АНАРКҮЛ: «Бизди балалуу кылчу карын эне амалыбызды түгөттү»

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Анаркүлдүн абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

Биз Кыргызстандын алыскы райондорунун бириненбиз. Жылдын жаңырышы менен мен 37, жолдошум 42 жашка карадык. Акыркы үч жылдан бери борбордо жашайбыз. Минтип ата туракты таштап шаарга келишибиздин себеби – бала. Бирге жашаган 15 жылдан бери күткөнүбүз, тилегенибиз жалгыз ушул. Биздин бактыбызга бир гана бала жетишпейт. Кеп башынан болсун.

***

Жолдошум экөөбүз бир облустанбыз. Жогорку окуу жайды аяктаган соң бир мектепте иштеп калып ошол жерден таанышканбыз. Жердеш карындашы катары жакшы мамиле кылып жүрүп, кийин мени ала качып алды. Чынында мен деле ага кайдыгер эмес элем. Анчейин каршылык кылбай отуруп калдым. Никебиз бекем, сүйүүбүз ысык болду. Борбордон айылга которулуп ата-энесинин колуна бардык. Жаш болгон экенмин, жашообуздун алгачкы төрт-беш жылы деги эле кайгы-капасыз өттү. Мектепте мактоого татыган мугалим болуу, үйдө ынтымак өмүр сүрүү жетиштүүдөй эле. Кайда барсак жетелешип жыргап жүрө берген бактылуу бул жылдар көз ирмемдей өтүптүр. Анан мурда мага тиешеси жоктой туюлган «боюнда бар бекен?», «ай, бул келин төрөйт бекен?» деген абысын-ажын, жеңелердин кеби бара-бара менин жарама айланды. Айтылган сөздөр жүрөгүмө октой тийип, бала деген сөз талылуу чекитим болуп калды. Ошондон баштап дарыгерлерге каттап баштадым. Алардын айтканын кынтыксыз кылганымдын жардамыбы же Кудай бизге баланы ушул маалда берүүнү каалады бекен, айтор, тилегим аткарылып кош бойлуу болуп, уул таптык. Бактыбыз артып, кемибиз толуп турган чакта кубанычыбыз кайгыга алмашты. Наристебиз бир жашка толгон кезде кырсык басып чарчап калды. Ажалы агын сууда экен.

Бул жоготуу мени баш көтөргүс кылды. Жашоо токтогондой баарына кайдыгер карап калдым. Бирөөлөрдүн кайрат айтканы да, чыйралсын деп катуу айтканы да мага баары бир эле. Жалгыз гана жолдошумдун колдоосу, сүйүүсү мени жандандырды. Деги эле Мырзанын мени багындырган артыкчылыктары жанда жок мээрими, камкордугу, туруктуулугу эле. Мүңкүрөп жата берип аны да кайгыга салгым келген жок. Убакыт өтүп дагы да балалуу болобуз деген үмүт кайра жанды. Кайрадан дарыгерлерге каттоо, текшерилүү, дарылануу… Жолдошум да текшерилди, ага коюлган аныктамалар боюнча биз балалуу болушубуз толук мүмкүн эле. Бирок биздин тилек кечикти, канчалаган себептерин кылганыбыз менен мен кош бойлуу боло албадым.

***

Жылдар учуп өтүп жатты. «Дөөлөтүң да эгиз, мээнетиң да эгиз» деген чын белем, жарым жылдык тыныгуудан кийин жакшы кабардан үмүт кылып барган мени жаман кабар дагы бир бүк түшүрдү. Жатында миома илдети бар экен. Дарыгер: «Азырынча көлөмү кичинекей, кош бойлуу болуп төрөсөң жоголуп кетүүсү толук мүмкүн. Андан көрө төрө. Болбосо бул чоңоюп жүрүп отурса, операция кылууга туура келет», - деди. Ал айткандай эле кош бойлуу боло калсам кана, атаганат. Бул кабарды уккандан баштап күйөөм экөөбүз бирдей түн уйку, тынч жашоо дегенди унуттук. Бири-бирибизди аяй карап, аяй мамиле кылып, өз-өзүнчө эзилип жашап жаттык. Миң түркүн ойлордун арасында мен анын мени таштап кетүүсүнө, “ажырашалы” деп айтканын угууга, мени жектеп, жемелөөсүнө даярданып да алдым. Анын алдында күнөөлүү болуп, айланчыктаган мамилесине татыктуу эмес экенимди билип эле турдум. Бирок Мырзадан мен ойлогон жаман ойлордун бири да байкалбады. Адаттагысындай эле мени жоошутуп, алы жеткенди кылып, буту жеткен жердин баарына алып барды. Эки жылдай убакыт өттү, ичим кош бойлуу аялдыкынан бетер чоңоюп баратты. Ошондо Мырзанын сунушу менен айылдагы жашообузду толук жыйыштырып, ишибизди өткөрүп берип шаарга бет алдык. Шаарга деле бат эле отурукташтык. Бул маалда мен бир кезде доктур айткан жагымсыз абалга кептелдим. Ден соолугума андан чоң коркунуч келбеши үчүн операцияга макул болуп, жатынды алдырып салуудан башка айла болбоду. «Кудайдын буйругу, башка салганы ушул экен» деп мен күйөөмө, ал мага кайрат айтып, ыйлап-сыктап тагдырга баш ийдик.

