МУРАТАЛИЕВА Айзада: “Оорулуу балдар мени апасындай көрүшөт”

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында майып балдар жана карылар үчүн 15 социалдык стационардык интернат үйлөр иштейт. Алардын бири Беловодск айылында жайгашкан. Бул мекемеге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды республиканын бардык аймагынан алып келишет. Жыйырма сегиз жаштагы Айзада айым аталган балдар үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүп эмгектенет. Өзгөчө акыбалдагы балдарды караган тарбиячынын ишинин ысык-суугу менен таанышуу максатында жүрөк ооруткан ал мекемеге баш бактык.

– Саламатсызбы Айзада, дени сак баланы караш бир топ түйшүктүү, мындай жерде иштөө андан да кыйын болсо керек? Эмне себеп болуп дал ушул кесипте иштеп калдыңыз?

– Өзүм ушул балдар үйүнө жакын жайгашкан Большевик айылынан болом. Шаарда мугалимдик кесип боюнча сырттан окуп жатам. Жумушу жок күн өткөрүү мүмкүн эмес болгондуктан бул жерге орношуп, иштеп калдым. Эжем бул жерде балдарга массаж жасап иштечү. Орун болуп жумушчуларды кабыл алып жатканда мени чакырган эле. Алгач тарбиячы эмес, укалоочу болуп орношком. Бул тармак боюнча тажрыйбам жок болгонуна байланыштуу өзүлөрү окутуп, үйрөтүп алышты. Тилекке каршы, укалоочу күн сайын иштеши керек экен. Өзүмдүн кичинекей кызым бар болгондуктан күн сайын келип иштөө мен үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратты. Ошондуктан тарбиячы болуп которулуп алгам. Тарбиячылар бир күн иштеп, эки күн эс алабыз.

– Жумуштун оордугу же балдардын акыбалы таасир этип ишти таштоо тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көрүп башында өзүмдү жаман сезип, чыдай албай кетип калсам керек деген ойлор келчү. Бирок андай болгон жок, тагдыры татаал бул балдар менен тыгыз иштеп жатканыма беш жылдын жүзү болду. Жумушум өзүмө жаккандыктан бул жерден кетүү оюмда жок. Буюрса, келечекте балдар үйүндөгү балдарыма колдон келишинче жардам берем деп ойлойм.

– Негизи бул жерге кандай балдар келет?

– Бул жакта төрт жаштан он сегиз жашка чейинки психикалык жактан оорулуу же тубаса майып төрөлгөн балдар каралат. Алардын айрымдары жашы жеткенде бөбөктөр үйүнөн келсе, айрымдарын ата-энеси өздөрү алып келишет. Балдардын көпчүлүгү шал оорусу же Даун синдрому менен жабыркайт. 18 жашка чейин бул жерде болушуп, андан кийин тиешелүү башка мекемеге которулушат.

– Азыр силерде жалпы канча бала бар?

– Мекеме боюнча 230 бала бар. Алар жашына, диагнозуна жараша 9 топко бөлүнгөн. Мисалы, “лежачий” деген топтогулар баса албай төшөктө жатышат. Мындай эки топ бар. Басканы менен аң-сезими төмөн балдар өзүнчө топторго бөлүнүшкөн.

– Сиз кайсы топту карайсыз?

– Мен жөрмөлөп жүргөндөрдүн тарбиячысымын. Алардын аң-сезимдери кадимки балдардыкындай эле, болгону баса алышпайт. Жөрмөлөп дааратканага өздөрү барышат, тамактарын өздөрү жешет. Ошондуктан башкаларга караганда бул топту кароо жеңилирээк. Жаткан балдарды караган эжелерге рахмат айтсак болот, балдарды чоң-кичине дебей көтөрүп жүрүп карашат. Басып жүрүп, бирок аң-сезими артта калган чоң балдарды караган андан да оор болгондуктан ал топко эркек тарбиячыларды алышат.

– Бала оорулуу болуп төрөлсө эле таштап кетиш туура эмес болсо керек? Сиз буга кандай карайсыз?

