Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Самат

Туулган жылы: 1995-жыл 11-ноябрь

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Тартынчаак, намаз окуган, ыймандуу, туруктуу, сылык, тың

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0779 58 22 91

– Мен беш айдай мурун бирөөлөрдүн тааныштыруусу менен бир кызга баш кошком. Экөөбүз эки ай жашап ажырашып кеттик. Мунун себеби бири-бирибизди билбей эле турмуш баштаганыбыз болду. Бул үчүн абдан өкүнөм. Өзүм ата-энем бар, жети бир туугандын арасында өскөн баламын. Эми мен туруктуу жашоо баштоо үчүн 17 жаштан 23 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышам. “Дароо эле турмуш кура калам” дебейм. Сүйлөшүп, сынашып жүрүш керек экен, ансыз болбойт экен деп калдым. Анан жылдызыбыз келишсе турмуш баштап кетебиз деген ойдомун. Негизи мүмкүн болушунча баласы жоктор менен таанышууга аракет кылам. Эч болбоду дегенде баласы жаңы төрөлгөн ымыркай болсо дейм. Болбосо чоңоюп калган балага ата боло албайм.

 

Эрик

Туулган жылы: 1949-жыл 16-апрель

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: мектепте кесиби менен иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Ак-Суу району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, боорукер, туруктуу, акылдуу, жаман адаттары жок, арык чырай

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0776 18 08 32

Мен үч баланын атасымын. 6-7 жылдай мурун кемпирим авто кырсыктан каза болуп калган. Балдарым борбордо турушкандыктан мен айылда жалгыз күн кечирем. Жалгыздык деген карыган киши үчүн эң жагымсыз нерсе экен. Жалгыз жашоодон абдан жададым. Карылыкты эрмектешип бирге өткөрүүгө жалгыз бой айымдардан түгөй издейм. Балдарым менин жашоомо кийлигишишпейт, бул менин каалоом, менин чечимим. Мага байланышкан байбиче да балдарына көз каранды эмес, өз алдынча адам болсо эң жакшы болот. Анткени ушул жашка келгенде бирөөнүн баласын камсыздап, кароону, ачыгын айтканда, каалабайм. 55 жаштан 60 жаш куракка чейинки нарындык, чүйлүк, көлдүк, бишкектик, эң алыс дегенде таластык айымдар чалыңыздар.

 

Акыл

Туулган жылы: 1985-жыл 5-март

Кесиби: экономист

Иштеген жери: курулушта куруучу болуп иштейт

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай айымдар жагат? эч нерсеси кызыктырбайт

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0772 79 09 37

Мен сегиз бир туугандын кенжесимин. Ата-энем бар. Бирок келечекте алар менен туруктуу жашар-жашабасым арсар. Буга чейин турмуш курган эмесмин. Ошондуктан турмушка чыкпаган, турмуштан жаңылбаган 23 жаштан 28 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Учурда борбордо жашап, иштеп жүрөм. Жакшы аялзатына жолугуп, турмуш курсам, туруктуу жашоом кайда өтөрү ошондо чечилет. Ашык талап деле койбойм. Башкысы абийири таза, турмушка олуттуу караган кыз болсо болгону.

 

Руслан

Туулган жылы: 1984-жыл 21-апрель

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: соода менен алектенет

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Кудайдан корккон, туруктуу, ыймандуу, намазга бек, таза, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 23 13 30

– Аялым менен 6-7 айдай жашаган соң ажырашып кеткем. Себеби, айткым келбейт. Негизгиси бири-бирибизге катуу айтпай, түшүнүшүү менен эки жолго түшкөнбүз. Андан бери эки жыл өттү, эч ким менен байланышкан жокмун. Эми 20 жаштан 32 жашка чейинки кыз-келиндер менен туруктуу жашоо куруу максатында таанышам. Жердиги биз жак облус, райондордон болсо жакшы болот. Жоолук оронбосо дагы намаз окуган аял алгым келет. Өзүм ыйман жолуна багыт алып турган кезим. Буга чейинки жашоосунан бир кызы болсо багып алууга мүмкүнчүлүгүм бар. Мындайда ортодо уул балага караганда кыз баланын болгону жакшы экени баарына эле маалым да.

 

Урмат

Туулган жылы: 1983-жыл 24-ноябрь

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: кесиби менен курулушта иштейт

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, түшүнүктүү, чынчыл, таза, тыкан, мээримдүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0777 27 65 46

Ата-энемдин каалоосу менен мен тааныбасам, билбесем да алар кудалап койгон кызга баш кошком. Чынын айтсам, аны менен жашагым деле келген эмес. Бирок ата-энем тараптан аткарылып калган иштерге баш ийип калдым. Каалоосуз башталган жашообуз бир жылга да толук толгон жок. Анан ансыз да ыргылжың өтүп жаткан турмушубузга аны менен менин жеңелеримдин келишпей калгандыгы себеп болуп ажырашып кеттик. Кыздуу болгонбуз. Ал апасында. Мен кызыма барбайм. Бойдокчулукта күн кечиргениме жети жыл болуп баратат. Эми көңүлүмө жаккан, жүрөгүм тандаган аялзатына баш кошуп бактылуу жашагым келет. Жердиги кайсы жактан болсо да мейли, жашы 27-35 жаштардын ортосунда болсо жакшы болот. Баласы болсо да, болбосо да башкысы турмушка терең карап, үй-бүлөнү жөндөп кете алган аялзаты болсо дейм.