Тилек

 (Башталышы өткөн санда)

Эртеси иш убактысы башталары менен телефон чалдым. Өзү алды:

– Ким бул?

– Мен… Зардос.

Телефондогу Айжүздүн үнү негедир салкын угулду.

– Кечээ эмне келбедиң?

– Иш чыгып калды. Сага чалсам, «чыгып кетти» дешти. Жолугушууга бүгүн деле күн бар да… – жообу кайдыгер кишиникиндей эмес…

– Ошого чейин чыдамым жетпей чалдым эле, – мен ага баёо мүнөздөй сезилдим көрүнөт.

– Чын элеби?..

– Чынымы айтам.

– Анда келем. 5 жарымдабы?

– Мейли, 5те. Жок. 4тө деле.

– 4кө келалбайм. Болуптур 5те.

Саат 17-00дө колума эки балмуздак кармап, скамейкага жаңыдан отурарым менен Айжүз көрүндү. Балмуздак кармап отурганыма алыстан эле жылмайды. Мага жеткиче наристедей кытылдап күлгөнү жакты. Ушунчалык жан дилинен күлгөн үчүн бир колун бооруна басып, сол жагына ооп келатты. Алдынан утурлай басып ооп келаткан жагына кучагымды жайдым. Аны кучагыма биринчи жолу аяр кыстым. Биринчи жолу боюбуз жакындады. Ал менден чочуркаган жок. Кайра мен жакка ыктап, колуман балмуздактын бирин алды.

Мен аны кечээ кандай чыдамсыздык менен күткөнүмдү айтып бердим. Ал эмнеге келбей калган себебин түшүндүрдү. Үстүндө күндөгү эмес, башка көйнөк экенине көңүлүм түшүп турганын байкап калдыбы, көйнөк жөнүндө өзү сөз баштады.

– Жаман тигилиппи?

– Үстүңө эмне кийсең да сындай албайм. Мүмкүн, башкалар өзүн көрктөш үчүн көйнөк киер, а сен өзүң көйнөктү көрктөп турасың, – дедим Омар Хайямдын саптарын эстеп.

– Өзүм тиккен көйнөк. Бүгүн биринчи жолу көчөгө кийип чыктым.

– Демек, жакшы көйнөктүн кадыры үчүн экөөбүз бүгүн театрга баргыдай экенбиз. Көйнөгүңдү эл да көрсүн.

Менин бул айтканыма Айжүз муздак жылмайды.

– Кайсы театрга?

– Менимче, бүгүн Орус драма театрында Альбер Камюнун «Калигуласы» коюлмак.

Дароо макул көрдү. Ордубуздан турарыбыз менен удургуган шамал көйнөгүнүн этегин көтөрө берерде кымтыланып калды. Бирок мага ушул көрүнүшү абдан жакты. Ал ордунан турары менен мени колтуктады. Удургуган шамал жолду катар Айжүздүн этегин желпип жүдөткөнү мага жагымдуу сезим тартуулады: анын жайып алган чачтары бирде ийниме төгүлсө, бирде бетимен жалайт. Жаздын жытынан мурда мен анын чачтарынын жытына мас элем…

Театр залында жарык өчөрү менен Айжүздүн назик алакандарын издедим. Экөөбүз кол кармашып алдык. Антракттан кийин ал менин ийниме сүйөнүп, колдорун колтугума кысты.

– Зал суук экен, чыйрыгып атам, – деп мен жакка ыктаганынан үстүмдөгү күрмөмдү чечип бердим.

Спектакль аяктагандан кийин сыртка чыксак жамгыр көнөктөп атыптыр. Айжүздө да, менде да кол чатыр жок эле, театрдын ыктоо жагында бир аз далдаланып турдук. Жамгыр басылар эмес. Айжүз калтырап үшүй баштады. Күрмөмдү ага чечип бергендиктен мен андан бетер. Муздак абада бирибизге-бирибиз кысылып жакын турсак да демибиздеги жылуулук менен көпкө чыдар эмеспиз. Эптеп жолго чейин барып такси тосууга туура келди. Мындайда кыйма-чийме таксилер да бош болсочу, таксини көпкө күттүк. Айжүз экөөбүздүн тең ээгибиз титирей баштады. Акыры бир таксини жолдун ортосуна тура калып токтотууга туура келди. Шоопур мага:

– Кандай жандан кечкен немесиң! – деп жулунуп ачууланганынан улам бизди мушташып кетеби деп чочулаган Айжүз акыбалды менден мурда түшүндүрдү. Аңгыча арткы эшиктен башы чыккан улгайыңкы аял арачы түштү:

– Биз деле жетип калдык. Кысылышсак да батышалы. Жаштар экен, отура беришсинчи.

Мажбур болгонсуган таксист бизди акыры жеткирди. Бирок мен өз үйүмө баргым келбей Айжүз менен бирге түшүп калдым. Кабат үйгө көтөрүлүп баратканда Айжүздү ээрчип келатканымдан ыңгайсызданып токтоп калдым.

– Мен ушул жерден эле кетейин.

– Жок, мынча келгенден кийин… – ал мени шак эле билектен алып алдыга жетеледи. Аңгыча каалгалардын бирине токтодук. Айжүз колумду бошотуп сумкасынан ачкыч издей баштады. Үйдү ачып босогону аттадык. Алдыбыздан жону жылтыраган сары мышык гана тосуп алды. Биз түз эле кухняга өтүп, газга чай коёру менен артынан ээрчиген мышыкка кайрылды:

– И-ии сарым... Мени бүгүн эмнеге кечикти деп күтүп аттыңбы? Курсагың ачтыбы? Азыр сага... – муздаткычтан оозу ачылган кильки алып чыгып бурчтагы идишине салды.

– Сары мышык экөөңөрдүн жаныңар бирге окшойт.

– Үйгө келерим менен эрмегим ушул. Тамагын жедирем, жуунтам, жонун тарайм. Бул анан коңурук тартып уктайт.

– Туура айтамбы, сары?

Чай тез эле кайнады. Экөөбүз бет маңдай жайгашып дагыле бүтпөгөн сырларыбызга кирдик. Ал күнү биринчи жолу үйгө барбай калдым.

(Уландысы кийинки санда)

 

Олжобай Шакир