Грузин ашканасынын даамдары

Грузин ашканасы – дүйнөдөгү эң бай ашканалардын бири. Алар этти ченемсиз пайдалангандыгы менен башкалардан айырмаланат. Эттин бардык түрүнөн ар кандай тамактарды жасашып, даамын чыгаруучу ар кандай татымалдарды кенен колдонушат. Грузин ашканасында жашылчалар да негизги орунду ээлейт. Бул элдин харчо, хачапури сыяктуу улуттук тамактары дүйнөгө кеңири таанымал жана алар эл аралык тамактарга айланып калган.

 

Харчо

Кандай азыктар керек?

Уйдун сулп эти: 1 кг

Жаңгак: 200 г

Күрүч: 200 г

Пияз: 4-5 даана

Кинза, петрушка: 1 боодон

Сарымсак: 3-4 тишче

Ачуу болгар калемпири: 1 даана

Лавр жалбырагы: 1-2 даана

Туз, мурч

Тклапи (кара өрүктүн пюресинен кургатылып жасалган жука пластинка): 2 даана

Кантип жасалат?

Этти муздак сууга салып отко коюп, кайнаган соң чий көбүгүн алып 1,5 саат кайнатасыз.

Бышкан этти казандан чыгарып коёсуз.

Шорпого болсо майда чарчы болуп тууралган пиязды, көк чөптөрдү жана таза жуулган күрүчтү салып дагы кайнатасыз.

Бул аралыкта муздаган этти бирдей көлөмдөгү кесимдерге бөлүп коёсуз.

Күрүч бышарда шорпого этти, майдаланган сарымсакты, лавр жалбырагын жана кара өрүк лавашын салып дагы бир аз кайнатасыз.

Аягында татымына жараша туз, мурч жана майдаланган жаңгакты кошуп аралаштырып коёсуз.

Шорпонун бетине майда тууралган ачуу кызыл болгар калемпирин, көк чөптөрдү себелеп койсоңуз болот.

 

Хинкали

Кандай азыктар керек?

Ун: 500 г

Суу: 250 мл

Жумуртка: 1 даана

Кой эти: 500 г

Пияз: 4-5 даана

Сарымсак: 3 тишче

Туз, мурч

Өсүмдүк майы: 1,5 чоң кашык

Кантип жасалат?

Манты сыяктуу эле камырын жууруйсуз.

Этти эт майдалагычтан өткөрүп, пияз менен сарымсакты майда чарчы кылып туурап, ага татымына жараша туз, мурч жана башка өзүңүз каалаган татымалдарды кошуп фарш даярдайсыз. Фарш ширелүү болушу үчүн бир аз ысык суудан кошуп аралаштырып коёсуз.

Тыныккан камырды жайып, стакандын жардамы менен андан майда тегерекчелерди кесип аласыз.

Тегерекчелердин ортосуна фарштан салып, аны мантыдай кылып эмес, мүшөкчө кылып түйөсүз. Кармап жегенге ыңгайлуу кылып «куйругун» узунураак кылып чыгарып коёсуз. Хинкалинин өзгөчөлүгү ушунда.

Чоң мискейдеги кайнап жаткан туздуу сууга мүшөкчөлөрдү саласыз.

Бири-бирине жармашып калбаш үчүн сууга өсүмдүк майын кошуп, өзүңүз тез-тез аралаштырып турасыз.

10 мүнөттөн кийин суунун бетине калкып чыгат, андан кийин да 10-15 мүнөт кайнатып, анан сузуп аласыз.

 

Хачапури

Кандай азыктар керек?

Ун: 2 стакан (400 г)

Сүт: 200 г

Дрожж: 2,5 чай кашык

Шекер: 2 чай кашык

Туз

Каймакмай: 80 г

Катуу сыр же сулугуни: 200 г

Кантип жасалат?

Алгач хачапуринин камырын жасап аласыз. Идиштеги унга дрожжду, шекерди, тузду кошуп, бир колуңуз менен чубуртуп сүттү куюп камыр жууруйсуз.

Камыр 2 сааттай тыныккан соң үч бөлүккө бөлүп алып, ар бирин тегерете жаясыз.

Ирик кыргычтан сыр менен каймакмайды өткөрүп, жакшылап аралаштырасыз.

Эми бул аралашманы камырдын ортосуна коёсуз да, камырдын чекелерин бириктирип жабасыз.

Анан кайра тегерек кылып жаясыз.

Хачапурини кызып турган кургак көмөч казанга салып ар бир тарабын 4 мүнөттөн кууруйсуз.

Чыгарган соң каймакмайдан сүртүп коёсуз.

Хачапуринин көк чөптөр менен, эт менен да жасалган түрлөрү бар.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА