АСКАТ ЭРБАЕВ: «33кө чыксам да Аидага жолукканга чейин үйлөнүү такыр оюма келген эмес»

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасы жарыкка чыкканда эл киного суусап турган чак болгондуктан тасма бат элге алынып кетти. Мына ошол тасмада Жоробек деген ысым менен таанылган актёр Аскат Эрбаев 2016-жылдын күз айында чоң турмушка кадам койду. Үй-бүлөлүк бакыттын каарманы болгон эки жаш маек төрүбүздө.

– Аскат, Аида, үйлөнгөнүңөргө үч айдай болуптур, үй-бүлөлүк жашоо кандай уланып атат?

Аскат: - Кудай буюрса, жашообуз жакшы башталды. Келинчегим Аиданы 8-октябрда алып кеткем, заманбап үйлөнүү тоюбузду да өткөрдүк. Үй-бүлөлүү болгон жакшы экен, жашоо кызыктуу болуп, азыр баары оюбуздагыдай өтүп атат. Алдыга койгон пландарыбыз көп, ошолорго акырындан умтулуп жатабыз.

– Аида менен табышканыңа канча убакыт болду эле?

Аскат: - Биз Казакстандын чек арасынан капысынан таанышып калганбыз. Аида Алматыда иштечү экен, мен да ал жакка бараткам. Дос балама телефон чалышым керек эле, бирок уюлдук телефонумду унутуп калган экенмин. Анан Аиданын телефонун сурап чалгам. Андан ары экөөбүз өз жолубуз менен кеткенбиз. Мага бир көргөндө сырткы келбети, күлгөнү жаккан. Кийин досумдан номерин алып чалдым. Таанышкан соң жан дүйнөсү да жакты. Башында интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Улам жакындашып олтуруп жакшы көрүү сезими сүйүүгө айланды. Анан сүйүүмдү билдирдим.

Аида: - Мен Казакстандан Кыргызстанга келгенимде сүйүүсүн айткан. Бардык эле кыздардай жагып турса да «ойлоноюн» деп кылыктанып Алматыга кетип калгам. Макулдугумду ошол жактан айттым. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк.

Аскат: - Мен 33 жашымда үйлөндүм. Аидага жолукканга чейин, чынын айтсам, үйлөнүү такыр оюма келген эмес. Анткени пландарымды ишке ашырайын деп чыгармачылык менен алектенип жүрө бердим. Үйлөнүш керек деп койгонум менен так чечим болгон эмес. Анан жаш курагымдан да маанилүүсү - башыма сүйүү келип олуттуу кадам таштадым. Негизи жүрө берсең кыздарга болгон талаптар улам жогорулай берет экен. Аида менин талаптарыма жооп берген кыз болду. Таарынчаак, бирок заматта жазылып жадырап-жайнап калган сапаты абдан жагат.

– Аида, сен Аскатты актёр катары таанычу белең?

Аида: - Мен Аскат тартылган тасманын трейлерин гана көргөм. Бирок Аскатты ошол тасмадагы бала деп ойлогон эмесмин.

– Демек, сен актёр Аскатты эмес, жөнөкөй Аскатты жактыргансың?

Аида: - Ооба, сөздөрү орундуу, жүрүш-турушу бир калыптан жазбаган бала экен. Мага ошонусу менен жакты. Тартылган тасмаларын болсо эми деле толук көрө элекмин. Убактым болбой жүрөт. Аскат менден тогуз жаш улуу. Жаш көрүнгөндүктөн башында мынчалык улуу деп ойлогон эмесмин, өзү да башында курагын жашырып жашыраак айткан. Кийин 33 жашта экенин айтканда деле ишенген эмесмин.

– Өзүң кайсы чөйрөдөн болосуң, чыгармачылыкка жакындыгың барбы?

Аида: - Кытай тилинен котормочумун. Учурда сулуулук салонунда иштейм. Чыгармачылыктан таптакыр алыс адаммын. Аскатты да бир кезде тасмага тартылганы менен кийин андан алыстаган го деп ойлогом. Анын атайын актёрдук билим алганын, чыгармачылык менен иштерин кийин билдим. Азыр бул ишин улантуусуна түз көз караштамын, каршы эмесмин.

– Аскат, учурда актёрдук кесипти эле аркалап келе жатасыңбы же башка ишиң барбы?