Ооруканада жаткан адам миң түркүн тагдыр ээлерин көрөт эмеспи. Ошол жерден эпилдеп-жепилдеп адамдын ичи-койнуна кирип кеткен Диля деген келинден карын эне деген тууралуу биринчи жолу уктум. Ал мага мунун болгон жөн-жайын ийне-жибине чейин айтып, түшүндүрүп берди. Ата-энеси тууралуу эч нерсе билбей туруп багып алган баладан көрө күйөөм экөөбүздүн уругубуздан жаралган баланы төрөтүп алуу мага да жакты. Башында ынабаганы менен кийин Мырза да макул болду. Анан Дилянын жардамы менен биз издеген карын энени да таптык. Диля бизден жардамын да, кеп-кеңешин да аяган жок. Ага рахмат.

***

Жазира – бизди балалуу болуу бактысына жеткирчү карын эне. Ал да бир бак айтпаган бейтаалай экен. Өгөй эненин колунда, аракеч атанын азабын тартып жүрүп чоңоюп, кийин турмушка эрте аралашыптыр. Күйөөсү кызганчаак кызыл камчы чыгып, анын токмогуна чыдабай баласын кайненесине калтырып шаарга качып келгенине жарым жылдай эле болуптур. Курбусу менен батирде жашап, иш издеп жүрүп Диляга кезигип калган экен. Диля башында эле мага: «Буга эми акчага муктаж, анча жакшы жашоону көрбөгөндөр барат. Ары ошондойлорду тапкан туура, акчаны жыттатып турса эле андайлар айтканды кылат», - деген. Жазиранын али да бала, арам ою жок көз карашы мени ыраазы кылды. Анын бир дагы документи жок болгондуктан биздин ортого деле эч кандай документтин кереги жок деген тыянакка келдик. Биринчи жолугушууда эле мен аны батир, тамак-аш, кийим-кече менен толук камсыз кыларымды убада кылып, ал ден соолугу боюнча эмне кылышы керек болсо, ошонун баарын кынтыксыз аткаруусу керектигин айтып, убадасын алдым. Качан балабыз аман-эсен колубузга тийген соң ага Кант шаарынан бир бөлмөлүү батир алып бере турган болуп макулдаштык. Ишти анын ден соолугун текшертүүдөн баштадык. Кудай жалгап жаман дарты жок, ден соолугу жакшы экен. Эми биротоло ишенимибиз бекип, тез арада аны шарты бар батирге көчүрүп бардым. Ал тийиштүү витаминдерди кабыл алып баштады. Мен жаңы ишке орношкондой эле болдум. Таң эрте азык-түлүк көтөрүнүп алып Жазирага барам, тамагын жасап берем, аны менен сүйлөшөм. Экөөбүз сейилдейбиз. Ал ачылып сүйлөй бербеген жан экен, жылдырып суроо салып отуруп башынан өткөндөрүн угам. Мен аны жакын сиңдимдей эле кабыл алып калдым. Анан ал кош бойлуу болду. Баягыдай эле жашоо уланып жатты. Дилянын кеңеши менен мен күйөөм менен Жазираны бир да ирет кездештирген жокмун жана Жазирадан бала тууралуу сезимдерин таптакыр сурабадым. Жолуккан сайын ыгын таап бала биздики экенин, биз аны күтүп атканыбызды, ал бизге гана тиешелүү экенин айтып коюп жүрдүм.

