Аккожа Гульсара, “Галерея” ЖЧКнын кызматкери: “Быйыл 3d туш кагаздар популярдуу болууда”

Замандын өнүгүшү менен үйдүн интерьери үчүн түрдүү саамалыктар көбөйүүдө. Алардын бири – бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан 3D туш кагаздар. Буга чейин жөн гана кагаз түрүндөгү кадимки туш кагаздар колдонулуп келген болсо, азыр 3D түрүндөгү сүрөттүү туш кагаздар популярдуу болууда. Үйүңүздү өзгөчө стилде жасалгалоону кааласаңыз, 3D туш кагаздарды тандаңыз.

– 3D туш кагаздар Кыргызстанда качантан бери сатыкка чыгып жатат?

– Негизи биздин ишкана жыйырма жылга чукул туш кагаздар менен алектенип келет. Буга чейин кадимки кагаз сыяктуу туш кагаздарды чыгарып келсек, акыркы эки-үч жылдын ичинде сүрөттүү 3D түрүндөгү туш кагаздарды да сатыкка чыгарып жатабыз. Өзгөчө быйыл абдан популярдуу болуп суроо-талап өсүүдө.

– Бул туш кагаздар кайсы жактан алынып келинет?

– Туш кагаздардын бардык түрлөрүн өзүбүздүн фирма басып чыгарат. Ал эми технология, материалдары, боёктору Германиядан алынып келинет.

– Канча күндө даяр болот?

– Алгач кардар биз менен келишим түзөт, атайын бланк толтурат. Анда кандай туш кагаз буйрутма кылат, көлөмү канча, баасы, баары жазылат. Акчасы да алдын ала толук төлөнөт. Андан соң үч күндүн ичинде даяр кылып беребиз. Кардар өзү текшерип көрүп алат.

– Баалары кандай?

– Даяр 3D туш кагаздардын 1 чарчы метри 550 сом. Алар каталогдо, сайтыбызда көрсөтүлгөн. Стандарттуу өлчөмү: бийиктиги – 2 метр 70 сантиметр, кеңдиги – 1,5 метрден 4 метрге чейин. Биздин каталогдогу эмес, кардар өзү каалаган сүрөттү алып келсе да болот. Бирок анын баасы кымбатыраак, 1100 сомду түзөт.

– Кайсы түрүнө көбүрөөк буйрутма түшөт?

– Азыр орхидея, сакура гүлдөрү чагылдырылган 3D туш кагаздарды көп буйрутма кылып жатышат. Өзгөчө сакураны уктоочу бөлмөгө керебеттин баш жагына коюу үчүн буйрутма кылышат. Анткени ал майда гүлдүү сүрөт болгондуктан конок тосуучу бөлмөгө койсо көздү чарчатат. Уктоочу бөлмөгө койсо, киргенде эле дароо көзгө урунуп кооз көрүнөт. Андан сырткары Кыргызстандын жаратылышы, жайлоо, боз үй, кыргыз оюу-чийүүлөрү түшүрүлгөн туш кагаздарга да суроо-талап жогору.

– Мындай туш кагаздардын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Булар негизинен тар бөлмөнү кеңейтип, чоң кылып көрсөтөт. 5-6 жылга чейин туруштук берет. Сууга да чыдамдуу болгондуктан жууганда жабыркабайт.

– Кандай кам көрүүнү талап кылат?

– 3D туш кагаздар кирдеп калганда чүпүрөк колдонбош керек. Ал кирди кетирбей эле, тескерисинче, шыбап салат. Жакшысы губканы самындуу сууга малып, жакшылап сыгып туруп сүртүп коюу керек. Бирок туш кагаз чапталгандан кийин клейи толук кургаганча, тагыраагы, эки айга чейин тийбеш керек.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Шааркан Абдуллаева