Аскат: - Тасмаларга тартылып калгандан кийин ушул жолду тандап, сабаттуу актёр болоюн деген максатта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдан актёрдук чеберчилик боюнча билим алгам. Азыр негизги кесибим ушул, чыгармачылык чөйрөдө жүрөм. Өзүм режиссёрдук кылып, роль да жаратып «Кайра жаралуу» деген тасма тарткам. Ал тасма кинотеатрларда коюлган, азыр телеканалдарда көрсөтүлүп жатат. Кудай буюрса, азыр дагы бир сценарий жазылып жатат. Андан сырткары балдарды машыктыруучу зал ачкам. Экөө менен бирдей алектенем, спортту канатымдай көрөм. Спорт мушташ, бирөөнү жеңүү эмес, биринчи кезекте ден соолук.

– Режиссёрлукту да колго алган экенсиң да?

Аскат: - Ооба, актёр режиссёр боло алат, ал эми режиссёр актёр боло албайт. Актёр баарына жөндөмдүү болушу керек. Бирок бул кесип татаал, мен мурда актёр болуу оңой, “ыйла” десе ыйлап, “күл” десе күлүп коёсуң да деп ойлочумун. Кыйынчылыктарын окугандан кийин түшүндүм. Эми ушулардын баарын татыктуу алып кетсем дейм. Бойдок кезде жалгыз болуп каалагандай эркин жүрө бересиң да, үйлөнгөндөн кийин жоопкерчилик болуп калат экен. Азыр жүрөгүмдүн жарымы жанымда болуп, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылып жатам. Бирок экөөбүз тең эртең менен кетип, кечинде келип иштеп атабыз. Эс алуу күндөрү болсо чогуубуз. Мурда көчөгө чыксам ошол бойдон Ошко, Көлгө кете берчүмүн. Азыр андай эмес, үйгө шашмай.

– Аида, Аскат романтикпи?

Аида: - Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө романтик болчу, үйлөнгөнүбүздөн кийин деле аракет кылып атат. Бирок баштагыдай эмес.

Аскат: - Мен өзүм романтик эмесмин, таң каларлык сюрприздерди жасай албайм. Жашоодо кырдаалга жараша ар кандай болот. Кээ бир романтикалуу болуп кете турган нерселерди жолу менен колдонуп коём.

– Аида татынакай, келбеттүү аялзаты экен, мүмкүн, тасмаларыңа тартарсың?

Аскат: - Тасмага же клипке тартуу оюма келбептир. Эгерде Аида өзү кызыкса, ошол ролду жеткиликтүү деңгээлде аткарып бере алса, тартылса болот. Бирок байкашыма караганда, Аидада актёрдук чеберчилик жок, кандай болсо, ошондой бир калыпта жүргөн адам. Өзү да бул тармакка кызыкпайт.

– «Министрдин кызынын махабаты» тасмасы өзүңө жагабы?

Аскат: - Мен ал тасмага эч кандай билимим жок кезде тартылгам. Ошол мезгилде спорттун фанаты болуп күнүнө жети сааттан машыкчумун. Кастингден актёрдук чеберчилик эмес, спорттун арты менен өтүп кеткем. Тасмада өзүмө жаккан кадрлар деле ошол мушташ, спортко байланыштуу жерлери. Ал эми аткарганыма ичим чыкпайт, тасма азыр тартылганда, таптакыр башкача болмок.

– Аида, ата-энең, жакындарың Аскаттын актёр экенин угуп кандай кабыл алышты?

Аида: - Аскаттын актёр экенин, жашын үйдөгүлөрдөн жашыргам, анткени актёр, менден улуу деп каршы болушабы деген коркунуч болгон. Сезгенимдей эле, атам жашын угуп каршы болгон. Актёр экенин билсе, таптакыр каршы болмок. Апам болсо билчү. Атам биздин тоюбузду сүйлөшүү үчүн ата-энелерибиз чогулганда гана билип таң калып, апама: «Менден эмнеге жашырасыңар?» - дептир. Атам чыгармачыл адамга турмушка чыгуубузду каалачу эмес.

Аскат: - Ата деген кызына жакшылык гана каалайт. Актёр болсо, талаа-түздө жүрсө, кызыма алда кандай болот деп ойлонот да...

 

Динара ЧОКОЕВА