Бала багып алгыңыз келеби?

Наристе жытын искөө – турмуштагы эң чоң бакыт. Бирок жашоодо ар бир адам ушул бакытка жетет деген кепилдиктин жоктугу өкүнүчтүү. Тилекке жараша, бул өкүнүчтүн жарасын жеңилдетүүнүн бир жолу бар. Ал – бала асырап алуу. Сиздин да жүрөгүңүздү өйүгөн ушундай маселе бар болсо, анда кийинки макала сиз үчүн.

 

– Бала багып алууну каалаган адам алгач жашаган жери боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барышы керек. Ал жерде үй-бүлөнү жана баланы колдоо деген бөлүм бар. Максатын түшүндүрсө, анда иштегендер бала багып алууну каалагандыгы тууралуу арыз жаздырып алат да, колуна бала багып алууга уруксат эткен бүтүмдү карматат.

 

 

– Алган бүтүмдү ал адам Бишкек шаардык Октябрь районуна караштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө алып келүү керек. “Эмне себептен?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени, бала асырап алууга мүмкүн болгон мамлекеттин карамагындагы балдар үйү дал ушул Октябрь районунун аймагында жайгашкан. Ал жердин кызматкерлери бүтүмдүн негизинде анкета толтуртушат да, бала асырап алууну каалаган адамды каттоого алат.

 

Наристелердин тизмеси менен таанышып көргөн адамдын купулуна толгон бала бар болсо, бала багып алуучуну балдар үйүнө жөнөтүшөт.

 

 

Аталган бөлүмдө ата-энеси баш тарткан жана таштап кеткен наристелердин тизмеси жана алар тууралуу толук маалымат
(туулган жылы, ооруган оорусу ж.б.) бар.

 

– Балдар үйүнөн башкы дарыгер тосуп алат да, аны кичинекейдин медициналык китепчеси менен тааныштырат. Ага ишенбеген шартта багып алууну каалаган адам баланы алып, өзү каалаган ооруканага барып текшертип алууга укуктуу. Мындай шартта медициналык кароого кеткен каражат толугу менен асырап алуучу тарабынан төлөнөт. Бул учурда балдар үйүнөн аны коштоп жүрүү үчүн бир мээрман айым жөнөтүлөт.

 

Саламаттыгы чың экенине ишенип, аны багып алууну чечкен болсо, ушул учурдан тартып баланы документтүү түрдө асырап алуунун шарттарын аткаруу иши башталат.

 
 

– Эгерде өзүнө ылайыктуу бала табылбаса, ал адам 6 айга чейин каттоодо боло берет. Бул аралыкта ал балдар үйүнө жаңы түшкөн балдар тууралуу кабар алып, алар жөнүндө маалымат менен таанышып турууга укуктуу.

 

Бала багып алууну каалаган ата-эне:

1 Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акиминин атына максаты тууралуу арыз жазат

2 Паспортторунун көчүрмөлөрүн даярдашат

3 Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн даярдашат

4 Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жери тууралуу аныктама алышат

5 Жергиликтүү бийлик органдарынан тапкан кирешелери, алган айлык акылары тууралуу аныктама алышат

6 Иштеген жерлеринен өздөрү жөнүндө мүнөздөмөлөрдү жаздырып алышат

7 Өздүк автобиографияларын жазышат

8 Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу жөнүндө аныктамаларды жаздырышат

9 Турак жайга ээ экендиктери тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан аныктама алышат.

10 Саламаттыктары тууралуу аныктамаларды даярдашат. Анда сөзсүз түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД, жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүшөт.

 

Акырында ушул документтердин топтомун Октябрь райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө алып барышат. Бул процессти толугу менен бүткөрүүгө үзгүлтүксүз аракет кылган адам бир ай убакыт сарптайт. Документтер текшерилет да, баары туура болсо бала асырап алуучулардын колуна наристе тууралуу күбөлүк берилет.

 

Бала асырап алууга болбойт! Эгерде...

Адам өлүмүнө байланыштуу же оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган болсо;

наркологиялык диспансердин каттоосунда болсо;

кургак учук диспансеринин каттоосунда болсо;

ВИЧ/СПИД менен ооруса;

1-2-топтогу майып болсо

18 жашка чейинки, 60 жаштан кийинки болсо;

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА