бир тыйын болсо да керек болууда”

– Кайдыгер карабаган кыргыз элим уулумдун дары-дармектерин, дагы башка керектүү буюмдарды алып берип жатат. Бир жерде жатып калган оорулуулар үчүн атайын матрас керек болуп жатты эле. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Нурдин Абдылдаев деген депутат келип Аскар менен сүйлөшүп, ага дем-күч берип, матрас да алып берип кетти. Ал өзү да дал менин баламдай болуп сууга түшөм деп кырсыкка учураптыр. Уулумдан жардамын аябагандарга чын жүрөктөн ыраазымын. Алардын жардамы менен Аскарбегим колу-буту кыймылдабаса да ийиндери бир аз кыймылдап калганына сүйүнүп отурат. Дарыгерлер биринчи топтогу майыптыкка чыгарышкан. Бирок каттообуз Караколдо болгондуктан Социалдык фонддон жөлөк пул алуу үчүн документтерди тапшыра албай жатабыз. Каттоодон чыгыш үчүн Аскарбек өзү барып кол коюшу керектигин айтып жатышат. Бир жерде жатып калган бала кантип бармак эле. Ушул маселе чечилип калса жакшы болор эле. Андан сырткары күнүгө такма жалаяк колдонот. Анысына да бир топ акча кетет. Мазь, дагы башка дары-дармектерин айтпай эле коёюн. Мунун баарын сатып алуу жалгыз бой эне үчүн оор экен. Ошондуктан бизге азыр бир тыйын болсо да керек болууда.

Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлерге байланышса болот:

“Элсом” электрондук капчыкчасы, 0550 20-28-06 (Аскарбектин эжеси Жылдыз), 0554 04-04-69 (апасы Дамира).

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА