Айтматов ааламындагы айымдар

Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – өзүнчө бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган. Мындай бакытка ээ болуп элдин кызына, кыргыз аялынын жүзүнө айланып калган айымдарды иргеп, алардын Айтматов ааламына кандайча аралашып калгандыгын иликтеп көрдүк.

Айтматовдун тандоосу менен Толгонайга айланган Бакен Кыдыкеева

Геннадий Базаров тарткан “Саманчынын жолу” тасмасы 1967-жылы элге көрсөтүлгөн. Жаш режиссёр чыгарманы тасмага айлантарын укканда эле Чыңгыз Айтматов: “Мен Толгонайдын образын Бакен Кыдыкеевадан көрүп жатам”, - деген. Режиссёр да ушул пикирде болгондуктан бул роль ошол кездеги Кыргыз ССРнин Эл артисти Бакен Кыдыкеевага сынаксыз ыйгарылган. Улуу актриса тууралуу: “Бакен эже кесибин мыкты билгендиктен аны менен иштешүү оңой болду. Ал турсун, менин ишимди кыйла жеңилдетти. Эжеге эч кандай нускоонун кереги жок эле. Эсимде, Майсалбектин “баратам” деген катын алган соң аны тосууга барган жерде эжени поезд тебелеп кете жаздаган. Тасманын мыкты деңгээлде чыгышына Бакен эженин салымы зор”, - деп эскерет режиссёр. Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образы үчүн СССРдин Эл артисти наамына ээ болгон. 

 

 

Алтынай Натальяны балет дүйнөсүнөн кино дүйнөсүнө алып кеткен

Кыргыз жана Орусия Эл артисти Наталья Аринбасарова Чыңгыз Айтматовдун эки каарманын тасмага жашаткан. Биринчиси “Биринчи мугалим” тасмасындагы Алтынайдын образы болсо, экинчиси - айтылуу Жамиля. Актриса тасмага режиссёр Андрей Кончаловскийдин тандоосу менен тартылган. Бул учурда ал тасма дүйнөсүнөн эч кабары жок балерина болуу кыялына жетүү үчүн билим алып жаткан эле. Ошентип, 17 жаштагы Наталья Кыргызстан деген жерге биринчи ирет келип, биринчи образын жаратып, тасма ааламынын босогосун алгач ирет аттайт. Актриса интервьюларында: “Дүйшөн экөөбүздүн атка учкашып жаанда калган жерибиз мен үчүн эң оор болгон. Жаанды өрт өчүргүчтөрдүн машинеси менен шар аккан суудан алып жасашкан. Суу денебизге чыныгы жамгырдай жумшак тийбей, муздак суу бир жонубузга, бир көкүрөгүбүзгө күч менен урунат. Тартуу иши бир күнгө созулуп, тартуу соңунда мен эсимди жоготуп кулагам. Ал эми Дүйшөн менин мойнумдагы күмүш зер буюмду жулуп алып бетке чапкан жерин 15тей дубль менен тартканбыз. Болот ар бир жолу образга кирип чаба бергендиктен бетим көгөрүп, шишип кеткен”, - деп эскерет. Жаштыгына карабай ушундай түйшүктөрдү көтөргөн актриса Алтынайдын образы менен тез арада эл аралык атакка жеткен. Ал тасмада бийиктиктерге жеткени менен балерина болбой калганына азыркыга чейин өкүнөт. Наталья Аринбасарова 2016-жылы Кыргызстанга келип “Ак илбирс” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземинде кыргыз тасмасына кошкон салымы үчүн сыйланган.

 

 

Назира Мамбетова – бузуку Кадича, бактысыз Бекей

Учурдун улуу таланты Назира Мамбетова да Айтматов ааламында татыктуу из калтырган. “Мен Тянь-Шань” тасмасындагы Кадичанын образы тасма тартуучулардын, тасма таануучулардын көз карашында мыкты чыкканы менен аны эл абдан жектөө менен кабыл алган. Бир бүлөнү бузган аялдын ролун ойногону үчүн актриса энеси баштаган элдин жемесинде калып, ооруканага барса ийне сайдыра албай, конокко барса тынчыраак отуруп чай иче албай калган экен. “Ак кеме” тасмасындагы күйөөсүнөн токмок жей берген Бекейдин образы болсо актрисага карата калың элдин аёо сезимин ойготкон. Бул образдары тууралуу актриса: “Кадичаны ойногондо турмушка чыга элек 23 жаштагы кыз элем. Тасмадагы өнөктөшүм Дүйшөн менен бир төшөккө жатып тартылуу мага азап болгон. Уялып, ал үчүн тил уккам. Ал эми Бекейдин образын ойногондо бир кыздын энеси болуп калгам. Бири-бирине карама-каршы келген бул эки образ тең өзүмө абдан жагат”, - дейт.

 

 

Базарбайдын азабын тарткан Жамал Сейдакматова

Баарыбызга белгилүү “Акбаранын көз жашы” тасмасы “Кыямат” романынын негизинде тартылган. Андагы ичкич Базарбайдын аялынын ыйы, ызалуу сөздөрү көргөн жандын зээнин кейитет. Бул образды ачып берген актриса Жамал Сейдакматова тасманын тартылышы тууралуу: “Тасма Бостон Базарбайды атып кетип, аялы Базарбайдын башын кучактап сыздап ыйлаган жеринен тартыла баштаган. Бул бир эле дубль менен тартылып мен режиссёрдун ыраазычылыгына татыгам. Ал эми Базарбайдын мени сабаган жери эки күндө тартылган. Себеби Дүйшөн ыймандуу бала болгондуктан мени аялы катары кабыл ала албай уялып, тартына берди. Ошондо ишин мыкты билген режиссёр Дооронбек Садырбаев аны өзүнчө чакырып алып намысына тийген кептерди айтып: “Азыр жакшы ойнобосоң, сени алмаштырууга туура келет”, - дегенге чейин барыптыр. Анан намыстанып калган Дүйшөн келип мени көңдүн арасына киргизе чаап атпайбы. Сценарий боюнча анчалык “чапканда көңгө кирип кетсин” делген деле эмес эле. Бирок ошентип ийгиликтүү болуп кеткен. Дүйшөн байкуш мени чабарын чаап алып, камера токтору менен жүгүрүп келип кечирим сураган. А мен ага капа болбой эле, ишин жакшы аткаргандыгы үчүн ыраазы болгом”, - дейт.

 

 

Асел Эшимбекова беш образынын ичинен Бегимайды гана жактырат

“Махабат дастаны” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” тасмасынын негизинде тартылган. Башкы каарман Бегимайдын образына кыз изделип жаткан маалда актриса Гүлнара Чокубаева аялдамада отурган Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Аселди көрүп калат. Аны апасына окшоштуруп дароо таанып, аталган образга ылайык көрүп режиссёр Дооронбек Садырбаевге айтып келет. Тартуучу топ Аселди тандашканы менен 16 жаштагы секелек кызынын тасмага тартылышын атасы каалаган эмес. Режиссёрдун кайталап суранып: “Жоопкерчилигин өз мойнума алам”, - деген убадасы менен гана макул болуп, актриса болушун каалабаган атасына Асел: “Мындан башка тасмага тартылбайм”, - деп кол бергенден кийин гана тартуу иши башталган. Ийгиликтүү чыккан Бегимайдын образы актрисаны тасма ааламына арбап, атасына айткан убадасын унуттурган. Асел Эшимбекова жалпысынан беш тасмада образ жараткан. Бирок алардын арасында өзү Бегимайдын гана образын жактырып көрөрүн айтып келет.

