Таланттардын таланттуу балдары

“Аккан арыктан суу агат”, “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, таланттардын тукумунан таланттуулар чыкпай койбойт. Бирок айрымдар чыгармачылыктын кыйынчылыгын балдарына ыраа көрбөй каршы болушса, кээси сахнага чыгып талантын элге тартуулашына чоң жардам кылышат. Айрым ырчылардын эл оозуна бат алынышына белгилүү ата-энелеринин салымы канчалык болду экен?..

Кубик Калыковдун кызы Кубик кызы Айпери: “Атамсыз гастролго чыгууну элестете албайм”

– Мени элге ырчы катары тааныткан - атам. Бул чөйрөдө жүргөнүмө, багынткан ийгиликтериме атамдын салымы чоң. Андан кийин гана менин эмгегим. “Ырчы болом”, - десем, атам башында: “Окууңду окуп, өз кесибиң менен кет”, - деп каршы болгон. Бирок алгачкы “Ак куу болуп учкум келет” деген ырымды жазып берген. Ал ыр хитке айланып билинбей эле ырчы болуп кеттим. Менин ырларымдын баарын атам жазып берген. Бул чөйрөдө өзүңдү кандай алып жүрүш керек, ким менен кандай сүйлөшүү керек, баарын үйрөттү. Мен жаңы ырдап чыкканда теле, радиолорго ырларымды алып барып, сүйлөшүп берип жардам кылчу. Кийин атамды кыйнагым келбей баарын өз мойнума алгам. Турмушка чыккандан кийин атам: “Болду, мен аралашпайм, жашооңду өзүң каалагандай алып кет”, - деген. Бирок гастролго атамсыз чыкпайм, чыгып да көргөн эмесмин. Атамсыз гастролго чыгууну элестете албайм дагы.

 

Мерген Тургандын уулу Бексултан Айты: “Мага атамдын атынын чоң пайдасы тийди”

– Мерген Тургандын баласы эмес болуп туруп ырдап чыксам, элге таанылышым кыйыныраак болмок. Ал эми “Мергендин баласы” дегенде эл дүң эле дей түштү. Айрымдар таң калса, кээси менин Мерген Тургандын баласы экениме ишенбей ар кандай сөздөрдү айтышты. Кандай болгон күндө да атамдын атынын чоң пайдасы тийди. Аты эле эмес, атамдын көп кеңештерин алдым. Мени: “Жасалма ырдаба, сөздөрдү так айт”, - деп түздөп турат. Негизи башында: “Ырчы болом”, - десем, “окууңду оку”, - деп койгон, мен ал учурда тиш доктуру адистигинде окучумун. Окуумду бүткөндө гана ырдоого уруксат берди. Мени өзү менен кошо теле, радиолорго, сүёмкаларга, тойлорго ээрчитип барат, жол көрсөтөт. Атамсыз мага оор эле болмок деп калам. Бардык ырларын ырдап жүрөм. Жакында сөзү кайненем Жыпара Исабаевага таандык ырга обон чыгарып, жаздырып берди. Буюрса, аз күндө элге тартуулайм. Жаңы жылдан кийин тиш доктурлук ишиме да киришем.

 

 

Токтор Бекбоевдин кызы Бегимай Бекбоева: “Бегимайдын концертин алып барсам деп тилек кылыптыр”

– Мени Бегимай Бекбоева кылган - атам. Жаңы ырдап чыкканда атам мени теле-радио аркылуу эмес, Кыргызстандын төрт бурчуна гастролго алып чыгып тааныткан. Бала кезимден ырга жакын болчумун, бирок ырчы болорума атам каршы болгон. Мектеп окуучуларынын арасында өткөн “Жаш таланттар” сынагына катышып башкы орундарды алып келчүмүн. Анда да мектептегилерге: “Үйдөгүлөр ырдаганымды көрсө урушат”, - деп айтсам, акча чогултуп мага форма сатып беришип, анан сынакка мектептин атынан жиберишчү. Бир күнү мен сабакта кезде мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы үйгө ата-энеме келип: “Талантты көмүп койсо да чыгат. Өзүңөр чыгармачыл адам болуп туруп эмнеге түшүнбөйсүңөр? Көрөсүңөр, кызыңар силерди багат. Эртең мектепте концерт болот, барып көргүлө”, - деп урушуптур. Атам эртеси барып талантымды көрүп Бегимайдын концертинде өзүм алып баруучу болсом деп тилек кылыптыр. Тилеги ишке ашып атам кийин менин концерттеримде алып баруучу болду. Агайым айткандай, чыгармачылык менен иштеп атамды бакканга жарап калдым.

