Шарипа НАСИРОВА: "Уулумду достору өлтүрүп, сөөгүн ит- кузгунга жем кылышты"

"Буюрса, келээрки жылы үйлөнүп, силерди неберелүү кылам" деп таенеси менен апасын сүйүнтүп жаткан 22 жаштагы Нурсултан досторунун колунан ажал тапкан. Шарипа эне маңдайына бүткөн жалгыз чырагын жоготконуна дагы деле ишенбейт.

 

"Жалгыз балам күтүүсүз жоголуп кетти"

– Оштун Жапалак айылында төрөлүп, чоңойдум. 21 жашымда Кара-Суунун Каратай айылына турмушка чыгып, уулдуу болдум. Нурсултан буту майып төрөлүп, 3 жашка чыкканча ооруканада жүрдүк. Тарамышын узартып 3 ирет операция жасаттык. Ушундан улам уулум 2-топтогу майып эле. Нурсултандын атасы мындан бир топ жыл мурда Орусияда иштеп жүрүп ток уруп каза болгон. Уулум менен ата-энемдин үйүнө келип, Нурсултан Жапалактагы орто мектепте билим алды. Жакшы окучу. Бирок жогорку окуу жайдан окутууга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Мен акыркы эки жылдан бери Москвада идиш жууп иштечүмүн. Өткөн жылдын июль айында өзүм кетип, Нурсултан артымдан келмек болгон. Бирок мен ал жакка барганыма бир жарым ай болгондо баламды мага жеткирбей каргашалуу иш болуп кетти. Уулум, таенеси, менин бир тууган эжем жана анын кызы болуп төртөө жашашчу. 5-cентябрга караган түнү уулум достору чакырып кеткен боюнча үйгө келбептир. Эжем менен апам үч күн издешет. Нурсултан буга чейин бир да жолу бирөөнүн үйүндө түнөп калган же телефонун өчүрүп дайынын билдирбей кеткен учур болгон эмес эле. Андан улам эжем кабатырланып милицияга арыз жазыптыр. Мага уулум жоголгонуна он бир күн болгондо гана кабарлашты. Угарым менен учуп келдим. Аймактык тескөө кызматкери Улан экөөбүз Бекболот аттуу классташ досунан сурадык. Ал 5-сентябрга караган түнү Азамат аттуу өздөрүнөн улуураак бир баланын туулган күнүндө болушканын жана Нурсултан ошол Азамат деген менен жакалаша кеткенде ажыратышканын айтты. «Нурсултанды үйүнө жеткирип койгонбуз, андан кийин көргөнүм жок", - дейт. Апам менен эжем болсо ошол түнү достору кайрадан телефон чалып чакырып кеткендигин айтышты.

 

"Уулумду аман табам деген үмүтүм бар болчу"

– Уулумдун телефону ошондо бир өчкөн боюнча такыр күйгөн жок. Милиция кызматкери Улан Бекболоттун телефондо кимдер менен сүйлөшкөндүгүн мобилдик компания аркылуу тактаганда акыркы жолу Нурсултанга ошол классташы чалган болуп чыкты. Андан кийин уулума эч кимден чалуу болбоптур. Мен уулумду бирөө жарым сабап, анан жашырып дарылатып жаткандыр, эмнеси болсо да уулумдун жаны болсо экен деп тилеп жаттым. Бирок эмнегедир Бекболотту көргөндө эле: "Уулумду каякка көмүп салдың?" - деп айта бердим. Ал болсо: "Коюңузчу, аяш эне, эмне деп жатасыз?" – дегенден башка кеп айтпайт. Бекболот Адилет деген классташы экөө уулумду мени менен кошо издешип жүрүштү. Издебеген жерибиз калган жок. Азап тартып жүргөн ошол күндөрдүн биринде бизге бир маалымат келди. Кең-Сай конушунда жашаган бир чабан кой кайтарып жүрүп ошол тарапка күн сайын ар түрдүү үлгүдөгү унаа келип токтоп, бирок эч ким түшпөй эле кайра кеткендигин байкап жүрүптүр. Бир күнү адамдын буттарынын сөөгүн, эртеси баш сөөгүн көрүп милиция чакыртыптыр. Ош шаардык ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери сөөктү өлүк коюучу жайга алып келип мени чакырышты. Кызматкерлердин айтуусунда, табылган сөөктүн ички кийиминен башка эч бир кийими жок болгон. Колунда шакеги бар экен. Ич кийимди көрүп уулумдуку экенин тааный албадым. Бирок милиция кызматкери шакекти көрсөткөндө жүрөгүм зырп эте түштү. Анткени уулума сүйгөн кызы белекке берген шакектин дал өзүндөй экен. Бирок буга ишенгим келбей, окшош шакектер көп да деп уулум тирүү деген үмүт менен үйгө баса бердим. Бирок талаадан табылган баш сөөктүн тиштери Нурсултандын сүрөттөрү менен салыштырганда аныкына окшош чыгып жатты. Бирок ал баш сөөктүн алдыңкы үч тиши жок эле. Уулумдун алдыңкы үч тиши болгондуктан дагы деле ишенгим келбей турду. Тиш доктурларга кайрылсак, "эки адамдын тиши эч качан бири-бирине окшобойт, бул баш сөөк силердин уулуңардыкы" дешти. Мен дагы деле ишенген жокмун.

 

"Достору Нурсултанды өлтүрүп, талаага көмүп салышыптыр"

– Негедир ошол сөөк табылгандан кийин жанымдан чыкпай жүргөн Бекболот менен Адилет айылда көрүнбөй калышты. Бекболотту кечке издеп, Ноокатта таежесинин үйүндө жашырынып жаткан жеринен Улан экөөбүз барып алып келдик. Аны Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына 21-октябрь күнү киргизишти. Ал кармалган күнү эле уулумду өлтүргөнүн, жанында төрт классташы болгондугун айтып баарын мойнуна алыптыр. Ошол эле түнү «окуяга катыштыгы бар» деген шек менен анын төрт классташы кармалып, алар да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эхх... Мен шексинип, бирок ишенгим келбеген нерсени беш бала тең моюндарына алып милицияга айтып олтурган соң ишенбеске айлам калбады. Баягы чачылган сөөктөрдү өлүкканадагы дарыгерлер адам кейпине окшоштуруп кураштырып колубузга беришти. Жалгызымдын өзүн эмес, ит-кузгунга жем болгон сөөгүн кармап сыздап отуруп калдым. Сөөктү жол-жобосун кылып жерге бердик. Бекболот: "Ошол түнү туулган күндөн үйүнө кеткен Нурсултан кайра бычак көтөрүп мага келди. Ал мени өлтүрүп салат деп андан коргонуп арматура менен чапсам өлүп калды", - деп көрсөтмө бериптир. Эжем Нурсултан үйдөн бычак эмес, фонарик көтөрүп чыкканын айтат. Бекболоттун айтымында, ал Адилет аттуу досуна чалат. Адилет таш менен уулумдун башына бир канча жолу урган экен. Кансырап жаткан уулумду клеёнкага ороп, биротоло жок кылуу максатында Кубаныч аттуу классташынын Тико үлгүсүндөгү унаасы менен Кең-Сайда казылган арыкка таштап, кийимдеринин баарын чечип, үстүнө топурак салып кетип калышыптыр. Окуяга аралашкан Максат жана Бекзат аттуу дагы эки классташы аларды Бекболоттун үйүндө күтүп турушкан. Бекболот уулумдун кийимдерин, телефонун үйүндөгү тандырга салып өрттөп, үйүнүн дубалына чачыраган кандарды жууп, полун алмаштырыптыр. Балдар уулумдун шакегин чыгарып салууну унутуп калгандыктарын тергөөдө айтышыптыр.

