Элнура МОЛДОКАДЫРОВА, теле алып баруучу: «Карьера жасаган аялзаты болсом, турмушка чыкмак эмесмин»

КТРКнын журналисти, «Журналисттик иликтөө» телеберүүсүнүн алып баруучусу Элнура Молдокадырованын Ош базарында жашыруун сатылган эттер тууралуу жасаган репортажы Жаңы жылдын алдында резонанс жаратып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды. Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, Элнуранын дарегине жылуу сөздөр айтылды. «Максатым - элге чындыкты жеткирүү» деген бүгүнкү күндүн жылдызын
маекке чакырдык
.

– Элнура, дайыма чуулгандуу репортаждарды тартасың, эфирге кетирбөө аракеттери, бут тосуулар болобу?

– Албетте, акыркы эле дуу болгон эт тууралуу айтсам, ошол жакта иштеп, өз көзү менен көрүп жүргөн адамдар бизге жашыруун маалымат беришкен соң ал репортажды тартууга дароо кириштик. Анткени көйгөй тамак-аш тууралуу болгондуктан элге жеткирүү абдан маанилүү эле. Бул бизнеске президенттен башкасынын баарынын катышы болсо керек, анткени биз тартып кеткенден кийин теледен кеткенче мага да, жетекчиликке да үч күн тынбай чалуулар болду. Эфирге кетирбөөнүн аракетинде коркутуп да, алдап да көрүштү, бирок биз корккон да, алданган да жокпуз.

 

– Ушундай берүүлөрдү тартып жатканда коопсуздугуңдан чочулабайсыңбы?

– Албетте, коркуу болот. Бирок кырдаалдан чыга билиш керек. Эт базар түнкү саат үчтөн таңкы жетиге чейин болот экен, биз төрт-бештерде тарттык. Мага, операторго, камерага асылгандар болду, журналисттик этика менен: «Мага, камерага тийгенге укугуңуз жок, иш үстүндөбүз, соттолуп кетесиз», - деп сылык гана түшүндүрүп аттым. Өзүңүздөр көргөндөй, ал жерде иштеген аял бизди жулмалап, асылган, анын үстүнөн арыз жаздым. 30-декабрь күнү Ленин райондук сотунда иши каралды. Баягы аял сылык-сыпайы келип: «Элнура, кечирип кой, күйөөм жок, эки баламды жалгыз багам. Түшүндүм, экинчи мындай кылбайм», - деп кечирим сурады. «Мен дайыма ушундай берүүлөрдү тартам, ар ким жулмалай берсе эмнем калат», - деп ага ишимди түшүндүрүп, бирок боорум ооруп кечирдим. Эже эскертүү менен коё берилди.

– Иликтөөң ушунчалык резонанс жаратарын күттүң беле?

– Ооба, күткөм. Мисалы, буга чейин коомчулукту дүрбөлөң кылган эшектин эти арам экендигинен айырмаланып бул эт адамдарда оору козгоочу болуп жатпайбы. Арасында чөө тиштеп кеткендери бар экен, чөө келемиштен да жаман да, ар кандай ооруларды алып жүрөт. Мунун баары коомду тынчсыздандырбай койбойт эле. Менин максатым - элге чындыкты жеткирүү. Ушуларды көрүп, угуп атып кантип элден жашырып коё алабыз. Мындан ары да ушул жигерден жазбайм деп ойлойм. Азыр мага “берүүңдү көрдүк, жакшы болуптур. Ошондон кийин колбаса, гамбургер жебей калдык» деп айткандарды угуп, жыйынтык болуп атканына ыраазы болуп калат экенсиң.

– Аталган берүүнү алып барганыңа канча убакыт болду?

– Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде 5-курста окуп жүргөндө практика өтөөгө жаңылыктар бөлүмүнө келгем. Бир жумадан кийин даярдаган берүүмдү жактырышып, ошол боюнча теледе калып калгам. Быйыл иштеп баштаганыма жети жыл болот. «Ала-Тоо» маалымат программасынын кабарчысы болуп алты жыл иштедим. Октябрь айында «Журналисттик иликтөө» берүүсүнүн алып баруучусу жок экенин билип, мен алып барып көрсөм деп ойлоп жетекчиликке сунуштадым. Менин стихияма туура келген жакшы берүү, бирок ошондо эле көп нерв кетерин билгем. Ага карабай карьерада улам бир тепкичке чыгып туруу керек деп ойлойм.