 

 

Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасова: “Мени ушул деңгээлге жеткирген – апам”

– Мени ырчы катары элге тааныткан, ушул деңгээлге жеткирген – апам Гүлшайыр Садыбакасова. Эч качан өзүм дагы “минткем, тигинткем” дебейм. Кайсы бир деңгээлде менин да эмгегим болсо, аны эл бааласа керек. Апам болгон үчүн гана ушундай ийгиликтерге жетип жүрөм. Ал өзү чыгармачылыктын ысык-суугун көрүп калганга мени дегеле чыгармачылыкка аралаштырууну каалачу эмес. “Америкада окутам, юрист болосуң”, - дечү. Анан менин балалык кыялымдан улам: “Бир жолу ырдайсың, болду”, - деп “Эстей жүр” аттуу ырымды ырдатты. Ал ырым хит болуп кетип, анан айласыздан ырчы болушума макул болгон. Мен ырдаган ырдын баары дээрлик апамдыкы. Мени колдогон - Жараткан, анан апам. Мындан төрт жыл мурун мени “Кыз-Бурак” тобуна аткаруучу директор кылып койгон. Ошондон бери түйшүк башыма түшүп баарын үйрөнүп атам. Менин устатым, колдоочум, байлыгым – апам. Келечекте апамдай сыймыктуу адам болгум келет.

 

 

 

Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов: “Атам мага өнөрү менен фамилиясын таштап кетти”

– Элдин баары мени алгач “Жаныбектин баласы” деп таанышкан, андыктан чыгармачылыктагы сапарыма атамдын салымы жүз пайыз болду десем болот. Бирок мен жаңыдан чыгармачылыкка тырмышып жүргөн кезимде атам: “Сен алып бара албайсың, ырдай албайсың, жөн эле койчу”, - дечү. Мен ансайын намыстанып колумдан келерин далилдейм деп китеп окуп, орус алып баруучуларынын программаларын көрүп аябай изденип, өз алдымча иштеп кеткем. Бир жылдан кийин менин кандай алып барганымды көрүшсүн деген ой менен чоң тойго атам менен апамды атайын чакырдым. Бирок ошондо да атама жаккан эмесмин. Атам антип мени улам чыйрала берсин деген окшойт. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө гана кылган ишимди жактырып, батасын берип, кеңештерин айткан. Азыр ийгиликке жетишип үйгө келсем атам жок... Атам мага чоң байлык - өнөрү менен Алыкулов деген фамилияны таштап кетти. Ошондой эле атамдын айрым сөздөрүн, монологдорун колдонуп жүрөм. Эл мени көрүп “Жаныбек өлбөптүр” деген сайын көтөрүлүп турам.

 

 

Расул Маматкуловдун кызы Айгерим Расул кызы: “Атанын колдоосунан мурда талант болуш керек”

– Биринчи кезекте адамда талант болушу керек деп ойлойм. Атаң канчалык жардам берсе деле түпкүрдө талант болбосо, майнап чыкпайт. Анан, албетте, ар бир ырчынын колдоочусу болот, менин колдоочуларым – атам менен апам. Мага талант атамдан өткөн, кийин ошол талантымды колдоду, андыктан атамдын салымы чоң эле болду. Кичинемден атамдын жанында бийлеп жүргөнүмдө: “Ырдай алсаң, ырчы болосуң”, - дечү. Жашым 14-15терге келгенде: “Эгер ушул агайдын сынынан өтсөң гана ырдайсың, болбосо мага капа болбо”, - деп өзүнүн агайы Токтонаалы Сейталиевге алып барган. Ал улуу инсандын сынынан өткөнүмдөн кийин гана уруксат берип, “Түнкү Бишкек” деген биринчи ырымды жазып берген. Ал ырым менен биринчи эле Жаңы жылдык “Көгүлтүр от” телеберүүсүнө тартылгам. Бирок менин ырым түнкү саат 4:30да көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү уктап калган убакта кеткендиктен эч ким көрбөй калды го деп капа болгом. Бир жумадан кийин эле ырым популярдуу болуп кетти. Көрсө, пираттык дисктер аркылуу тарап кетиптир. Ошентип, ал жагынан атамды кыйнабай ийгиликтүү чыгып кеткем. Мен ырдап жүргөн ырлардын 99 пайызын атам жазган.

 

Динара ЧОКОЕВА