Салтанат Саматованын апасы Жумабүбү апа: «Салтанаттын ден соолугунан азыр санаабыз тынч»

Салтанат Саматова шоу дүйнөнүн көзүрү эле эмес, позитив тараткан шаңдуу мыкты адам. Ал жүргөн жер турсун, анын сөзү жарыяланган кагаз да жандуу сыяктанып, Салтанат айымдын айткандарынын таасиринен адам кандайча жайдарыланып алганын байкабай да калат. Ушундай чечен, эрктүү, күчтүү, энергиялуу айымды кандай эне жарыкка алып келип, тарбиялап элге кошту экен? ..

– Саламатсызбы Жумабүбү апа, Салтанат Саматова сиздин кызыңыз экенине сыймыктанбай койбосоңуз керек?

– Ата-эне дегенге ар бир баласы өзүнчө сыймык болот эмеспи. Биздин беш сыймыгыбыз бар. Салтанат - алардын ичинен өзгөчөсү. Биринчиден, төрт баланын арасындагы жалгыз кыз болгону болсо, экинчи жагынан биздин эле эмес, элдин да кызы экенинде. Балдарыбыздын ар бирине ат койгондо ошол ысмындай артыкчылыкка ээ болсун деп тилек кылганбыз. Улуу балам Акыл, анан Салтанат кызымдан кийин үч уул - Рахат, Талант, Дөөлөт. Балдарымдын баары мамлекеттик иштерде иштешет.

– Салтанат эже бала чагында кандай кыз эле?

– Салтанаттын азыркы мүнөздөрү кенедейинен калыптанган. Көп деле өзгөргөн жок. Ал 4-5 жаштарда кезде райондон борборго көчүп келип отурукташып калдык. Атасы аны дароо эле бакчага,  болгондо да орус тилдүү топко киргизип койду. Ага чейин орус тилинен бир ооз сөз билбеген кыз эле да. Тилди абдан бат өздөштүрүп кетти. Тыңдыгы ушунчалык эле, кийинки жылы эле тайпасынын алдыңкысы болуп, Жаңы жылдык кечеде аяз кыз болгон.

– Мындай сөзгө усталыгы ата-энесинин кимисин тарткан?

–  Биз математик мугалимдербиз. Өмүрүбүз кесибибизге арналган. Атасы - көп нерсе билген мыкты адам. Аны үйдө «жандуу энциклопедия» деп коёбуз. Салтанат да атасындай көптү билет, сүйлөгөн жагы да атасын тарткан экен.

– Кыз баланын турмушка чыгуусу ата-энени бир кайгыртып өтөт эмеспи, жалгыз кызыңыздардын күйөөгө кетишин сиздер да кыйыла кабыл алсаңыздар керек?

– Ооба, анысы бар. Бирок кыз баланын жашы өйдөлөгөн сайын ата-эне багын сурап, жакшы адам менен табышып кетишин тилеп калат экен. Салтанат турмушка кеч чыккан да, бизде ушундай болуп жакшы жерге барып, жакшы адамдарга туш болуп калса экен деп тиленип калганбыз. Тилегенибиздей эле болду. Кызымды үйдөн колдон узатканбыз. Жакшы адамдардан куда-сөөк күттүк. Ал кишилердин эки гана уулу бар эле. Анан эки келининин тең аттары Салтанат болуп чыгыптыр. Кудагыйым «эки кызым» деп Салтанат келиндери менен абдан сыймыктанчу. 

– Күйөө балаңыздар кандай инсан?

– Күйөө балам - оор басырыктуу, токтоо, мыкты адам. Салтанат өзү: «Экөөбүз тең сүйлөй берсек болбой калат да», - деп тамашалап калат. Кызым сөзмөр болсо, күйөө балам көп сүйлөбөйт. Мен анын баарынан да кызымды жакшы караганына ыраазымын. Салтанат ооруп калганда аны көтөрмөлөп, колунан келгенинин баарын кылды. Ошол кезден бери эле ушундай жүрөк жылыткан камкордукта карап келе жатат. Ооруп калган аялга бардык эле күйөөлөр мындай карабайт эмеспи. Экөөнүн мончоктой эки наристеси бар. Уулу Бакыт атасы менен чоң атасын тарткан. Ал кенедейинен көптү билет. Эки жашында эле энеси тааныбаган машинелердин маркасын айтып таң калтырып атчу. Мектепте жакшы окуйт. Неберем тай жагындагылардын кимиси таяке, кимиси таеже болорун жакшы билет. Ушунусун артыкчылыгы дегим келет. Кызы болсо апасынын гана тамагын жеген эрке. Азыртан эле күзгү алдында сүйлөп: «Апамдай алып баруучу болом», - деп турат. Ылайым Кудайым тилектерин берсин. Аман болушсун.

