Сулуулук үчүн меню

Сууктун күнү бетке кам көрүүдө биринчи кезекте бет май, ар кандай косметикалык каражаттардын жардамына таянабыз. Бирок баарынан жакшысы табигый азыктар. Эмесе, ар кандай аба ырайында эң пайдалуу азыктар тууралуу билип алыңыз.

 

Тери үчүн

Балык. Балыктын майлуу сорттору өзүнө эч нерсеге алмашылгыс кымбат омега-3 май кислотасын камтыйт. Омега-3 беттин, сырткы теринин нымдуулугун сактайт. Бул май кислотасы ысыганда бузулуп, сапатын жоготот, андыктан муздак кезинде жеш керек. Демек, селёдканы көп жеген туура.

Гречка. Дарыгерлер курамында көп өлчөмдөгү рутин бар деп гречканы абдан баалашат. Бул зат майда кан тамырларды бекемдейт. Андыктан гречкадан жасалган ботко суукта мурду тоңгондор үчүн абдан пайдалуу. Ошондой эле ал кан айланууну жакшыртат, курамына көп өлчөмдөгү темирди камтыгандыктан аны жактырып жегендердин бети жагымдуу келет.

 

Чач үчүн

Уйдун боору. Уйдун боору темирге бай, ал башты кургоодон, чач түшүүдөн сактайт. Бул азыкты дайыма жеп жүрүү менен чачтын сапаты жакшырат. Бирок аны көпкө куурууга болбойт. Антсе даамы менен катар пайдалуулугу да жоголот.

Жаңгак. Бул азыктын курамындагы көп өлчөмдөгү жез чачты серпилгич кылат. Андыктан жаңгакты дайыма рационго кошкон туура. Бирок келбетиңизди бир калыпта сактайын десеңиз, күнүнө 30 граммдан ашык жаңгак жебеңиз.

 

Тырмак үчүн

Сабиз. Сабизге май кошулган салат организмди А витаминине толтурат, жыйынтыгында тырмакты жалтыратып, морттугунан сактайт.

Сүт азыктары. Табигый сүт азыктары кальцийге бай болгондуктан биринчи кезекте тырмактын сапатын жакшыртат. Өзгөчө ал жайында күндүн нурундагы D витамини менен чогуу жакшы жыйынтык берет, кышында болсо балыктын майы менен кошо колдонуу шарт.

 

Тиш үчүн

Алма. Тиш доктурлар алма эмалдын түсүн жакшыртарын айтышат. Ошондой эле тиштин ортолорун тазалап, кариести чакыруучу микробдор менен күрөшөт.

Жүгөрү. Аппак, бекем жана чың тиштердин ээлери латиноамерикалыктар болушат. Анткени алар улуту менен кальцийге бай жүгөрүнү көп жешет.

 

 

Келбет үчүн

Ашкабак. Окумуштуулар бул азыктын салмактан арылууга жөндөмдүү экенин далилдешкен. Чындыгында изилдөөлөрдө ашкабак аялдарды да, эркектерди да ашыкча салмактан арылткан. Бул жашылча өзгөчө аялдардын келбети үчүн баалуу. Жумасына аз дегенде үч ирет ашкабак жеген аял сырткы келбетин туруктуу сактай алат.

Сельдерей. Бул көк чөп дүйнө жүзү боюнча диетологдордун сүйүүсүнө арзыган. Анткени сельдерей зат алмашууну жакшыртат жана майдын топтолушуна тоскоол болот. Ошондуктан сельдерей арыктоо үчүн диеталардын курамына көп кошулат.

 

Жалпы сулуулук үчүн

Чийки бадам. Бадам - Е витаминине абдан бай табигый антиоксидант жана белок. Биздин тиш, тырмак, сөөк, чачыбыз үчүн эң пайдалуу болгон кальцийдин булагы. Ошондой эле ал башка мөмөлөрдөн айырмаланып шакардуу касиетке ээ. Шакардуу азыктар организм үчүн абдан пайдалуу. Ал суук тийүүнүн алдын алып, иммунитетти көтөрөт. Курамындагы көп өлчөмдөгү биотин жана В витаминдеринин тобу тырмак жана чачты бекемдейт. Колдон келишинче чийки, тузсуз бадамды тандаганга аракет кылуу керек.

 

Көк чөптөр. Биздин денебиз пайдалуу заттар менен көк чөптөрдү губка сыяктуу соруп алат. А, С, Е, К, керек болсо В витаминдеринин тобу жана темир биздин организмге көк чөптөр менен кирет. Шпинат, брокколи капустасы курамына көп өлчөмдөгү кальций, магний жана натрийди камтыйт. Бул минералдар өзгөчө чач, тырмак, теринин саламаттыгы үчүн маанилүү. Анан да көк чөптөрдө суу көп, ошондуктан алар организмдин нымдалышын шарттап, токсиндерден куткарат.

 

Ток сары түстөгү өсүмдүктөр. Картошка, сабиз, ашкабактагы көп өлчөмдөгү А витамини тырмак, чач, теринин абалын жакшыртат. Ошондой эле булардын курамындагы С витамини стресстен арылтып, организмди картаюудан сактайт. Бул азыктарды тамак-ашка колдонууда мульти бышыргычты тандоо керек. Эгерде чийки жегенди каалагандар болсо, андан жакшы.

 

Сулу акшагы. Эң арзан жана табууга оңой болгон бул азык менен катар эле күрөң күрүч, арпа акшагы да териге, тырмакка, чачка пайдалуу. Анткени клетчатка, белок, биотин, В витаминдер тобу, антиоксидант, магний, калийге бай. Сулу акшагы суук тийүү процессин төмөндөтүп, терини тазалап, стресстен арылтып, клеткалардын азыктануусун жакшыртат.

 

Тери сулуу жана кам көрүлгөн болуусу үчүн жылдын кайсы учуру болбосун, бул витаминдерди кабыл алууну эсиңизден чыгарбаңыз.

 

Бета-каротин. Сабиз витаминге эң бай. Ал териге эрте түшүүчү ар кандай бырыштардан, эриндин кесилүүсүнөн сактайт.

 

Ликопин. Курамындагы антиоксидант терини убактысынан эрте картаюудан, шамалдан коргойт. Ликопин томатта абдан көп, помидорду кычкыл сүт азыктарына айкалыштырып жесе туура болот.

 

Е витамини. Бул витамин терини эрте картаюудан сактайт. Терини нымдаштыруучу, коргоочу өсүмдүк майы, зайтун, жаңгак аталган витаминдин булагы болуп саналат.

 

Цинк. Терини бардык көйгөйдөн сактайт. Кызылча, көк пияз, катуу буудайдын унун дайыма жеген адам цинкти кабыл алган болот.

 

Алия ДАНИЯРОВА