Ашканада бул жаңылыштыктарга жол бербеңиз

Айрым кожойкелер ашканада шашканынан, маани бербестигинен же жалкоолугунан жаңылыштык кетирсе, айрымдар чындап эле билбестигинен кетиришет. Андыктан биз ашканадагы көп кетирилүүчү, анан да жыйынтыгында тамагыңыз өзүңүз каалагандай болбой калганга жеткирген катачылыктарды чогулттук.

 

1. Газ бөлүп чыгарган жашылча-жемиштерди өзүнчө сактаңыз


Бардык жашылчалар менен жемиштер этилен – алардын бышуусун тездетүүчү газ бөлүп чыгарат. Алардын ичинен өзгөчө көп өлчөмдө бөлүп чыгаргандары бар. Мына ушул жашылча-жемиштердин башкаларына таасири тийбеши үчүн өзүнчө сактап жүрүңүз.

Газ бөлүп чыгаруучу жашылча-жемиштер: алма, бадыраң, сабиз, картошка, брокколи капустасы

Өзгөчө көп өлчөмдө газ чыгаруучу жашылча-жемиштер: помидор, кара өрүк, алмурут, банан, авокадо, киви жана манго.

 

2. Ысык тамакты пластикалык контейнерге салбаңыз


Пластикалык контейнерлердин дээрлик бардыгынын курамында зыяндуу химиялык зат болот. Ал жогорку температурада бөлүнүп чыгат. Андыктан мындай идиштерге тамакты ысык бойдон эч качан салбаңыз. Ден соолугуңузду ойлосоңуз, бөлмө температурасына чейин муздатып, андан кийин гана салыңыз.

 

3. Татымалдарды ысыктан алыс кармаңыз


Татымалдарды капкагы бар кичинекей айнек банкага гана сактоо туура. Ал эми ал банкаларды койгон жайыңыз күндүн нуру тийбеген, ысык нерседен алыс болууга тийиш. Анткени ысык татымалдардын сапатын, даамын жана жыпар жытын тез бузуп жиберет. Айтмакчы, ушул себеп менен татымалы бар банканы казандан чыгып жаткан бууга тосуп ачпаңыз.

 

4. Бышырып жаткан учурда духовканы ачпаңыз


Пирог, пирожки, пицца болобу, духовкага кандайдыр бир даам бышырып жаткан учуруңузда эшигин ачуунун кажети жок. Эшик ачылганда андан жылуулуктун көбү чыгып кетип духовка муздай түшөт. Мындан улам бышырып жаткан тамагыңыз көптө даяр болгону аз келгенсип катуу болуп ойдогудай бышпай калат.

 

5. Зайтун майын тамак жасоого пайдаланбаңыз


Биз кээде тамакты мурдагыдан да даамдуу бышыруу аракети менен баалуу болуп эсептелинген зайтун майын пайдаланабыз. Бирок жаңылышабыз. Зайтун майынын организмдеги холестериндин деңгээлин түшүргөндөн тышкары көптөгөн пайдалуу жактары бар. Майдын бул түрүн салатка кошуу менен чийки түрүндө пайдаланганда гана жогорудагы пайдалуу касиеттери өзгөрбөй сакталат жана организмге өз таасирин тийгизе алат. Андыктан зайтун майына тамак кууруунун кажети жок.

 

6. Помидорду тамакка өз убагында салыңыз


Помидордун курамындагы көп өлчөмдөгү кислота эттин бышышын тездетет, жашылчалардын бышышын, тескерисинче, кечеңдетет. Андыктан помидорго байланышкан алтын эрежени эске ала жүрүңүз: эгерде шорпо жасап жатсаңыз, помидорду же томатты картошка, сабиз, капуста жана башка жашылчалар бышкандан кийин салыңыз. Ал эми эт кууруп жаткан болсоңуз, жумшак болуп бышышы үчүн помидорду дароо эле салып кошуп кууруй берсеңиз болот.

 

7. Картошканы мискейдин капкагын жаап бышырыңыз


Картошканы сууга бышырып жаткан учурда суунун ашып кетишинен сактанып капкагын алып койгуңуз келет. Бирок бул - сиздин дагы бир катачылыгыңыз. Капкакты ачып коюу менен биз андагы витаминдердин учуп кетишине жол ачабыз. Ал эми жаап бышырганда витаминдер сакталгандан тышкары даамы, жыпар жыты сакталат жана картошка тезирээк бышат.

 

Аймээрим Курбаналиева