 

"Беш бала шерттешип окуяны жашырып жүрүшкөн"

– Беш бала шерттешип, окуя тууралуу эч кимиси эч кимге ооз ачпоого убадалашкан экен. Угушума караганда, бул бешөө өтө ынак достордон экен. Уулум бул балдар менен параллель класста окуган, кийин эле дос боло баштаган эле. Бекболот көрсөтмөсүндө уулум Кең-Сайга алып бара жатканда да тирүү экенин айтыптыр. Нурсултан: "Бул кылыгыңар үчүн баарыңар менен эсептешем", - дегени үчүн Адилет дегени уулумдун бөйрөк тушуна үч-төрт ирет бычак сайыптыр. Алдыңкы үч тиши Бекболот арматура менен чапканда түшкөн экен. Ошентип, дос деп ишенип жүргөн жакындары уулумду мыкаачылык менен өлтүрүп тынышты. Учурда Бекзат менен Максат үй камагына чыкты. Ал эми Бекболот, Адилет, Кубаныч үчөө Оштогу №5 СИЗОдо олтурушат. Бекболот: "Мен жалгыз өлтүрдүм", - деп көрсөтмөсүн өзгөртүп, күнөөнү жалгыз мойнуна алып, Кубаныч менен Адилетти жакындары куткарып алууну көздөп чуркап жүрүшөт. Жакында сот отуруму болот. Мен бул балдардын баары тең эркинен ажыратылуусун тиешелүү тараптардан талап кылам. Себеби маңдайымдагы жалгыз уулумду өлтүрүп, менин да бактыма балта чабышты. Мушташтан анча-мынча адам өлбөйт. Уруп үйүмдүн астына таштап койсо деле өзүм дарылатып алмакмын. Баламды ушунчалык мыкаачылык менен өлтүргөндүгүнө караганда, булар алдын ала пландаштырышканбы деп да ойлоп кетем. Себеби угушума караганда, жүрүм-туруму начар балдар экен. Уулум булардын бир мыйзамсыз иштерин байкап калса, ошондон чочулап, балким, ушул ишке барышкандыр. Баарынан да мени таң калтырганы уулумду өлтүрүп, көмүп салып, сыр бербей менин жанымда издемиш болуп жүргөндөрү болуп атат. Жамандыкты адам өзү байкабаганы менен айрым нерселер белги берет тура. Орусияда жүргөндө түшүмдө тиштерим түшүп, аскадан кулап коркунучтуу эле окуяларды көрө баштагам. Ал эми Нурсултандын сөөгү талаадан табылган күнү кулагымда бекем тагылган сөйкөмдүн бири чечилип жерге түшүп кетти эле. Бекболотту Ноокаттан таап убактылуу кармоочу жайга алып кирерде унаадан түшсөм бутум баспай калган. Мунун баары мага белги болгон экен.

 

"Шектүү балдардын жакындары акча, үй сунуштап жатышат"

– Эми мага беш баланын жакындары ортомчулары аркылуу акча, үй сунуштап жатышат. Мен эмне, баламды акча, үй менен баалап сатмак белем. Андай сөздү уккан сайын төбө чачым тик туруп, жанымды коёрго жер таппай келем. Жашагым келбей, өлөм деп дары ичип да көрдүм. Ушул ишти ачууда менин жанымда эки ай бою күнү-түнү издешип, Бекболотту таап иштин бетин ачкан аймактык тескөөчү Уланга ыраазымын. Ош шаардык прокуратурасынын, Ош ШИИБдин кызматкерлерине да рахмат айтам. Бир гана тилегим - соттор адилеттүүлүк кылып тиешелүү жазасын беришсе экен. Эгерде бул ишти караган соттор да акчага сатылып балдарды коё берчү болсо, анда кайда барып арыздансам да бул иштин аягына чыгам. Балам өз ажалы менен өлсө да мынчалык ыза болбосом керек эле. Беш зөөкүрдүн колунан өлгөндүгү мени кошо тирүүлөй өлүккө айландырып олтурат.

 

Зульфия Тургунова