Алтынай ЖАЙНАКОВА, ырчы: «Милиция тагдырыма балта чаап койду, көз жашым кургай элек»

Өткөн жуманын соңунда “Ошто ырчы кыз мас абалында автоунаа айдап баратып токтоткон милиция кызматкеринин чекесин такасы менен жара тепти” деген маалымат интернетке чыккан. Ырчы кыздын окуясы ошол күндөн бери социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратып, аягы тыйыла элек. Учурда үй камагында отурган Алтынай окуя тууралуу буларды айтып берди.

– Алтынай, сен тууралуу видео тарагандан бери социалдык тармактарда талкуулар абдан кызуу жүрүп жатат. Өзүң аларды кандай кабыл алып атасың?

– Социалдык тармактарда менин атыма жазылган ой-пикирлерди окуган жокмун, чыгармачыл адам болгондуктан ал нерселерди көтөрө билишим керек. Эл алдында жүргөнүм үчүн бул нерсе элге бат тарап кетти. Азыр теле-радио, гезиттерден тынбай чалып окуя тууралуу билдирүү сурап жаткандары өкүнүчтүү. Болбосо буга чейин чыгармачыл адам катары мага алардан эч кандай колдоо болгон эмес болчу. Негизи эч кандай сөз сүйлөбөйүн деп чечкен элем, эл ар кандай ой-пикир айта берет, жаза берет. Бирок карап көрсөм, баары МАИ кызматкерлерин колдоп бир жактуу болуп жатат. Ошондуктан мен да өз чындыгымды айтайын дедим.

– Ошондо сенин чындыгың кандай?

– 12-январь курбумдун туулган күнү эле. Аны куттуктап коюп түнкү саат 2лерде кайра үйгө келе жаткам. Жолдон мени жол боюнда турган Кайгуул милициясы көргөнүн байкап өттүм. Анан эле артымдан жете келип жолдун ортосунда бараткан жеримден алдыма өтүп токтотушту. Ал жерде 7-8 кызматкер болгон, арасынан 2-3өө жаныма келди. Мен автоунаамдын терезесин түшүрүп: «Саламатсыздарбы?» - десем, арасынан бирөө автоунаамдын ачкычын алып алды да, документимди талап кылды. “Автоунаамдын ачкычын бериңиз, жолдун чекесине токтоп документтеримди алып берейин», - десем болбой баары мени ороп алышып ар кандай сөздөрдү сүйлөй башташты. Айлам кетип Ош шаардык ИИБнын башчысы Кылыч Жолдошевге чаларымды айттым. Анын атын укканда журналисттерди чакырышты эле, бат эле камерасы менен келе калышты. Журналисттер келип тарта баштаганда тартпоосун сурансам, беркилер «тарта бер, биз турабыз, булар жаман үйрөнүшкөн» деп бири-бирин шыктантып турушту.

– Кылыч Жолдошевге чалдыңбы анан?

– Жок, мен ал адамды көргөн да эмесмин, болгону Ош шаардык ИИБнын башчысы экенин билем. Түн жарымы болсо, милициялар мени тегеректеп алып шылдыңга алып атышса, айласыздан ал адамдын атын атадым.

– Бирөө “Кылыч Жолдошев” деп бир эркек менен кучакташып түшкөн сүрөтүңдү таратты го, ал ким эле?

– Ал - аяш атам, менин туулган күнүмдө “Палоо борборунан” түшкөн сүрөтүбүз болчу, байкасаңыздар, жанында тапчан турат го.

– Анан кимдерге телефон чалдың?

– Мени коргой турган ага-эжелерим деле бар эле, бирок түнкү саат экиде алардын тынчын алып чалгым келген жок. Болгону курбу кызыма чалдым, бирок ал да телефонун алган жок. Анан милиция кызматкерлери мени күч менен автоунаамдын арткы орундугуна өткөрүштү, кийимдерим жыртылып, колдорум кайрылды. Үстүмдөгү кийимдеримдин баары өйдө көтөрүлүп кеткенде тигил милиция кызматкери мени аябай карап атпайбы. Эки колум бош эмес болгондуктан «караба» деп бутумду силккенимде оң кашына тийип кетти. Эгерде ал мени карабай, автоунааны айдап кете бергенде бутум ага жетмек эмес. Наркологияга алып барышканда да мени бири-бирине түртүп, адам катары укугумду абдан тебелеп салышты. Алар буттарымды көгөртүшкөн, мен арыз жазгам, тилекке каршы, каралган жок. Карга карганын көзүн чукубайт экен. Негизи автоунаамды жүктөп кетип, мени өзүлөрүнүн автоунаасына салыш керек болчу. Анан жол чыракка жүз метр калган жерге МАИ кызматкерлери турбашы керек. Алар болсо жол чырактын түбүнө туруп алышат, бул алардын жумушуна болгон шалаакылыгы деп эсептейм.

