Сурагым келет

Кыргызстанда акыркы кезде балдарга карата зордук-зомбулук күч алганын редакциябызга чалып ысмын ачыкка чыгарбоону каалап жардам сурагандар далилдеп жатат. Өзгөчө балдарга көрсөтүлгөн зомбулук учурунда балдар жана аларга колдоо көрсөтүүнү каалагандар, ал тургай, жолдошунан запкы жеген аялзаты да кайда кайрыларын билбеген учурлар көп кездешет. Окурмандардын бул жааттагы суроолоруна жооп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы 111 номерлүү “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркуловага кайрылдык.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: - Кошунам кызынын 3 баласын багат, бирок аларды кээде катуу сабайт. Аларды сабап жатканда мен карап тура албайм. Ошол маалда балдарга жардам көрсөткөн тез жардам сыяктуу борборлорго чалайын десем, номерлерин билбейм. Кайда кайрылуу керектигин айтып маалымат берип койсоңуздар жашы болмок.

Салима, Ак-Босого конушу

Жооп: - Мындай учурда сиз 111 номерине чалып билдирүү калтырсаңыз болот. Биздин кызматкерлер күнү-түнү телефон аркылуу чалууларды кабыл алышат, консультация берип, сунуштарын айтышат. Учурдан пайдаланып айта кетсем, 111 номерине чечилбеген үй-бүлөлүк чыр-чатактардан жаш балдар жабыркап, алардын укуктары бузулуп, балдардын ата-энелери, мугалимдери менен мамилелери келишпей жатса, чоң адамдар тарабынан балдарга карата ырайымсыз мамиле жасалып, балдар зордук-зомбулукка кабылган учурда чалгыла. Кабыл алынган билдирүүлөр автоматтык түрдө компьютерге жазылат, эсепке алынат жана журналга катталат. Андан соң кайрылууларды тиешелүү органдарга, мекемелерге кабарлайбыз. Республиканын бардык бурчтарынан абоненттер түз жана акысыз чала алышат.

 

Суроо: - Ичкиликке берилген кошунабыз бар, эки жылдан бери эки жаш баласын каякка барса ээрчитип алат. Балдары кыштын ызгаардуу суугунда жайкы желим тапичкелерди кийип, каткан нан кемирип жүрүшөт. Алардын курсагы өз учурунда тоюп жатканы бир гана Кудайга маалым. Байкуш балдарга убал болду. Ошолорго боорум ооруганынан силерге чалып жатам. Энесин балдардан ажыратып балдар үйүнө өткөрүп, балдардын келечеги үчүн аракет кылсак жакшы болмок.

Жумакыз, Аламдүн району Рассвет айылы

Жооп: - Жумакыз, балдардын келечегин ойлоп кайрылганыңыз үчүн чоң рахмат. Эми ошол баштаган ишиңизди аягына чейин чыгарып коюңуз. Бул келин тууралуу Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнө билдириңиз. Себеби балдардын укуктары корголбой, энеси тарабынан тийиштүү тарбия жана багуу болбой жатат. Алар турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнү текшерип, анын көйгөйлөрүн ар тараптан карап, андан соң бир тараптуу чечимге келип колдоо көрсөтүшөт.

 

Суроо: - Күйөөм арак ичет, ичкен соң мага да, балдарга да кол көтөрөт. Балдарым менен кайда барарымды, эмне кыларымды билбейм, туугандарымдын тынчын алгым келбейт. Бул маселе менен кайда кайрылсам болот?

Зуура, Кара-Жыгач конушу

Жооп: - Сизге “Сезим“ кризистик борборуна кайрылууну сунуштайбыз. Ал борбордон бекер юридикалык, психологиялык консультация ала аласыз. Алардын убактылуу жатагы да бар. Дареги: Бишкек шаары, байланыш номери 0312 51 26 40.

 

Суроо: - Учурда 10 жаштагы неберемди багып жатам, өзүм оорулуумун. Аны энеси кичинекейинде эле таштап кеткен. Уулум болсо Орусияда иштеп жатат. Экөө тең баласына каралашып, жардам беришпейт. Неберемди бакканга чамам келбей калды. Ал улам чоңойгон сайын жаман балдарга аралашып туура эмес жолго түшүп кетеби деп санаам тынчыбайт. Ошол себептен убакыт-сааты менен тамак ичип, өзү теңдүүлөрдөн калбай жакшы окушу үчүн окуу жылында интернатка жайгаштырсамбы дедим эле. Ушундай кылууга мүмкүнбү?

Нуржазы, Ысык-Көл облусу

Жооп: - Негизи ар бир бала үй-бүлөдө тарбиялануусу зарыл. Анын ата-энеси 18 жашка чейин чоңойтууга, багууга милдеттүү жана жоопкерчиликтүү. Эгерде баланы багууга такыр мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, Жети-Өгүз райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнө кайрылыңыз. Алар үй-бүлөңөрдү текшерип, корутунду чыгарып, анан небереңизди убактылуу 6 айга чейинки мөөнөткө интернат мекемесине жайгаштырганга жардам беришет. Ал эми 6 айдан кийин небереңиздин интернат мекемесинде калуусун, көбүрөөк мөөнөткө жайгаштырууну соттун чечими менен узартсаңыз болот.