АЛАПАЕВА Акыл: «Жашоо менден өчүн алып бүтө элек…»

Кыйынчылык кимдин гана башына келбейт. Бир адамдын башына түшкөн кыйынчылыктын экинчисиникинен айырмасы – же узак, же кыска, балким, жеңил, балким, оор болот. Пайгамбар жашына келген Акыл эженин башына түшкөн кыйынчылык оор дагы, узак дагы экен. 46 жылдан бери эки бөлмөлүү жер тамда өлбөстүн күнүн көрүп өмүр соңуна жакындап бараткан эне турмуштун катаалдыгын, жашоонун өчү бардай өгөйлөгөнүн муңая эскерет.

– Мен өзүмдү жашоого азап тартыш үчүн келгенминби деп ойлойм. Деги эле менин жарыкка келишим да, бала күнүмдөн башталган тагдырым да кыйынчылыктар менен башталыптыр. Ата-энем мага чейин үч жолу балалуу болуп, бирок үчөө тең чоңоюп калганда чарчап калышыптыр. Апам төртүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келгенде атам ырымдап, эркектей күчтүү болсун деп атымды Акыл койгон экен. Алты жылдан кийин иним төрөлгөн. Бала кезимде омурткамды сындырып алган экенмин. Баладай болуп ойноп-күлө албай бир канча жыл гипс менен жүрүп, кийин канча дарыланганыма карабай оорукчан болуп калдым. Ылдый эңкейип, оор көтөрүп, көп баса албаганымдан улам элдей болуп шартылдап иш кылуу бактысынан ажырадым. Бирок “майып” деген атты алып жүрүүдөн намыстанып майыптыкка катталбай койгом. Бала үчүн ата-эне баарын кылат эмеспи, ооруканага тез-тез көрүнүп туруш керек болгондуктан атам илгери борбордон кичинекей жер там алып берген. Ошол үйдө күн кечирип келем. “Үй-бүлөнүн куту болгон адам көз жумса, аны менен кошо ырыскы да кетет” деген чын окшойт, атам каза болгондон кийин жашообуз оорлошо түштү. Ырыскы качып мал-жандын баары кырылды.

***

Ооруганыма карабай катардагы адамдардай эле билим алгам. Тарых бөлүмүн бүтүргөнүм менен кесибим боюнча иштеген жокмун. Мага бир гана отуруп иштөө керек болгондуктан акимиятта катчы, Улуттук университетте кадрлар менен иштөө бөлүмүндө бир канча жыл иштедим. Аз айлык алганыма карабай ишимди жакшы көрөр элем. Жумушка ушунчалык берилгендиктен жигиттер менен сүйлөшүүгө убактым да жок болгон. Убакыт зымырап учуп кетти. Кырк жашка чыкканда гана бир адам менен таанышып, сүйлөштүм. Мамилебиз уланып ал “сага үйлөнөм” деп айланчыктап жүрүп, качан боюма бүтүп калганда качып кетти. Мен ага карабай төрөп алууну чечтим. Дарыгерлердин “ден соолугуңа байланыштуу төрөй албайсың, сага төрөөгө болбойт” деп урушкандарын уккан жокмун. Аман-эсен ай-күнүмө жетип кыздуу болдум. Жашым кырктан ашып кеч төрөгөндүктөн төрөтүм абдан оор болуп өмүр менен өлүмдүн ортосунда алыштым. Төрөттөн кийин араң жан ден соолугум ого бетер начарлап оорукана менен молдолорго каттоо менен дагы далай убактым өттү.

***

Турмушка, ден соолугума шылтоо кылбай төрөп алганыма азыр кубанам. Жалгыз эмесмин. Жанымда апакелеп турган жароокер кызым бар. Бирок жашоодо мага деги эле жеңил нерсе буюрбаган окшобойбу, кызымды чоңойтуу да мени далай азаптарга чыдатты. Балалуу болгондон кийин жумушка чыга албай калдым. Бирок иштебей коюуга да мүмкүн болбогондуктан кызым бир аз чоңоюп калганда аны апама берип иштей баштадым. Бирок көп өтпөй кызым ооруп калып өз колума алууга туура келди. Кызымды чоңойткончо биротоло жумушсуз калдым. Кийин жумуш издеп барбаган жерим калган жок. Төрөттөн кийин грыжа пайда болуп, жакшы да баса албай калгам. Отуруп иштеген жумуш издеп жарыя боюнча чалсам, үнүмдү жактырып жумушка чакырышат. Барсам, “кемпирдин кереги жок” деп коюшат. Жумуш издөө менен күн өткөрүп жүрүп пенсия жашына да келип калдым. Пенсия алсам жашообуз бир аз жеңилдейт го деп ойлогон элем. Бирок кымбатчылык болгондуктан пенсиям коммуналдык төлөмдөрдөн ашпайт. Жаңы кийим алуу дегенди кой, ырыстуу тамак-ашка жетпей келебиз. Кызым экөөбүз наны жок ачка калган күндөр көп болот. Кошуна-колоңдон сурай берип бетим калбай калды. Аргам калбаганда айылда иним менен турган апама чалам. Байкушум токсон бешке чыкканына карабай кызым үчүн деп колунда бар жер-жемишин, нанын салып жиберет. Картошканы сууга бышырып жей берип андан көңүлүбүз калды. Этти бир жылда бир-эки жолу эле көрөбүз. Нан жок калганда дүкөндөрдөн карызга алчубуз. Акча жок убагында төлөй албай жатып алардын ишеничинен да чыгып бүттүк. Азыр бизге эч бир дүкөн карыз бербейт.

***

Бир жолу жегенге эч нерсе жок, абдан кыйналганда бир кайрымдуулук фондуна баргам. Шартымды түшүндүрүп жардам сурасам, “биз жалгыз адамга эмес, коомдук уюмдарга жардам кылабыз” деп чыгарып жиберишти. Буга чейин эч кимден жардам сурап көрбөгөндүктөн мындай жоопко ыза болуп үйгө чейин ыйлап келдим. Ошондон кийин эч кимге кайрылбай да калдым. Канчалык кыйналбайын көчөгө чыкканда тыкан жүргөнгө аракет кылам. Кийимдериме 20-30 жыл болсо да аларды таза кармайм. Ошондуктан эч ким бизди жардамга муктаж деп ойлобойт. Жетишпегендер үчүн деп Социалдык коргоо борборунан 500 сом жөлөк пул алам. Аны да кээде берсе, кээде бербейт. Быйыл көмүр беришкен, бирок кыш суук болгондуктан анысы да эрте эле түгөнүп калды. Кызым борбордогу университеттердин бирине өз күчү менен тапшырып бекер окуп жатат. Мени кыйнабайын деп окуу жайдын алыстыгына карабай жөө барып келет. Менин ишим болсо күн бою кызымды күтүп жол карап отуруу. Анан окуусун ийгиликтүү аяктап, кесиби боюнча иштеп калса экен деп Кудайдан тилейм. Жароокерим бош болуп калса ар кайсы жерде иштейт. Бир аз тыйын топтоп өзүнө окуу куралдарын алып, эптеп элден калбайын деп чуркап жүрөт. Кызым үчүн жашап келем, ал - менин үмүтүм.

 

Жаңыл Исаева