Укалоо менен ден соолугуңузду калыбына келтириңиз

Укалоо ткандарга түздөн-түз таасир этип, натыйжада лимфа, кан, ткандардын арасындагы суюктуктун айланышы күчөйт, зат алмашуу жакшырат. Мындан тышкары жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат, капиллярлар кеңейип укалаган жердеги ткандардын гана эмес, андан алыс жайгашкан ткандардын кан менен жакшы камсыз болушуна мүмкүнчүлүк берип, артерия жана вена канынын жүрүшүн жеңилдетет. Укалоодон кийин организмдин жалпы абалы оңолуп, чарчоо жоголот. Укалоо берген жыйынтыгы боюнча түрлөргө бөлүнөт. Эмесе, укалоонун учурда актуалдуу делген түрлөрүнө жана анын пайдасына токтолобуз.

 

Укалоо жана стоунтерапия. Классикалык укалоо менен ысытылган таштын жардамы аркылуу жасалган стоунтерапия булчуңдардын тырышуусун жазып, кан айлануу процесси менен зат алмашууну жакшыртат. Ревматизм оорусунда ооруксунтууну басаңдатат. Теринин тонусун калыбына келтирүү менен нерв системасынын ишин алдыга жылдырат.

 

Классикалык укалоо. Укалоонун классикалык түрү ден соолукту калыбына келтирүүдө кеңири колдонулат. Себеби укалоонун бул түрү стресстен арылтып, белдеги жана дененин башка бөлүктөрүндөгү оорудан куткарып, тырышып турган булчуңдарды эс алдыруу менен калыбына келтирип, ишке болгон жөндөмдүүлүктү күчөтүп, организмдеги ооруксунтууну тез басат.

 

Эс алдыруучу укалоо. Укалоонун бул түрүн релакс деп аташат. Релакс укалоо адамды жаман ойлордон арылтып, өзүн жакшы сездирип, эс алдырат. Укалоодон соң кан айлануу нормалдуу болуп калыбына келет, чарчоо басаңдайт, тамак сиңирүүчү функция жакшырып, стресстен арылат. Окумуштуулар укалоонун бул түрүнөн кийин организмдеги эндорфин эки эсе көбөйгөнүн өз иштеринде далилдешкен.

 

"Ак сөөктөр" укалоосу. Укалоонун бул түрүндө бир учурда эки адам укалайт. Эки адам бирдей кыймылда, бирдей ыкма менен укалаганда адамдын чарчоосу кетип, уйку бездеринин иши жакшырат. Жыйынтыгында депрессиядан чыга албай, стресс алып жүргөндөрдүн маанайы көтөрүлүп, өздөрүн жеңил сезишет.

 

Целлюлиттен арылтуучу укалоо. Көпчүлүк айымдар тери алдындагы майлардын катмарланып кетишинен, тагыраагы, целлюлиттен жабыркашат. Бул учурда атайын целлюлитке каршы укалоо алсаңыз, ал тери алдындагы май катмарларын жоготуп, кыска аралыкта арыктатат. Укалоо учурунда атайын целлюлитке каршы майлар колдонулат.

 

Балдар укалоосу. Укалоо менен балдардын май тамандуулугунун алдын алса жана арылтса болот. Мындан тышкары укалоо балдардын иммунитетин көтөрүп, борбордук нерв системасынын ишин жөнгө салуу менен дем алуу органдарынын ишин жана кан айлануусун жакшыртат. Эң негизгиси булчуңдардагы күч келгенден кийинки тырышууну жоготуп, эс алдыруу менен аны мурунку калыбына келтирет. Жыйынтыгында бала жакшы уктайт, келбети дагы түзөлөт.

