Жумшак мүнөздүү, жашык талант Күмөндөр Абылов

Ар бир замандын өзүнүн сыймыктуу адамдары болот. Бүгүнкү замандын каарманы, актёр, куудул, обончу, көп кырдуу талант – Күмөндөр Абылов. Сахнада элге жылмаюу тартуулаган инсандын адамдык бейнесин жакындары аркылуу ачууга аракет кылдык.

 

Бакыт Мукул, иниси: «Байкемдикиндей жүрөк адам баласында жок болуш керек»

– Байкем алты айлык болуп ара төрөлүп калганга чоң апам тумакка салып бапестеп багып, каалаганынын баарын аткарып аябай эрке чоңойткон. Ошондуктан кара жумушка анча жок. Биз бала кезде 15-20 түтүн уйларыбызды кезүүгө кошуп, кезек менен кайтарчубуз. Кезек бизге келгенде үйдөгүлөр 8-класста окуган Күмөндөр байкем менен 3-класста окуган Таалай байкеме окуй элек мени кошуп үчөөбүздү уй кайтарганга жиберишчү. Уйларды айдап барып Нарын суусунун боюндагы токойго киргизебиз, Күмөндөр байкем чапанын алдына салып жатып уктайт да, уйкусу канганда туруп балык кармайт. Уй кайтарган - Таалай байкем экөөбүз. Түш оогондо үйгө кетип калчу. Ал кеткенден кийин биз жыргап кырдан таш тоголотуп оюнга кирчүбүз. Кечинде уйларды айдап айылга барсак, уйдун жарымы жок, түнү менен талаадан уй издечүбүз. Дегеле уй жоготпой кезүү кайтарган учурубуз болгон эмес. Кичинемде Күмөндөр байкемден абдан коркчумун. Балдар менен чүкө ойноп жатсак: «Тур, үйгө кирип чай кой», - деп баштан ары бир чапчу. Кийин армияга барып таптакыр өзгөрүп келди. Азыр Күмөндөр байкемдикиндей жүрөк адам баласында жок болушу керек. Абдан жүрөгү жумшак адам, тасма көрсө деле, батага барса деле ыйлай берет. Бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алганынан улам жашынан жүрөк оорулуу болуп калды.

 

Кубан Тыналиев, классташы: «Каттардын көбүн Күмөндөр ташыды»

– Экөөбүз 8-класска чейин чогуу окудук. Ал кичинесинде эле таланттуу болчу. Аккордеон, комузду эрте үйрөнүп 5-класстан тарта кароо-сынактарга катышып жүрдү. Мектепте орто окуду, эс тутуму абдан күчтүү болчу. Анан да тайманбастык, чынчылдык сапаты бала кезинен бар. Биздин учурда жогорку класстын балдары тың балдар аркылуу кыздарга кат беришчү. Ошол каттардын көбүн Күмөндөр ташыды. Берип жиберген балдар «өзүң окуба» десе, «ооба» деп алчу да, бизди мектептин артына ээрчитип барып окуп берчү. Биз мектептен кетип жатып ал кыздарды көрүп катты эстеп күлүп калчубуз. Айрымдарын мугалимдерге алдырып да жиберчү.

 

Эгемберди Бекболиев, курсташы: «Өзбек агайга “Манас” айтып бергенде...»

– Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр институтунда Күмөндөр менен чогуу окуп анын күлкүлүү окуяларына эрте күбө болдум. Биздин курстун жетекчиси Баташиков деген агай “Манас” эпосун абдан жакшы көрчү. Сабактын программасы боюнча ар бирибиз “Манас” айтчубуз. Агай убакытка карап туура беш мүнөт айттырчу. Бир күнү Күмөндөр “Манас” айтты. Убакыт бүтө электе эле “Манасы” түгөнүп калды окшойт, анын мотиви менен «Айылдын ары жагынан,/ Алмалуу колхоз багынан» деп эле улантып кетип атат. Мугалимибиз өзбек болчу, «эй Күмөндөр, токтоң, токтоң, “Манаста” колхоз багы барбы?» - деп атпайбы? Биз болсо каткырып атабыз. Эгерде «колхоз» деген сөзү болбогондо, агай ары жагын байкамак эмес.

 

 

Бакыт Исмайылов, досу: «Күмөндөрдүн сөз тапкычтыгына абдан таң калам»

– Мен Чубак Сатаев менен дос болчумун, ал аркылуу Күмөндөр менен таанышып, кийин экөөбүз дос болуп калганбыз. Күмөндөр - адамгерчилиги эң бийик инсан, майрамдарда, жамандык-жакшылыктарда биринчи болуп келет. Ар тараптуу талант, универсалдуу адам, азыр тарыхый поэма жазып атат. “Колдо бар алтындын баркы жок” болуп арабызда жүргөн үчүн анча билинбей атат, ал - кыргыздын тарыхында кала турган инсан. Анын сөз тапкычтыгы абдан таң калтырат. Бир жолу Келдибек Ниязов, Күмөндөр үчөөбүз сүйлөшүп туруп калдык. Мен ортопед-хирургмун да, Келдибек байке: «Эй Бакы, эжеңди көрсөң боло, тизеси ооруп жүрөт», - деп калды. «Эмне болду, доктурга көрсөттүңүз беле?» - десем, «ооба, “жаш курагынан” деп атат, бир буту эле ооруйт», - десе, Күмөндөр: «Жаш курагынан болсо, экөө тең ооруш керек эле да, эмне, бир тизесинен бир тизеси кичүүбү?» - деп коёт.