***

Жазиранын мага карата салкын мамилеси качан, кандайча башталганын байкабай да калыптырмын. Кыязы, курсагы чоңойгон сайын баштагыдай болбой, мага кабагын салып, өзүн алыс тутчу болду. Демейдегидей “аны ала келиңиз, муну ала келиңиз” дебей, жолугушуудан да качып баштады. Мен болсо кош бойлуу неме эс алгысы келип аткандыр, мейли, уктасын. Кош бойлуу неме урушчаак болуп калат, мейли, өз алдынча болсун деп жүрө бериптирмин. Бир күнү таптакыр телефонун көтөрбөй койду. Сарсанаа болуп учуп жеттим. Эшик бек экен, мендеги ачкыч менен ачып кирсем Жазира жапжакшынакай телевизор көрүп отурат. Жол бою жаман ойлорго чулганып келген жаным ачуумду бүркүп алдым:

– Телефонду эмне албайсың? Эсиң бар немесиңби?

– Сүйлөшкүм келген жок, - камаарабай жай унчукту.

– Анда ошентип айт да, кишини жинди кыласың го сен?

– Антпей эле коюңуз, мына, отурам үйдө эле. Жетип келе каласыңар да, – ал тескери карап жатып алды. Дагы катуу сүйлөп, кепти арбытып алуудан чочулап кетип калдым. Кыялын көргөзүп бетин ачып алгангабы, кийин ал мени ачыктан-ачык эле коркутуп, кагып-силкчү да болду. Жай отуруп себебин сурасам, унчукпай калат. Бирок биздин ортодо тымызын тиреш күч ала берди. Мен анын балага карата ою бузулуп калганын эми даана билдим. Анын кимдер менен сүйлөшүп, байланышып атканын, кайсы маалда кайда эмне кылып жатканын тымызын аңдый баштадым. Баягы курбусунан башка эч кими деле жок. Шаарды анча билбейт. Бирок мен үчүн анын баланы бизге ыраа көрбөй калганынан өткөн коркунуч жок. Мен Жазиранын көзүнөн али төрөлө элек балага карата мээримди көрөм. Аны эч кимге ыраа көрбөй турганы айдан-ачык байкалат. Бир гана анын канына сиңген тартынчаак, коркок кулк-мүнөз баланы бизден ачык талашууга жол бербегени көрүнүп турат. Бирок бир туруп кекирее басып кетчү да түрү бар сыяктуу.

***

Жазира ушул айда көз жарат. Өгүнү барсам үйдө жок экен. Чалсам, телефону үйдө калыптыр. Кызыга карай кеттим. Курсагын сылап түркүн сүрөттөргө түшүптүр. Анан айрымдарынын бетине «балам, сени эч кимге бербейм», «мен көтөргөн бала меники гана болот» деген жазууларды жазып коюптур. Денем дүркүрөп, муунум калчылдап жаман болдум. Ал эшиктен келгенде эч нерсе билбеген киши болуп учурашып, абалын сурап кетип калдым. Бизге карата каршылыгы күчөбөсүн деп ал тууралуу ооз ачкан эмесмин. Бекер кылыптырмын, эми ушундан көп өтпөй ал эшиктин кулпусун алмаштырып, телефонун да өзгөртүп салды. Үй ичинде эле бекинип жатканы белгилүү. Доктур белгилеген төрөт күнүнө аз калып баратат. Биз ал төрөчү төрөт үйүн да, дарыгерлерди да таап, баары менен сүйлөшүп койгонбуз. Убада боюнча алып берчү там да табылган. Бирок анын баары азыр Жазираны кызыктырбай калды. Эшик алдын шынаарлап, босогосуна чөгөлөп жалбарып суранып да, ыйлап да келем. Ыйдын гана дабышы чыгат. Катуу айтуудан азыр пайда жок. Биротоло качырып албайын деп корком. Бул бир санаам болсо, минтип камалып жата берсе, толгоосу келип калганда кыйналып калабы, бала аман-эсен төрөлөбү деп бир сарсанаамын. Эгер балабыз жарыкка келсе ал кимибизге буюрат, кимибизде калат. Колубузда бир кагаз документ болбогондуктан эгер Жазира “менин баламды талашып атышат” деп чыкчу болсо, анда таза куру жалак каларыбыз анык. Анда биздин сарптаган миңдеген доллар акчаларыбыз да, он айдан бери менин жүгүрүп тамак ташыганым да, батир акысын төлөп, басып-туруп Жазиранын аман-эсен төрөшүн тилегеним да бекер. Буларды ойлогондо кан басымым көтөрүлүп, башым айланат. Карын эне жалдаганыбызды жакындарыбыз деле билишпейт. Андыктан Дилядан башка кеңешерибиз да жок. Айлам түгөнүп көпчүлүктөн акыл-кеңеш сурап отурам. Жазира болгон амалыбызды түгөттү, канткенде балабызга аман-эсен жете алабыз?..