– Таштаганда кандай, көпчүлүгү бул жерге балдарын убактылуу калтырып кетишет. Менин тобумдагы 20 баланын көпчүлүгүнүн ата-энеси бар. Алар дем алыш сайын же майрам, каникулдарда алып кетип турушат. Балдардын өздөрүнүн телефондору бар, сагынганда чалып чакырышат. Бир чети мындай балдардын бул жерде тарбиялангандары деле туура. Айрым ата-энелер баласы майып болсо үйүнөн чыгарбай, ыйлабасын деп эле эркелетип кармашат. Алар майып болгону аз келгенсип акыл-эси да өспөй калат. Мында болсо өзүнө окшогон балдар менен маек куруп, ойноп, окуп жүрө берет. Бирок төрөлгөндө эле баласынан баш тартып, түбөлүккө таштап кеткендер да бар. Алардын балдары майыптыгы аз келгенсип ата-эне мээримине, сүйүүсүнө зар болуп жашап келишет.

– Алардын келечеги кандай болот?

– Бул жактан өз алдынча жашоого азыртадан үйрөтөбүз. Мугалимдерибиз бар, аң-сезими жакшылар кадимки балдардай эле окуп билим алышат. Алардын арасында токуганды, тиккенди үйрөнүп иштеп кеткендер да бар.

– Айтмакчы, бул балдардан багып алгандар болобу?

– Андай учур дээрлик болбойт. Дени соо балдарды бага албай таштап кетип жатышат, анан бул жерден эч ким багып алам деп ойлобосо керек. Болгону жардам бергендер болот. Америкалык киши бир канча жылдан бери Бишкекте турат экен. Ошол киши биздин интернатты бүткөн, билим алууга жөндөмү бар бир нече баланы өз карамагына алып окутуп жатыптыр. Ал азыр да чалып бул жактагы кичинекей балдардын абалын сурап турат. Мындан тышкары ыктыярчылар азык-түлүк алып келишип, балдарды ойнотуп кетишет.

– Балдар үйүндөгүлөрдүн бир күнү кандай өтөт?

– Бир топто жети тарбиячы кезек менен экиден иштейбиз. Балдарыбызды эртең менен саат алтыда ойготобуз. Өз алдынча кийине албагандарды кийинтип, жуунтуп тургуча эле бир топ убакыт өтүп кетет. Саат сегизде тамактанып алып окугандар окушат, сүрөт тартышат. Түшкү тамактан кийин кайра уктатабыз. Ар бир күнү окшош өткөндүктөн кээде балдарга боорум ооруйт. Эч жакка чыкпай, бир жерде жүрө беребиз. Өзүм иштеген күнү балдардын ден соолугу, убагында тамак берүү, тазалыгы үчүн жооп берем.

– “Балдар каралбайт” деген сөздөр айтылат, чындыгында кандай карайсыздар?

– Өзүбүз эне болгондон кийин бул жактагы балдарды өз балабыздай кылып караганга аракет кылабыз. Урушчу жерден урушуп, эркелетчү жерден эркелетип коём. Бул жакта бардык балдар мен үчүн бирдей. Эртеден кечке караганга алар бизге көнүп калышкан. Кээ бирлери мени апасындай көрүшсө, кээ бирлери “эжеке” деп кайрылышат. Булар көңүл бурууга муктаж болушкандыктан баары менен сүйлөшүп бирдей мамиле кылганга аракет кылам.

Жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз?

– Мени жумуштан апам жана беш жаштагы кызым тосуп алат. Кызымды көрүп чарчаганым жазылат. Үй жыйнап, тамак жасап, мал карап жүрүп эле убактым өтөт. Анан кайра тезирээк жумушка барсам деп шашам. Бул жактагы балдарга абдан көнүп алыпмын. Өз балдарымдай болуп калышты. Мен жумушка кетип жатканда: “Мамам балдарына кетти”, - деп кызым күлдүрүп калат. Бул жердеги балдар менен кандай мамиле кылсам, кызыма да ошондой мамиле кылам. Кызым тентек кылса көбүрөөк урушсам керек.

– Үй-бүлөнү каржылаган сиз элесизби?

– Ооба, жолдошум жок. Окуп жүргөн кезимде турмушка чыккам. Мүнөзүбүз келишпей ажырашып кеткенбиз. Азыр сегиз миң айлык алып апам менен кызымды карап жатам. Алган айлыгымды үнөмдөп жеткиргенге аракет кылам.

– Убакыт бөлүп маек куруп бергениңизге рахмат. Бар болуңуз.

 

Жаңыл Исаева