2017-жылга карата гороскоп

Маймыл жылы аяктап, босогодо Тоок жылы турат. Келаткан жаңы жылда сизди кандай өзгөрүүлөр, окуялар күтөт, ага жараша кандай пландарды түзсөңүз болот, жылдыз белгиңизге карап билип алыңыз.

 

Кой (21.03-20.04)

Кой жылдызындагыларда келаткан жылы перспективдүү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, бирок аларды колдонуу үчүн чечкиндүүлүк, ар кандай өзгөрүүлөргө даяр туруу талап кылынат. Карьералык жаатта илим менен алектенгендерге ийгилик жылмаят. Ал эми бизнесмендер көп эмгектенүүгө туура келет. Койлор 2017-жылы насыя албай эле койгондору оң жана Маймыл жылынын аягына чейин бардык карыздарынан кутулганы жакшы. Кыйын жагдайларда өзүн колго ала билгендердин сүйүүсүндө жана үй-бүлөсүндө бардыгы жакшы болот. Бойдоктор түгөйүн кышында же жазында табышат. Гигиенаны сактап, туура тамактанып, иммунитетти көтөрүп жана спорт менен машыгып оорулардан алыс боло аласыз.

 

Букачар (21.04-20.05)

Жакшы жакка өзгөрүү, кесип алмаштыруу мүмкүнчүлүгү, жаңы достордун пайда болушу жана жагымдуу саякат күтөт. Бизнес ачуу үчүн ылайыктуу жыл болмокчу. Бул үчүн январь-февралда жакшылап эс алып, күч топтоп, андан соң киришкениңиз оң. Киреше булагыңыз да артат. Кайрымдуулук менен алектенип, жакындарыңызга жардам берүүнү жылдыздар сунушташат. Жаңы идеяларды ишке ашырууга киришиңиз. Үй-бүлөдө болсо тынчтык орнойт, жубайлар ортосунда чыр-чатак дээрлик болбойт. Бирок балдарга көбүрөөк көңүл буруу керек. Бойдоктор үй-бүлө куруусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үйлөнүү тоюн жайдын аягы менен күзгө пландашса болот. Ден соолугунда суук тийүү менен аллергия тынчын алат.

 

Эгиздер (21.05-21.06)

Келаткан жылы терең ойлонуп, чечкиндүү иш алып баруу сунушталат. Жетекчилик менен мамиле кылууда этиет болуңуз. Мурдатан кыялданып жүргөндөр кыялын ишке ашырышса ийгиликке жетет. Акча жаатында чыгашага учурап калуудан сак болуңуз. Үй-бүлөлүү Эгиздер ата-энелеринин кеңештерин угуусу керек. Бойдоктор болсо бир эле убакта эки адамды сүйүп калуулары мүмкүн. Бирок түгөйүн туура тандоо алар үчүн маселе эмес. Кышында депрессияга кабылуу коркунучу бар. Андыктан таза абада эс алып, спорт менен машыккандары оң. Жүрөк ооруларынын да алдын алыңыз.

 

Бөйөн (22.06-22.07)

Бөйөндөр үчүн Тоок жылы физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да оор болот. Ызы-чуудан алыс болуп, токтоолукту сактаңыз. Билимиңизди өркүндөтүп, өзүңүздү-өзүңүз өнүктүрүү менен алек болуңуз. Жоопкерчиликтүү болбосоңуз, ийгиликтен артта каласыз. Карьерасын өнүктүрүүнү каалагандар жетекчисине өз жөндөмүн көрсөтүүгө тийиш. Акча жаатында болсо анчалык чоң деле кирешеге ээ болбойсуз. Насыя алуу, карызга акча берүү да сунушталбайт. Үй-бүлөлүүлөр никесин бузуп албоо үчүн чыр-чатактардан алыс болуулары керек. Бойдоктор болсо Эгиздер сыяктуу бир эле убакта эки-үч сүйүүгө кабылышат. Ден соолукка олуттуу көңүл бурууну жылдыздар сунушташат.

 

Арстан (23.07-23.08)

Бардык пландарды ишке ашырууга мезгил келди. Арстандарды бардык жаатта ийгилик күтөт. Акча жаатында киреше акырындык менен түшөт. Жумушту алмаштыруу үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жубайлар бири-бирине жардам берип, ар тараптан колдоп турушат. Бойдоктор август айында өзүнө төп келген түгөйдү табышат. Аны түбөлүккө айландыруу өзүңүздөн көз каранды. Ден соолугунда көп деле кооптонуу жаралбайт. Дайыма активдүү жүрүшөт. Болгону өнөкөт чарчоого кабылып калбоо үчүн күзүндө көбүрөөк эс алып, тамактанууңузду көзөмөлдөп туруу жетиштүү.

 

Бийкеч (24.08-23.09)

Бийкечтерде профессионалдык өнүгүү байкалат. Бирок буга жеке жашоодогу маселелер тоскоол болот. Майда-чүйдө иштер чогулуп калбасын үчүн баарын өз убагында бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Бизнес баштоону каалагандар ал тууралуу жакшы билген тааныштарына кайрылуулары керек. Биринчи жарым жылдыкта киреше жакшы түшөт. Бирок аны сарптоого ашыкпаңыз, жайдын ортосуна чейин күтө туруңуз. Декабрда акчага муктаж болуп калууңуз күтүлөт. Жалгыз бой Бийкечтер сүйүктүүсүн табууну каалашат, бирок ашыкпаңыз. Үй-бүлөлүүлөр болсо көбүрөөк балдарына көңүл буруусу керек болот. Жайкысын көп кыймылдоо, туура тамактануу сунушталат.

