Жаңы жылдык дасторконго торт жасаңыз

Повидло кошулган торт

Кандай азыктар керек?

Камыры үчүн:

Жумуртканын сарысы: 2 даана

Ун: 2 стакан

Сода: 1 грамм

Туз: 1 чымчым

Жумуртка: 2 даана

Каймакмай: 250 г

Шекер упасы: 250 г

Креми үчүн:

Кара өрүктүн повидлосу: 300 г

Каймакмай: 250 г

Шекер: 100 г

Манка: 7 чоң кашык

Сүт: 750 мл

Ванилин: 20 г

Кантип жасалат?

Алгач торттун негизги бөлүгү болгон камырын жасап аласыз. Ал үчүн жумшартылган каймакмай менен шекер упасын аралаштырасыз.

Ага бир жумуртканы, бир жумуртканын сарысын кошуп дагы жакшылап аралаштырасыз.

Эми туз, сода жана унду кошуп камыр жууруйсуз. Жумшак жана бир аз жабышчаак камыр пайда болууга тийиш.

Камырды баштыкка ороп муздаткычка бир саат салып коёсуз да, андан кийин алып чыгып тең алты бөлүккө бөлөсүз.

Алардын ар бирин жука кылып жаясыз.

Чекелерин тегиздеп кесип алган камырды пергамент кагазы салынган калыпка салып 180 градустагы духовкада 15 мүнөт бышырасыз.

Ал эми торттун кремин жасоо үчүн сүттүн жарымына муздак бойдон манканы кошуп жакшылап чаласыз.

Калган сүткө шекерди, ванилинди кошуп отко коёсуз да, кайнаган соң жогоруда даярдалган аралашманы кошуп, тынымсыз аралаштыруу менен 4-5 мүнөт кайнатасыз. 

Жумшартылган каймакмайды аябай чалып, бир колуңуз менен жогорудагы аралашманы аз-аздан кошо бересиз. Крем даяр болду.

Эми камырдын бетине повидлодон тегиз кылып сүртүп, анын үстүнө кремден сүртүп биринин үстүнө экинчисин коюп кете бересиз. Чекесине да кремден сүртөсүз.

Камырдын калдыктарын майдалап, аны торттун бардык жагына себелейсиз да, 5 саат муздаткычка салып коёсуз. Ошентип торт даяр болот.

 

«Күн жана түн» торту

Кандай азыктар керек?

Камыры үчүн:

Жумуртка: 3 даана

Ун: 1,5 стакан

Каймак: 1 стакан

Шекер: 1 стакан

Жаңгак: 1 стакан

Көптүргүч (разрыхлитель): 3 чоң кашык

Какао: 3 чоң кашык

Креми үчүн:

Каймак (20%дуу): 500 г

Шекер: 200 г

Шоколад: 100 г

Кантип жасалат?

«Күн» камырын жасоо үчүн: жумуртканын сарыларына шекерди кошуп, эригенге чейин чаласыз. Ага каймакты, унду кошуп аралаштырсаңыз, суюк камыр пайда болот. Аны калыпка куюп духовкада бышырасыз.

«Түн» камырын жасоо үчүн: жумуртканын агына шекерди кошуп чаласыз да, каймакты, майдаланган жаңгакты кошосуз. Ага унду, какаону, көптүргүчтү кошосуз. Пайда болгон суюк камырды калыпка куюп духовкада бышырасыз.

Камырларды ортосунан ажыратып экиге бөлөсүз.

Кремин жасоо үчүн: каймак менен шекерди кошуп чаласыз. Аралашманы тең экиге бөлөсүз да, бирине азыраак какао кошосуз.

Камырларды бир «күн», бир «түн» кылып биринин үстүнө экинчисин коюп, кремин да ошого жараша сүйкөйсүз.

Торттун бетине да жарымына ак кремден, жарымына кара кремден сүртүп, «түн» жагына кыргычтан өткөрүлгөн шоколаддан себелеп коёсуз

 

Нуриса Баялиева