– Азыр сен тууралуу билгиси келгендер арбын, жеке жашооң тууралуу кеп кылсаң.

– Күйөөм экөөбүз адилетсиздик менен күрөшкөн жагынан абдан окшошпуз. Ал - “Жаштар канатынын” лидери, партиянын ичинде коррупцияга каршы комитет түзгөн. Ишинде партиялаш коррупционерлерди депутаттык кызматка барууга моралдык укугу барбы деп көтөрүп чыгып, коомго талкуу кылат. Ошондуктан күйөөмө Жогорку Кеңештен, шаардык кеңештен мандат беришпейт. Башкалардын бетин ачып атса эч кимге жакпайт экен да, ал кошомат кылганды билбейт. Айрымдар мага «ушундай темаларды тартып чыксаң, күйөөң эч нерсе дебейби?» деп сурай беришет. Күйөөм болсо «дагы тарт» деп мени шыктандырып турат.

– Силерди ушул окшоштук табыштырса керек?

– Жок, биз тааныштарыбыз аркылуу таанышканбыз. Дароо эле бири-бирибизди жактырыптырбыз. Бирок билдирбей жүрдүк да, интернет аркылуу жазышып, анан жакындашып кеттик. Экөөбүз кыз-жигит болуп жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин ал мага: «Кел, үйлөнүп алабыз», - деп сунуштады. Күйөөм романтик эмес, ошондуктан колумду өзгөчө деле кылып сураган эмес. Баш кошконубузга бир жыл болду. Бул аралыкта өзүбүз үчүн жашадык, эми балалуу болууну пландап баштадык. Мен күйөөгө тийгенден кийин эле төрөш керек деп ойлобойм, качан гана эне-ата болууга даяр болгондо пландаган туура деп эсептейм. Адам эч качан өзүн зордобошу керек, «жашың келип калды, турмушка чык» дегендерге да каршымын. Кыздын жашы канчага барса да качан гана жан дүйнөсүнө жагып, жашап кете турган адам тапканда турмушка чыкканы туура го.

– Сени карьера жасаган аялзаты десе болобу?

– Эгерде мен карьера жасаган аялзаты болсом, турмушка чыкмак эмесмин. Анткени үй-бүлөлүк жашоо карьерага жолтоо болот. Мен эмес, күйөөм депутат болот. Үйдө бир гана саясатчы болушу керек. Мисалы, президенттин аялдары эч качан саясатчы болгон эмес, алар бекем чеп куруп, бала багып, күйөөсүнө кеңеш берип турушат. Күйөөм мени түшүнөт, мен аны түшүнөм, мени менен съёмкаларда да чогуу жүрүп калат. Идеяларын айтат, кыскасы, мени колдойт. Натыйжада карьерам жеке жашоом менен катар баратат десем болот.

– Өзүң кайсы жердин кызы болосуң?

– Тогуз-Торо районунун Казарман аймагынан болом. Мурда Нарынга карасак, кийин Жалал-Абад облусуна карап калган, азыр мен кайсы жактык экенимди түшүнбөйм (күлүп). Бирок Казармандан Нарындын борборуна көчүп кетип, ошол жакта көп жашап калдык, андыктан өзүмдү Нарындын кызымын деп эсептейм. Нарында 5-класска чейин окуп, орто мектепти Бишкектен аяктадым. Атам ал жакта эле жашай бермек беле, апамдын каалоосу менен шаарга келгенбиз. Келгенибиз туура эле болуптур, азыр дайыма ата-энем жанымда.

– Ата-энең кайсы кесиптин ээлери?

– Апам учурунда Макмалда “Ак-Куу” комбинатынын жетекчиси болуп иштеген, кийин чоңдор алмашып апама басым болуп баштаганда жумушунан өз каалоосу менен кеткен. Ошондон баштап бизди караганга өттү, болбосо жумуш деп жүрүп убактысы болчу эмес. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Атам болсо инженер-куруучу. Нарындагы эт комбинатынын директору болгон, башка да жумуштарда иштеген, атамды универсал адам десем болот. Бишкекке келгенибизде белгилүү курулуш компанияларынын биринде иштеп жүрчү, резиденцияны оңдоп-түзөөгө, борбордогу ири соода борборлорду курууга салым кошкон. Учурда өзүнүн курулуш фирмасы бар. Мен ата-энем менен сыймыктанам.

 

Динара ЧОКОЕВА