 

Тараза (24.09-23.10)

Тараза жылдызындагыларды бир топ маселелер, ошол эле учурда карьералык тепкичке көтөрүлүү күтөт. Бул учурда чечкиндүүлүк, өз алдынчалуулук жана сабырдуулук жардам берет. Эгер 2016-жылы чечилбей калган маселелериңиз болсо, аларды 2017-жылы чечүүгө аракет кылыңыз. Акчаңызды ой келди корото бербеңиз. Күзүндө жакшы кирешеге ээ болосуз. Ошондо да чоң буюм сатып алууга ашыкпаңыз. Жылдын башында нерв болуп, жакындарыңызга орой мамиле кылышыңыз мүмкүн. Көңүлүн оорутуп алуудан этиет болуңуз. Эмоцияга алдыруу ден соолугуңузга зыян келтирет. Анын кесепетинен баш ооруга, кан басымынын көтөрүлүшүнө чалдыгып каласыз.

 

Чаян (24.10-22.11)

Келаткан жылды жагымдуу өткөрүүгө Чаяндарга интуициясы жардам берет. Андыктан интуицияңызга таянып иш кылыңыз. Бардык ойлоруңуз ишке ашат, анын ичинде жумуш, турак жайыңызды да ойдогудай өзгөртө аласыз. Бизнес иштери үчүн да ийгиликтүү жыл. Эгер жан дилиңиз менен берилип иштесеңиз, кирешеңиз артары анык. Акча маселеси болот, бирок ири суммага ээ болуу да күтүлөт. Аны туура сарптаганга аракет кылыңыз. Бойдок Чаяндардын сүйүктүүсү менен болгон мамилеси көпкө узабайт. Ал эми үй-бүлөлүүлөрдө пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Ден соолугунда олуттуу оорулар жокко эсе болот. Бирок оор жаракат алып калуудан сак болууну жылдыздар эскертишет.

 

Жаачы (23.11-21.12)

Жаачылардын өзүн-өзү баалоосу жакшырат. Жаңы иш баштоодо чыдамкай болсоңуз, ийгилик сиз тарапта болот. Жылдын башында жумушуңузда маселелер жаралат, бирок жазында баары өз ордуна келет. Келаткан жылы өзүңүздү жумушка арнасаңыз, кийинки жылы чоң сыйлыкка татыйсыз. Жумушу жокторго жакшы жумуш табуу үчүн зор мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күзүндө кирешеңиз артат. Сүйүү жаатында бири-бирин түшүнүү, сыйлоо аркылуу түгөйлөрдүн мамилеси бекемделет. Бойдоктор узак убакыт бою сүйүү мамилесин курушат. Мында сабырдуулук талап кылынат. Ашказан менен ичегилериңизди этиет кылыңыз. Майрам эмес күндөрү да тамакты ашыкча жеп албаңыз.

 

Текечер (22.12-20.01)

Көп маселелер жаралат. Аларды батыраак чечкенге аракет кылыңыз. Мүмкүнчүлуктөр да көп болот. Аларды ишке ашырууга чечкинсиздигиңиз тоскоол болот. Жайында да бир топ маселелерге кабыласыз. Бул учурда ойлонуп иш кылуу жана кылдаттык олуттуу жагымсыздыктардан алыс болууга жардам берет. Кайрымдуулук Текечерлерге көп пайда келтирет. Андыктан жардамга муктаж адамдардан жардамыңызды аябаңыз. Акчаны жайында жана күзүндө короткон жакшы. Автоунаа, кыймылсыз мүлк сатып алып, же чет өлкөгө саякаттасаңыз болот. Жайга чейин сүйүү жаатында өзгөрүү болбойт. Жайында жалгыз бой Текечерлер баш айланткан сүйүүгө кабылышат. Күзүндө саламаттыкты бекемдөө үчүн дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюу ашыктык кылбайт.

 

Суукуйду (21.01-19.02)

Кеңештерге муктаж болосуз, бирок чечимди өз алдынча кабыл алган оң. Жылдын башынан эле активдүү иштөөгө туура келет. Жазында иштер ого бетер көбөйөт. Жайкысын чыр-чатактардан алыс болуңуз. Сүйүү жаатында бойдокторго ийгилик жылмаят. Үй-бүлө куруп, балалуу да болушу мүмкүн. Сентябрда ата-энелер менен балдарынын ортосунда түшүнбөстүк жаралышы ыктымал. Сабырдуу болуңуз. Жашоодогу жагымсыздыктар ден соолукка терс таасирин тийгизет. Андыктан майда-барат маселелерге баш оорутпай эле койгон дурус. Иммунитетти чыңдап, көбүрөөк спорт менен машыгуу сунушталат.

 

Балыктар (20.02-20.03)

Тоок жылында жалгыз иштөө ийгилик алып келбейт, топ менен иштеп, башкалардын да кеңештерине назар салыңыз. Маданият жана илим тармагында эмгектенгендерде карьералык өнүгүү байкалат. Каржы жаатында бардыгы жакшы болот. Бирок ири суммадагы акча сарптоо сунушталбайт. Жылдын аягында күтүлбөгөн акча каражатына ээ болосуз. Үй-бүлөлүү Балыктардын жашоосу тынч, бир калыпта өтөт. Ал эми бойдоктор бирөөнүн көңүл буруусуна муктаж болушат. Ноябрдын аягында айрым бойдок Балыктар бойдокчулук менен кош айтышат. Ден соолугунда маселе жаралбайт. Айрымдар арыктагысы келип диета сактоого өтүшөт. Оор жаракат алып калбоо үчүн кырсыктан сак болууну жылдыздар эскертишет.

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА