Рыскүл эже: “Жанымды да берчү баламдан бөйрөгүмдү кантип аяйын”

Бул жашоо жалаң бүтүндүктөн, тегиз бакыттан турбайт. Ар кандай кыйынчылыктар өмүрдүн баркын сездирип, эркиң менен кайратыңды сынап турат. Эненин кажыбас-кайраттуулугуна, ченебес чыдамдуулугуна замандашыбыз Рыскүл эженин кебине кулак салып отуруп дагы бир ирет ынандым. Чебелектеген эненин акыбалын көргөн соң окурман журтуна жардам керек кезде кол сунган адам жүрөктө калат. Андыктан тамчыдан көл кураларын эске алып кол суналы деп кайрылгым келди.

 

“Кызым айыккан соң уулум ооруп калды”

– Биз Кочкор районунда турабыз. Беш кыз, бир уулум бар. Кызым Айжылдыз денесинин ар жерине коюу кандар уюп, кан айлануу бузулгандыктан 4 жолу операция столуна жатып жаштайынан оорунун азабын көп тартты. Мунун себебин дарыгерлер “боюңда бар кезде жыгылгансың, ошондо баланын ден соолугуна доо кеткен” деп түшүндүрүштү. Кызыма жасалчу операцияларга каражат жетпегендиктен сиздердин редакцияга кайрылып кайрымдуу адамдардан жардам сураган элем. Эл бар экен, журт бар экен, алардын жардамы, тууган-туушкандардын көмөгү менен баарын артта калтырдык. Кудайга шүгүр, кызым азыр жакшы. Бирок биздин бүлөгө берилген сыноо кызымдын дарты менен эле бүтүп калган жок. Эми эң улуу жана жалгыз балабыз Айкөлдүн ден соолугу жабыркап жардамга муктаж болуп турабыз.

 

“Күтүүсүз ойлонткон ооруга туш болдук”

– Өткөн жылы апрелдин башында баламдын көңүлү айланып кускусу келип, мурду көпкө канады. Коркуп: “Тез жардам чакыралы”, - десем, балам: “Жок, апа, жакшы элемин”, - деп болбой койду. Кечинде эле шалдырап алы кетип, бир маалда шалак этип кулап түштү. Дароо ооруканага алып келдик. Доктурлар баламдын оорусун аныктап, УЗИден өткөргөндө оң бөйрөгү такыр көрүнбөй койду, сол бөйрөгү да жабыркаганын көргөндө “дароо Бишкекке алып баргыла” дешти. Анан Жалдагы ооруканага барып текшерүүдөн өткөндө “бир бөйрөгү кургап, бирөөсү белок болуп калган” деп жыйынтык чыгарышты. Ооруканада 70 күн дарыландык. Ошондо эле доктур: “Иштебей калган бөйрөгүн алмаштырыш керек, ал операция чет мамлекеттен жасалат, даярдана бергиле”, - деген. Абалы турукташа баштаганда үйгө чыгарышты. Дарыларын убагында ичип жакшы эле жүргөн. Айжылдызды пенсияга чыгаруунун аракетин көрүп атканбыз. Анан бир документти тууралаш үчүн жолдошум Бишкекке кеткен. Ошол кезде кечинде баламдын мурду кайрадан канап калды. 45 мүнөттөн ашык токтобой канаганынан Кочкордун ооруканасына алып келдик. Алар биринчи жардамын көрсөтүп мурдунун канын токтотушту. Андан соң Бишкекке жиберишкен. Менин эмчектеги кызым болгондуктан уулумду туугандарыбыз алып жөнөштү.

 

“Өзүм донор болгону жатам”

– Доктурлар “2-3 саат болгондо кечикмек экенсиңер” деп айтышыптыр. Азыр ооруканада, күнүнө 6-7 таблеткадан дары ичип, андан тышкары гемодиализ аппаратын колдонот. Ал канды тазалап, бөйрөктүн иштешине жардам берип турат экен. Баары болуп айына 20 миңден ашык каражат кетип атат. Эми чет мамлекеттен болчу операцияда өзүм донор болгону жатам. Жанымды да берчү баламан бир бөйрөгүмдү кантип аяйын. Ага 40 миң доллар керек экен. Бул сумма айыл жеринде карапайым күн кечирген биз үчүн чоң акча. Бул уулумдан башка да балдарым бар экенин айтып өттүм. Ошондуктан боорукер, кайрымдуу адамдардан балабыздын бактылуу келечеги үчүн жардам берүүсүн суранабыз.

 

“Баламдын ыры жүрөгүмдү оорутту”

– Сумкасын карап атып бир кагаз таап алдым. Ачып окусам минтип жазып коюптур: “Ден соолугуң болсо эгер баары болот,/ Ал болбосо көңүлгө кайгы толот./ Тагдырыма жазылса не кылмакмын,/ Жаным кейип кыйналып турганым чын,/ Билем, бирок капалар бүт жоголот.” Кудайым баламдын тилегин орундатса экен деп ыр жазган кагазын кучактап аябай ыйладым. Балам 2000-жылы туулган. Ал 5-класска чейин спорт менен машыгып жүрчү. Бир аз чоңоюп калганда үйдөн телефон жана башка майда-барат техникаларды оңдоп тыйын тапчу. Колу билген, акылдуу, зирек балам кызыбыздын азабын тартып жүргөнүбүздө мени аяп: “Апа, карындашымды дарылатам деп аябай кыйналдыңар. Мен, буюрса, окууну бүтсөм иштеп силерди багам”, - дечү эле. Эми ооруга кор болуп отурат. Башка түшкөн сыноону көтөрбөскө айла жок экен, эми балабыздын ден соолугу менен алышып жатабыз. Мен эл ичинде кайрымдуу, боорукер адамдар арбын экенине ишенем. Кызымдын айыгышына себеп болгон жакшы адамдар уулумдун саламаттыгы үчүн да кайдыгер карашпайт деген үмүтүм чоң. Бизге кол сунуңуздарчы.

Банк: ОАО “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”

Филиал: “Соңөл”

ИНН: 42705199910334

БИК: 103014

Эсеп-чоту: 1031420000001178

Аты-жөнү: Шаршеев Үсөнаалы Асаналиевич

Эсеп картасы: 000000445422

Мобилдик банкинг: 996779 42 26 48

 

Чолпон Орозалиева