Бекер сулуулук кызматынан пайдаланыңыз

“Леди KG» гезити окурмандарга “Бекер сулуулук кызматынан пайдаланыңыз” сынагын жарыялаган эле. Көп жылдан бери гезитибизди сатып алып жана жазылып окугандардын ичинен алгачкылардан болуп кайрылган борборубуздагы №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун медайымы Кубанычбекова Айгерим болду. Биз убада кылгандай, Айгеримге бекер сулуулук кызматын көрсөттүк. Ал эми биздин кызматтык өнөктөшүбүз - “Адам жана Ева” сулуулук салонунун жетекчиси, визажист, лешмейкер Назгүл Абдираимова.

Айгеримдин кирпиги коюу, кыска жана көзүнүн үстү шишик болуп турат экен. Андыктан ага 2D кирпигин улайбыз. 2D деген табигый бир кирпиктин үстүнө эки даана жасалма кирпик чаптоо дегенди билдирет. 2D жана 3D кирпиги көздү бакырайтып, жылдыздуу көргөзөт. Кирпик 6Dга чейин бар, узундугу 6 миллиметрден баштап 15 миллиметрге чейин. Айгерим биринчи жолу өстүрүп жаткандыктан көзү көнгүчө 11 жана 12 миллиметр узундуктагы кирпик улайбыз. Эгер кирпиктери кыска жана алсыз болгондо, мындай узундуктагы кирпикти уламак эмесмин. Себеби көтөрө алмак эмес. Бакырайган жана тегерек көздүү айымдарга өтө узун кирпик улоо сунушталбайт. Кирпик улатууда ушуга окшогон көрүнүштөрдү эске алуу зарыл. Эгер клейдин сапаты начар болсо, көздү ачыштырып, кызартып, аллергия кылат жана кирпик түшкөндө өзүнүн кирпиктеринин 70-80 пайызын кошо алып түшөт. Кардардын алдында жүзүбүз жарык болуш үчүн биз сапатсыз эмес, Кореянын сапаты жакшы клей, кирпиктерин колдонобуз. Жаңы технология боюнча уланган кирпик бир айга чейин сакталат. Аны менен мончого барса болот жана түшкөндө табигый кирпик эч зыянга учурабайт. Себеби кирпик жаңы ыкма менен териге эмес, кирпикке уланат. Азыркы кирпиктер ушунчалык жеңил болгондуктан 3-4, кээде 6 кабаттан чапталганына карабай көздө жасалма кирпик жүргөнү такыр билинбейт.

– Келген кардарлардын бардыгына эле кирпик улай бересиздерби?

– Кирпик улоонун алдында кардардын өнөкөт конъюнктивит оорусу бар, жогун сурап алам. Эгер бар болсо, кирпик улоо менен оорусун күчөтүп аларын айтып эскертем. Жыйынтыгында кардар баш тартат.

– Бааларына токтоло кетсеңиз.

– Баасы бир жарым миңден үч миңге чейин. 5D, 6D түрлөрү - эң кымбаты. Бирок бул түрлөрүн подиумга чыккан моделдер менен ырчылар эле жасатышат.

– Кирпик өстүрүүнүн жакшы жактары кайсы да, терс жактары кайсы?

– Жакшы жагы - эртең менен жумушка шашып жатканда көздү тушь менен боёп убара болбойсуң, убакыттан утасың. Машыгуу залында болобу, бассейнде болобу, жаанда каласыңбы, айтор, карала болуп боёк агып ыңгайсыз болбойсуң. Кирпик улангандан кийин бир күн суу тийгизбей туруу зарыл. Эртеси кадимкидей эле бетти жууп, мончого түшө берсе болот. Эгер өз ишин мыкты билген адис туура жасаган болсо, терс жактары жокко эсе деп айта алам. Кирпик түшүп баштаганда өз алдынча жулуп албай, адиске кайрылып атайын каражаттын жардамы менен алуу керек. Ошондо табигый кирпиктер сапаттуу сакталып кала берет.

 

Кубанычбекова Айгерим, №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун медайымы: «Леди KG» гезитинин бир да санын калтырбай окуйм”

– Үч жылдан бери «Леди KG» гезитинин бир да санын калтырбай окуп келем. Кыргызстандагы айымдардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн гана чагылдырып койбостон, аларга бала тарбиялоонун сырларын, ашканада тамак бышырганды жана күндөлүк тиричиликке керектүү майда, бирок пайдалуу кеңештерди да чыгарып айымдарды туура жолго багыттаган мыкты гезит. Ошондуктан ар бир санын чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Мени тандап бекер кызмат көрсөткөнүңүздөр үчүн гезиттин жалпы жамаатына, “Адам жана Ева” сулуулук салонуна ыраазычылыгымды билдирем. «Леди KG» гезити сиздин ишенимдүү курбуңуз экени анык.

 

Туруктуу окурман үчүн бекер кызмат!

Сиз дагы биздин бул кызматыбыздан пайдалана аласыз. Бирок айрым шарттарды эске алуу менен. Ал кандай шарт? Жөнөкөй эле. Ал үчүн сиз «Леди KG» гезитине 6 айга жазылышыңыз керек. Анан 0558 87-11-11 номерине WhatsApp аркылуу жазылганыңызды тактаган квитанцияны жана өзүңүздүн сүрөтүңүздү жөнөтүңүз. Кийинки кардарыбыз сиз болуп калышыңыз толук мүмкүн. Кийинки саныбызда “Адам жана Ева” салонунун мыкты кызматкерлери тырмакка маникюр жана шеллак жасашат.

 

Даткайым Досматова