– Видеону көргөн ар бир адамга ошол учурда мас экениң байкалат

– Мен эч кандай ичимдик ичкен эмесмин, болгону эмоцияга алдырып жибергем. Элестет, көчөдөн 5-6 бала келип тийишип атса нерв болосуң да. Алар мени муунтуп кыйнашкан, аба жетпей жардам сураган жерлерим бар болчу, видеодон аларды алып салышыптыр. Наркологияга барганда менден эч кандай жыйынтык табышкан жок. «Жазып кой, мас да» деп мас кылып чыгарышты. Мен дайыма Red Bull энергетикалык суусундугун ичем, анткени саат ондон кийин адам чарчап калат. Аталган суусундук энергия берет, анын курамында алкоголь жок. Милиция кызматкерлери анын жытын ичимдикке алмаштырыштыбы, билбейм. Болбосо мен ичимдик ичкен кыз эмесмин, майрамдарда гана шампан ууртап коём.

– Убактылуу кармоочу жайда канча убакыт жаттың?

– Ал жакта 2 сутка болдум. 48 саат бою көз жашым кургаган жок. Жок жерден мени каралаган адам көз алдымдан кеткен жок. Андан кийин сот адилеттүү чечим чыгарып мени үй камагына чыгарды.   

– Үй-бүлөң, ата-энең бул нерсени кандай кабыл алышты?

– Окуяны мен убактылуу кармоочу жайда кармалып турганымда угушуптур. Сот ишти карап атканда күтүп отурушуптур, бирок мен уятымдан алардын көзүн карай албай курбумдун автоунаасына түшүп кетип калгам. Анан телефон чалып баарынан кечирим сурадым (ыйлап). Үйгө келсем ата-энем эркелетип тосуп алышты. «Кызым, бул кыйынчылыктардын баарын жеңишиң керек» деп мага дем-күч беришти. Азыр мени колдоп турган - ата-энем жана бир туугандарым. Үйдөн чыкпай атам, чыксам да көз айнек тагынып алам. Бул окуя менин жашоомдо өтө чоң сабак, өтө чоң сокку болду.

– Ошого карабай эч нерсе болбогондой концертке кетип жаткан видеоң тарады эле…

– Мен убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин курбу кыздарым «тамактанып, көңүлүңдү көтөрүп келели» деп мени жакшынакай кийинтип алып кетишкен. Жолдо баратып видеого тартып, күлүп-жайнап кеткенбиз. Ошол видеону курбум интернетке киргизип жибериптир. Ал менин башымдан оор нерсени өткөрүп, кыйналып атканымды сезген жок да, көңүлүмдү көтөрөм деп гана ойлоду. Кечирим сурады, бирок элге туура эмес маалымат кетип калганы өкүнүчтүү болду.

– Сени “ОшТВ телеканалынын журналисти” деп атышат, учурда ал жакта иштейсиңби?

– Мен аталган телеканалда жарым жыл иштегем. Башында жетекчиси Керим агайга кирип: «Мен айлык сурабайм, атым үчүн эфирге чыгарыңыз», - десем, уруксат берген. Андан кийин сезон башталып калып тойлордо ырдап жүрдүм. Эми жаңы жылда жумушума чыгам го деген ниетте жүрсөм, мындай окуя болуп кетти. Ошондон улам мен ал каналдын атын уят кылып койдум, ал үчүн кечирим сурайм. “ОшТВда иштебейт” дегендер Ютуб каналынан караса, менин алып барган эфирлерим чыгат.

– Ырчы катары сахнага чыкканыңа канча болду эле?

– Сахнага чыкканыма эки жылдын жүзү болгон, ортодо чоң энем каза болуп чыкпай жүрдүм. Анан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өнөктүгүндө чыга баштап ошондон бери ырдап жүрөм. Ырас, ырларымдын көпчүлүгү элге жете элек, эки клибим чыккан, калганын эми жайылтам деп даярданып аткам. Ошондой эле Бишкекке барып чыгармачылыгымды улантсам деген кыялым бар эле, минтип үй камагында отуруп калдым. Эми жакшы жагына бүтүрүп алсам, пландарымды ишке ашырууга киришем.

Динара ЧОКОЕВА