– Кызында оор дарт бар экенин угуу кайсы гана энеге болбосун, оор эмеспи…

– Эне деген баласынын колуна тикен кирсе да кейиген жан да. Албетте, ал учур оор болду. Эстөөнүн мааниси да жок. Жакшысы биз баарын эрте билип, эрте кам көрүп калдык. Атасына дароо айта алган жокпуз. Анализдерин билип, бир сыйра ыйлап-сыкташкандан кийин өзүнөн кийинки иниси Рахат Түркияда окуп, иштеп калган, ошол уулум “тез келсин” деп чакыртты. Ал жактагы текшерүүдөн кийин чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билип аз да болсо санаабыз басылып калды. Ошентип жүрүп атасына эки айдан кийин айттык. Азыр Салтанаттын ден соолугунан санаабыз тынч. Сапаттуу дарылануу, өзүнүн жакшы максаттары менен жакшы жылыш болуп жатат. Кызым өзү бизге кайрат берип, жакшы нерселерге оюбузду буруп шартылдап жүргөн үчүн биз да чыйралдык. Буюрса, кызымдын жакшылыктары алдыда, максаттарына жетет.

– Оору эжени өзгөрттүбү?

– Салтанатта жеке өзүн эле ойлоо деген жок. Бала күнүнөн айланасындагыларды өзү менен кошо ала жүргөндү жакшы көрөт. Ооруп калгандан кийин да: «Башкалар бул ооруга бат эле алдырып коюп жатышат. Аны жеңгенге болот. Аялдар ушуну билиши керек», - деп тынчсызданып, маектеринин баарын ачык жарыялап келет. Ал күчтүү болуп өзгөрдү.

– Сиздерге канча убакта бир барып турат?

– Биз деле шаарда турабыз. Бирок кызым беймаал эле келе бербейт. Азыр телефон деген жакшы оокат бар эмеспи. Күн сайын ал-жайыбызды сурап чалып турат. Кызым менен сүйлөшкөн сайын чогуу жүргөндөй эле болуп калам. Ал эми майрамдарды өткөрүп жибербейт. 

– Сизге кандай белектерди тартуу кылат?

– Жакшы нерсе көрсө эле мага алып коё берет. Айрыкча косметикалык каражаттарды көп алат. Жеңеси менен келиндерин да унутта калтырбайт. Абдан бир тууганчыл. Келиндерине өзүнчө башкарма. Алар эжеси менен кеңешмейинче иш кылышпайт. Сөзсүз Салтанаттын бир ооз кебин угуп, анан жасашат. Алар кылган иштин Салтанатка жагуусу абдан маанилүү. Келиндер кайнатасына ар нерсени түз айта албайт да. Салтанат атасынын тилин жакшы таба билгендиктен дайыма аны ортого салып турушат.

– Жалгыз кыз экенине капа болгон учуру болдубу?

– Бала күнүндө балдарым менен тең жарышып эле ойноп жүрчү. Бир жолу кайсы бир майрамда баары уюшуп алып Салтанатты таштап коюп оюнга кетип калышыптыр. Ошондо: «Мен эмнеге жалгыз эле кызмын?» - деп ызаланып катуу ыйлаганы эсимде. Кызымда ошондо абдан жалгызсыроо болгон экен. Ошондон баштап сиңдимдин, кайнимдин кыздарын өзүнө сиңди кылып жүрдү. Бирок кыз бала турмуш курган соң башканын бүлөсү болуп кетет экен да.

– Кызыңыздын бала күнүндө сизге арнаган кандай эмгеги болду эле?

– 8 жашында атасы экөө мага арнап «Апама» деген ыр жазышкан экен. Ал ыр өзүнүн аткаруусунда теледен кеткен. Ошол кезде чоң апасы жаңы каза болгон эле. Салтанаттын ырдаганын көргөн эл “чоң апасына арнап ырдаган тура” деп кызымды алкап, ыйлашкан экен. Салтанат обон да чыгарчу. Эмнегедир кийин ал өнөрү жоголуп кетти.

 

Гүлайым Калыбекова