 

Рахман Разыков, сахналашы: «Күмөндөр утулганды жаман көрөт»

– Күмөндөр - көп кырдуу талант, Кудай буга болгону үн берген эмес, бирок ага болбой эле ырдай берет. Абдан импровизатор, интермедия ойной турган болсо, ага анын сөздөрүн берип кереги жок, темасын айтып койсоң эле калганын өзү жеткирип коёт. Ал эми сахнанын артында айтканын бербеген кежир адам, экөөбүз бир нерсени талашып кетсек таң атканга чейин деле отура берет. Бир жолу экөөбүз гастролдо жүрсөк жатаканада шахмат бар экен, «ойнойбуз», - деп калды. «Менин ойнобогонума көп болду», - десем, болбой: «Отурчу, ойнойбуз», - деп болбоду. Бир партия утуп койдум. Утулганды жаман көрөт да, болбой тизип алып: “Дагы ойнойбуз”, - деди. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү жолу утулду… “Дагы бир жолу ойнойбуз”, - деп атып улам эле утулат. Анан түндөсү: «Чарчадым, уктайм», - деп жатып алгам, эртең менен турсам, «ойнойбуз», - деп дагы камынып калыптыр.

 

Эльвира Ибрагимова, режиссёр: «Алгачкы спектаклим Күмөндөрдүн арты менен ийгиликке жетишкен»

– Актёр Күмөндөр Абылов менен Нарын театрында иштеп жүргөндө, тактап айтканда, 1980-жылдары таанышкам. Менин биринчи койгон комедиялык спектаклимде ал чалдын ролун ойногон. Ал учурда Күмөндөр 25-30 жаштарда экенине карабай 70 жаштагы чалдын ролун абдан мыкты ойноп берген. Эсимде, ошол спектаклге эшектин кыйкырган үнү керек болуп калды. Анда азыркыдай интернет деген жок, эшектин үнүн кайдан табарымды билбей ойлонуп отуруп калдым. Анан Күмөндөрдүн колунан келерин сезип, сурансам дал өзүндөй кылып туурап берди эле, жаздырып алдым. Ал спектаклдеги өзүнүн эшеги болчу. Эшектин кыйкырган жерине келгенде көрүүчүлөр Күмөндөрдүн үнүн таанып каткырып, кол чаап жиберишчү. Ошол спектакль менен Кыргызстанды кыдырып, Бишкекке да келгенбиз. Күмөндөрдүн ролу спектакль үчүн чоң ийгилик алып келген. Бул инсан - фантазияга бай, бардык жагынан төп келген актёр. Мындай адамдар чанда туулат.

 

 

Аскат Сулайманов, кесиптеши: «Экөөбүз өңгүрөп бир ыйладык дейсиң…»

– Менин актёрдук карьерама Күмөндөр Абылов менен Эрнест Абдыжапаровдун салымы абдан чоң. Мени «Айыл өкмөтү» тасмасындагы “аймактык милициянын ролуна тартылсын” деп ой кошкон Күмөндөр Абылов болчу. Бул адам - жумуш дегенде күнү-түнү уктабаган эмгекчил инсан. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөзүбүздөн түшүнгөн, эң жакшы кесиптеш, бир тууган ага-инидейбиз. Биздин көп жактарыбыз окшош. Мисалы, экөөбүз тең жашыкпыз, бирөөнүн оор тагдырын угуп калсак ыйлай беребиз. «Айыл өкмөтү» тасмасын тартып жүргөндө кечки тамакты жеп бүткөн соң Күмөндөр байкени карасам, ал да мени карап туруптур. «Жүрчү, эшикке чыгалы», - деди эле, экөөбүз ээрчишип эшикке чыктык. «Эмне болду?» - деди эле, «билбейм, өзүмдөн-өзүм эле ыйлагым келип атат», - десем, «ай, менин дагы ыйлагым келип атат, жүр тетигиндей, эл жок жерге барып ыйлап келебиз», - деди. Тасма тартылган жерде Орто-Токой суусу өтчү да, катуу аккан суунун жээгине бардык. Күмөндөр байке: «Сен ылдыйыраак олтур, мен улуу эмесминби, өйдөрөөк олтурайын», - деп ортосу беш-алты метрдей аралык жерге олтуруп алып өңгүрөп бир ыйладык. Ыйлап бүтүп дөңсөөгө чыгып бири-бирибизди карап аябай каткырып күлдүк. Күмөндөр байке: «Эмне ыйладың, келесоосуңбу?» - десе, «сизчи?» - деп коём. Көрсө, экөөбүз тең бук болуп турган экенбиз.

 

 

Аваз Абылов, уулу: «Эркелетчү жерден эркелетип, жазалачу жерден жазалайт»

– Атам - эң мыкты ата, бизге татыктуу тарбия берди. Эркелетчү жерден эркелетип, жазалачу жерден жазалап коёт. 2003-жылдары болсо керек эле, бир күнү атам үйгө алдындагы столу менен кошуп компьютер алып келип калды. Үйдө иниси Марат байкем бар эле, экөөбүздү: “Столду көтөрүп келгиле”, - деп эшикке жиберди. Подъездге киргизели десек батпайт, анан күчкө салып түртсөк чекелери омурулуп кетти. 3-кабатка алып чыксак кайра үйдүн эшигинен кирбейт. Ал жерден да күчкө салып түртүп атканымды көрүп мени аябай сабаган. Бирок атамдын жүрөгү жумшак, боору ооруп кайра эле чакырып өпкүлөп калат.

 

Динара ЧОКОЕВА