 

 

Мырзагүл болом деп чачын эки жыл бою беш өрүм кылып жүргөн Нургүл

Бала күнүнөн тасма ааламына кызыкдар Нургүл Кендирбаева 7-класста окуган тестиер курагында радиодон “Чыңгыз Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар» чыгармасынын негизинде тасма тартылат. Тасмага тартылууну каалаган кыздар, балдарга сынак жарыялайбыз» деген жарнаманы угуп сынакка катышкан. Тасма 1977-жылы тартыла баштап, 1979-жылы аяктаган. Бул аралыкта тасмага тартылууга дайыма даяр турушу керек болгондуктан жаш актрисанын чачы ар качан беш өрүм болуп жүрчү экен. Бирок али жаш, актрисалык тажрыйбасы таптакыр жок кыз үчүн кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Бул тууралуу ал: “Тартуу учурунда Мырзагүл ыйлай турган күнү ыйлай албай калган күндөрүм болду. Тасмада мектептен чыккан кыздарды чоң ата чана менен алып кетейин деп отургузганда Анатай чуркап келип кыздарды чанадан кулатып жиберет. Ошондо Мырзагүл ыйлашы керек болчу. Бирок мен такыр ыйлай албай койгом. Менин ыйлашымды күтүү менен күн өтүп кетмек болду. Анын айынан түшкү тамакка да барбай калдык. Кыштын суук күнү эле, бир убакытта курсагым ачып, үшүп, чыдабай калганда ыйлап кирдим. Алар менин ыйымды тасмага тартып калышты”, - деп эскерет. Нургүл Кендирбаеванын актриса болсом деген кыялы атасынын каза болушу менен кошо жок болуп, чет тилдер факультетинде окуп калган. Учурда бир уул, бир кыздын энеси. 

 

 

 

Бир мүнөз, намыскөй айымдар Асел жана Динара

“Мен Тянь-Шань” тасмасы «Делбирим» повестинин негизинде 1972-жылы “Мосфильм” киностудиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топ Аселдин образы үчүн казак-кыргыз элинен жыйылган үч миңдей кыздын арасынан 14 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алышкан. Актриса тасмадагы образына өзүнүн тоңдугун, бир мүнөздүүлүгүн, намыскөйлүгү менен көктүгүн окшоштурат. Таланттуу кыз тасма үчүн 1,5 жылын короткон. Бирок бул аралык ага анча деле жагымдуу болбогонун ал мындайча баяндайт: “Мага тасма тартуу процесси такыр жаккан жок. Бирде күндүн чыгышын, бирде караңгы киришин күтүп, анан камерага карап образга киресиң. Ал эми жашоодо таптакыр башка адамсың. Мен болсо энелик эмес, сүйүү сезими да ойгоно элек секелек кызмын”. Секелек күнүндө ушундай керемет тасмада өлбөс образ жараткан актриса кийин бир да тасмага тартылган эмес. Ал эми аталган тасманы бир гана жолу баштан аяк көргөн. Актриса кийин Москвада өзү каалаган окууга өтүп сүрөтчүлүк өнөрүн уланткан. Учурда Орто Азия боюнча чеберлердин башын бириктирип, кыргыз чеберлеринин башын кошкон иш-чараларды уюштуруп, арт-менеджерлик менен алектенет. Өнөр жолунда табышкан жолдошу менен бир кыз, эки уулду тарбиялап, чоңойткон.

 

 

Шайыр Касмалиеванын тушоосун Сейде кескен

“Келгин куштардын ыйы” тасмасы Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде 1990-жылы тартылган. Башкы каарман Ысмайылдын жубайы Сейденин образы үчүн сынакка жаш актриса Шайыр Касмалиева атайын чакыруу менен катышкан. Актриса: “Сейденин образы менин тушоомду кескен. Киного болгон берилүүм тынчтык бербей, кесибиме сүйүүм артып турган 21 жашымда тартылгам. Сынактан эч кыйынчылыксыз эле өтүп кеткем. Бирок тартуу учурунда баары эле оңой боло берген жок. Ысыкка какталып, суукка тоңуп кыйынчылыкты жакшы эле тарттым”, - дейт. Белгилүү актриса ошол жылдан бери чыгармачылыктын күнгөй-тескейин көрүп, тасма жана театр тармагына өз салымын кошуп келет.

 

 

Гүлайым Калыбекова