 

Жашартуучу укалоо. Бетке жасалган укалоо шалбырап турган терини тартып, теринин соолуганы жоголуп, беттин булчуңдарын бекемдейт. Негизи эле бетке жасалган укалоонун бардык түрү бырыштын пайда болушун жайлатып, майда бырыштарды азайтат, көз алдындагы шишикти кетирет, бет терисинин чарчоосун жазат жана ээктин астындагы экинчи ээкти жоготот. Себеби укалоо учурунда кан айлануу жакшырат, тери кычкылтекке каныгат, зат алмашуу калыбына келет. Бет жашарат жана тазарат. Ошондой эле бетке жасалган укалоо стресске кабылган учурда адамдын психологиялык абалын да жеңилдетет. Дайым бет терисине укалоо алып жүргөн айымдардын бетинин формасы бузулбай, курагынан 5-6 жашка жаш көрүнүшөт.

“Ай-Пери” укалоо салонун негиздөөчүлөрдүн бири Индира Куттубаева: “Өзүн сыйлаган адам ден соолугуна укалоо менен кам көрөт”

– Укалоонун канча түрү боюнча кызмат көрсөтөсүздөр?

– Биздин “Ай-Пери” укалоо салонунда укалоонун 15тен ашуун түрү жасалат. Дарылоого багытталган укалоодо алгач дартын аныктоо менен ага жараша укалоо жасалат. Бул ыкма менен жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системаларынын ооруларын, зат алмашуунун бузулушун жана сөөк-муун ооруларын дарыласа болот. Укалоонун спорттук түрүндө дайым спорт менен машыгып жүргөндөрдүн булчуңдарындагы чыңалууну басып, эс алдырып, клеткалардын функциясын жаңыртып, машыгуунун жыйынтыгын арттырабыз. Ошондой эле нервди эс алдыруу, уктатуу, физикалык чарчоо, дене турпатынын чырайын арттыруу максатын көздөгөндөргө укалоонун классикалык түрүн сунуштайбыз. Мындан тышкары бетке атайын жашартуучу укалоолорду да жасайбыз .

– Сиздердин укалоо салону башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

– Башка укалоочу жайларга барсаңыз хирургия бөлмөсүнө киргендей апапак муздак бөлмөгө киресиз. Бизде болсо каалгадан киргенде эле жан дүйнөнү эс алдырып, нервди тынчтандырып, маанайды көтөрчү жана эс алдыруучу атмосфера бар экени дароо байкалат. Себеби бөлмөлөрдүн жасалгаларынан тартып укалоодон кийин эс алчу жана жуунчу жайларга чейин дизайны ойлонуштурулуп жасалган жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Укалоонун кайсы гана түрү болбосун, аягында сууга түшүп сергип алса болот. Эң негизгиси бизге жакшы маанай менен келсе болду. Калганын биз камсыздайбыз. Анткени бизде жылмаюу менен тосуп алып, маанайыңызды көтөрүп, ден соолугуңузга кам көргөн, өз ишин мыкты билген профессионал адистер эмгектенет. Ыңгайлуу жай гана болбостон, баалары да кардарыбыздын капчыгына ылайыктуу. Ошол себептен бизге бир келген кардар экинчи ирет сөзсүз келип кызматыбыздан пайдаланат. Ал тургай, жакындарына унутулгус эс алууну каалагандар атайын сертификаттарды алып белек кылып жатышат.

– Бир жолку толук укалоо алуу канча убакытка созулат?

– Колдон келсе бир жумада 2-3 жолу укалоо алуу жакшы. Бирок укалоону такай алууга да болбойт. Жылына 1-2 жолу 8-15 күндүк мөөнөттөн алса болот. Өзүнүн ден соолугуна жоопкерчилик менен жакшы мамиле кылса, укалоонун жакшы таасирлерин толук сезе алат. Өзүн сыйлаган адам ден соолугуна укалоо алуу менен кам көрөт.

– Укалоо сунушталбаган адамдар да болобу?

– Укалоо ар дайым кан басымы жогору абалда жүргөндөргө, катуу кармаган сезгенүү, кан ооруларында, тромбофлебитте, ириңдүү ооруларда, ар кайсы тери ооруларында, кургак учук күчөгөндө, зыяндуу шишиктерде жасалбайт. Ал эми жогорудагы оорусу жоктор жалпы укалоону тамак ичкенден 1,5-2 сааттан кийин алышса болот.

 

Даткайым Досматова