Өспүрүм курактагы балаңыз арак ичип, тамеки тартпайбы?

Өспүрүм курак – маселе жараткан мезгил. 13 жаштан 18 жашка чейин балдарда үнүнүн, мүнөзүнүн өзгөрүшү, жыныстык жактан өсүп жетилүү жана алгачкы сүйүүгө кабылуу сыяктуу маселелер байкалат. Ал турсун, терс адаттар пайда болуп алкоголь менен тамекини да татып көрүшөт. Бул нерсе баланын келечегине кандай таасир этет, баланын алкоголь менен тамекиге жакындаганын кантип билүүгө болот жана аны менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу кеңештер сиз үчүн болсун, урматтуу ата-эне.

 

Себептери

– Өспүрүмдүн алкоголь менен тамекиге жакын болуусуна эң биринчи эне себеп болот. Эне кош бойлуу кезде спирт ичимдигин ичип, тамеки тартып жүрсө, алардын даамы балага түйүлдүк кезинде эле тааныш болот да, чоңойгондо андай баладан аракеч чыгары анык. Муну дарыгерлер да далилдешкен. Ыйлап чыр сала берген балага бир нече тамчы спирт берип көргөндө бала дароо сооронгон.

– Үй-бүлөдө көзөмөлдүн жоктугу.

– Ата-эненин баласын аракка, тамекиге жумшоосу.

– Башка балдарды тууроо, кызыгуу.

– Чоң адамдай көрүнгүсү келүү, өз алдынча болгусу келүү.

– Коомдун кайдыгерлиги. 18ге чыга элек балдарга тамеки, алкоголдук ичимдиктерди сатуу.

 

Алкоголдун таасири

1. Өспүрүм куракта баланын гормондору али толук жөнгө салынбагандыктан алкоголдун таасиринен биринчи кезекте өспүрүмдүн нерв системасы жабыркайт. Акыл-эс жактан артта калат жана орой, ачуулуу болуп кетет.

2. Алкоголдон улам чоңдорго караганда өспүрүм балдар боордун циррозуна оңой кабылат. Анткени алардын боорунун ферменттери жакшы иштей элек болот да, алкоголь алардын иштелип чыгуусуна тоскоол болот. Ошондой эле углевод, белок алмашуу бузулуп, бөйрөктүн ткандары өлө баштайт.

3. Ашказан ширесинин иштелип чыгышы бузулуп, карын астындагы бездин иши начарлайт. Жыйынтыгында өспүрүм бала панкреатит, диабет ооруларына чалдыгат.

4. Сыраны көп ичүүдөн организмдеги пайдалуу минералдык заттар, элементтер айдалып чыгып организм толук өспөй калат.

5. Жыныстык системаны жабыркатат. Алкоголь ичкен өспүрүм кыз кийин бойдон түшүүгө, тукумсуздукка кабылат, же кемтик бала төрөйт. Ал эми эркек балдар ата болуу бактысынан ажырайт.

6. Жүрөккө терс таасир этип, кан басымы улам өзгөрүлүп бала өспүрүм куракта өзүн карыган адамдай сезет. Жыйынтыгында тахикардия, инфаркт оорулары пайда болот.

 

Тамекинин таасири

1. Көнүмүш адатка айланат. Өспүрүм куракта тамеки татып көргөн бала өмүр бою андан баш тарта албай калат.

2. Тамекинин курамындагы никотин эске тутууну, көздүн көрүүсүн начарлатат жана кыймылды жайлатат. Жыйынтыгында бала окуудан артта калат.

3. Дем алуу органдарын жабыркатат. Жөтөл, энтигүү, өпкөнүн рагы сыяктуу өпкө ооруларына дуушар кылат.

4. Эрте өлүмгө алып келет. Адистердин айтымында, өспүрүм куракта тамеки тартып баштаган адамдар 25 жаштан кийин тарткандарга караганда эрте өлүшөт.

5. Безетки, себорея сыяктуу тери ооруларынын пайда болушуна себеп болот.

6. Жанындагы адамдарга терс таасирин тийгизет. Тагыраагы, тамеки тартып жаткан учурда тарткан адам 20-25% уу заттарды жутса, жанындагы тартпаган адам 50% уу жутат.

 

Баланын алкоголь, тамекиге жакын экенин кантип билүүгө болот?

– Өспүрүм куракта тери абдан сезимтал болгондуктан алкоголь ичкен, тамеки тарткан баланын бети кубарып турат.

– Мурдагыдан көп акча сурай баштайт.

– Бир нерсеге бат жини келип, нерви жука болуп калат.

– Сөөмөйү менен тиши саргарып калат.

– Жүн жытты өзүнө жакшы сиңиргендиктен жүндөн тигилген кийимдерин жыттап көрүңүз.

– Окуудан келгенде акырын чөнтөгүн текшерип көрүңүз. Чөнтөгүндө тамекинин калдыктары калып калышы мүмкүн.

– Өспүрүм курактагы балаңыз сагызды бат-баттан чайнай турган болсо, демек, ал оозундагы алкоголь же тамекинин жытын жашырып жатат.

– Сырткы келбетине көңүл бурбай калат.

– Мектептеги жетишкендиктери азаят. Окууга кызыгуусу калып, сабактарын калтыра баштайт.

 

Эмне кылуу керек?

– Терс адаттардан алыс болуп алгач балаңызга өзүңүз үлгү болуңуз.

– Эмне себептен ичип, чеккенин аныктап,ошого жараша иш алып барыңыз.

– Спирт ичимдигин ичип, тамеки тартып жүргөнүн байкап калсаңыз, дароо уруп-сабап жазалоодон алыс болуңуз.

– Алкоголь менен тамекинин зыяндуулугун айтып түшүндүрүңүз.

– Спорттук ийримге жаздырып убактысын текке кетирбегенге аракет кылыңыз.

– Терс адаттардын зыяндуулугу тууралуу документалдуу тасмаларды көбүрөөк коюп бериңиз.

 

Шааркан Абдуллаева