Бекер сулуулук кызматынан пайдаланыңыз

Каштын татуажы - популярдуу жана жеткиликтүү сулуулук процедураларынын бири. Кыска убакыттын ичинде каш менен бирге беттин формасын да жагымдуу кылып өзгөртүп койгондуктан жана ал өзгөрүү кеминде 1-2 жыл сакталгандыктан татуаж кылдырууну каалаган кыз-келиндер арбып барат. Айымдардын сулуулугуна сулуулук кошкон “Адам жана Ева” сулуулук салонунун жетекчиси, визажист, лешмейкер Назгүл Абдираимова айыл жеринен өзгөрүүнү каалап келген окурманыбыз Самаранын мисалында татуаж жасап, эрежелерин айтып берет.

– Назгүл, татуаждын кандай түрлөрү бар?

– Татуаждын эки ыкмасы бар. Биринчисинде кашка текши боёк берип коёт. Экинчи ыкмасында каштын талчаларына окшогон сызыктар чийилип, ошол сызыктарга боёк берилет. Тагыраагы, ар бир каштын сүрөтү тартылат. Экинчи ыкманы көбүнчө орус улутундагылар жасатып кетишет. Кыргыз айымдардын басымдуу бөлүгү биринчи ыкманы колдонушат. Бүгүнкү кардарыбыз Самара да биринчи түрүн тандады. Баасына токтолсок, биринчи түрү 2000 сом, экинчи түрү 4000 сом турат.

– Каштын формасы сиз каалагандай болобу же кардар каалагандайбы?

– Каштын формасын кардардын бетинин формасына карап алгач карандаш менен чийип көрсөтөбүз. Бул жерде кардардын бет түзүлүшү, чачынын түсү эске алынат. Мисалы, Самаранын бет түзүлүшү тегерек болгондуктан кашына кичине бурч чыгарабыз. Бурчу бар каш бетти сүйрү көрсөтөт. Мындай каштар бети төрт бурчтук болгон айымдарга да жакшы жарашат.

– Туура формадагы каш кандай болуш керек?

– Каштын башталган учу көздүн ички кычыгына туура келүүгө тийиш. Калган сызыктар каштын бурчу жана аяктоосу мурундун четинен белгиленип алынса туура болот. Ушул эрежелер сакталганда каштын формасы туура түшүп, жарашыктуу болот.

– Каштын формасы тандалган соң татуаж жасоо кандай уланат?

– Алгач кашка ооруну сездирбөөчү май сүйкөп жарым сааттай күтө турабыз. Май териге өз таасирин берген соң атайын аспап менен каштын карандаш менен чийилген формасын бузбай тегерете белгилеп алабыз. Каштын формасын белгилеп алган соң карандашты жана майды өчүрүп, чийилген форманын ичин толук боёп чыгабыз. Ошентип, 15-20 мүнөттөн соң татуаж жасалып бүтөт.

– Татуаж жасаткандан кийин кашка атайын кам көрүү зарылбы?

– Ооба, толук айыгууга 10 күн керектелет. Бул аралыкта кашка Тетрациклин майын шыбап жүрүү керек. 2-3 күндөн кийин душка түшө берсе болот. Бирок карттары кетип, толук өзү түшмөйүнчө мончого барып бууга отурууга болбойт.

– Татуаж канча жыл сакталат?

– Татуаждын узак же кыска аралыкка сакталуусу айымдын терисине байланыштуу. Айрымдардыкы 2 жыл жүрсө, кээ бирлериники 5 жылга чейин жетет.

– “Татуаждан кийин каштын өсүүсү токтоп калат” дешет, чындыгы канчалык?

– Жок, каштын өсүүсүнө татуаж эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Себеби татуаж теринин эң үстүңкү катмарына жасалат. Ал эми каштын тамыры тереңде жайгашкандыктан эч кандай жабыр тартпайт.

– Татуаж жасатуу кимдерге сунушталбайт?

– Боюнда барларга, эмчек эмизген аялдарга, өнөкөт оорусу күчөп кеткендерге, кан айлануусу начарларга, кант диабети барларга, залалдуу шишик пайда болгондорго, дерматит жана псориаз баш болгон тери ооруларына, талма, астма, гепатит жана ВИЧ ооруларына кабылгандарга татуаж жасатууга болбойт. Татуаж жасалчу кашта кал болсо, ошол жерге татуаж коюлбайт.

«Леди KG» гезитинин окурманы, Чүй районунун Султан айылынын тургуну Кененсариева Самара редакциябызга ыраазычылыгын билдирүү менен төмөндөгүлөргө токтолду.

– «Леди KG» гезитин беш жылдан бери окуп келем. Аялзаты үчүн керектүү сулуулук жана ашкана тууралуу пайдалуу кеңештерин кыркып дептерчеме чаптап жүрөм. Бул гезит аялдардын сулуулугун айрыкча эске алгандыктан келбетимди өзгөртүү тууралуу оюмду билдирип кат жазгам. Өтүнүчүмдү жерде калтырбай аткарганы үчүн «Леди KG» гезитинин жамаатына жана “Адам жана Ева” сулуулук салонунун жетекчиси Назгүлгө ыраазычылык билдирем.

 

Ардактуу айымдар, «Леди KG» гезити мындан ары сиздерге бекер сулуулук кызматын көрсөтөт. Кийинки саныбызда кирпик улоо тууралуу кеп кылабыз. Эгерде кирпик улатууга каалооңуз күч болуп, бирок акча каражатыңыз жетишсиз болуп жүргөн болсо, бизге кайрылыңыз. Ал үчүн 0558 87-11-11 номерине WhatsApp аркылуу сүрөтүңүздү жөнөтүңүз.

 

Даткайым Досматова