Хадижа СЫДЫКОВА, “Амина” үй-бүлө куруу жана аны сактоо борборунун жетекчиси: “Мусулман нике агенттигине муктаждык күчөөдө”

Илгери кыз-жигитти жеңелери, туугандары тааныштырышса, бүгүнкү күндө таанышуунун жолдору көп. Мисалы, интернеттен, массалык маалымат каражаттары, агенттик аркылуу таанышуу. Агенттик демекчи, Кыргызстанда бир нече жылдан бери мусулман нике агенттиктеринин иштеп жатканын байкоого болот. Алардын максаты, талабы, кызматы тууралуу шаарыбыздагы мусулман нике агенттиктеринин биринин жетекчиси Хадижа айым айтып бермекчи.

– Хадижа айым, сиздердин агенттик канча убакыттан бери иштеп келатат жана эмне иш алып барат?

– Биздин агенттиктин ачылганына быйыл жети жылдын жүзү болду. Алгач мусулман кыз-уландардын таанышуу борбору катары ачылган. Дин жолунда жүргөн кыздар, балдарыбыз башкалардай болуп интернеттен, кечелерден тааныша албай тартынышат. Ошондуктан аларды бири-бири менен жолуктурган аянтча керек экенин ойлоп нике агенттигин ачууну чечкенбиз. Бул жерден эч кимге нике кыйылбайт, болгону тааныштырып, жолуктуруп үйлөнүүгө шарт түзүп беребиз. Андан тышкары үй-бүлө маселелери боюнча сабак-таалимдер өтүлөт жана батир, жумуш таап берүү сыяктуу кызматтарды кылабыз. Атайын лицензиябыз да бар. Бардык ишти шариаттын негизинде жүргүзөбүз.

– Таанышуу процесси кандайча жүрөт?

– Жаш курагы чектелбейт. Орто мектепти бүткөн жаштардан баштап пенсия курагындагыларга чейин келишип алгач анкета толтурушат. Анкетада 30га жакын суроо бар. Анда өздөрү тууралуу жана кандай адам менен үйлөнгүсү келет, талаптары жазылат. Анкетасы бири-бирине туура келген жуптарды кеңседен күбөнүн катышуусунда тааныштырабыз. Бири-биринин көңүлүнө төп келсе үйлөнүшөт, болбосо түгөй издөөнү андан ары улантабыз. Эркектерге эки айга чейин издеп беребиз, ал эми кыздар үчүн чек жок, турмуш курганга чейин же өздөрү каалоосу менен “алып койгула” дегиче кызмат көрсөтө беребиз. Кыялындагы адамды таап бербесек да көңүлүнө туура келген адамды таап бергенге аракет кылабыз.

– Жолукканга чейин биринчи сүрөтүн көрүп тандашабы?

– Негизи биз баарынан сүрөтүн талап кылабыз. Бирок баары эле бере беришпейт. Андыктан сүрөтүн көрүп же анкетасын окуп тандашпайт. Толтурулган анкетаны бизден башка эч ким окубайт. Биз өзүбүз окуп көрүп, ага туура келген адамды сунуштайбыз.

– Жогоруда “шариаттын негизинде иш алып барабыз” деп калдыңыз, шариат боюнча кантип үйлөнүш керек?

– Шариатта таанышып, сүйлөшүп көрөйүнчү деген түшүнүк жок. Болгону үч жолу жолукканга уруксат берилген. Бирок сөзсүз түрдө үчүнчү кишинин күбө катары катышуусу менен. Биринчи жолукканда бири-бирине туура келгени, келбегени дароо эле билинет. Эгер туура келсе, экинчи жолу жолугуп көрөт, мында ата-энелери менен тааныштырат. Бирок “шариаттын негизинде иштейбиз” деп толук кандуу айта албайм. Кээде айрым эркектер анкетасын калтырып коюп алыс жакка кетип калышы мүмкүн. Анан чалып таанышчу кыздын номерин сурашат. Андайда биз сунуштаган кыздын макулдугу менен номерин бергенге туура келип калат. Бирок “кыздын үнүн укпай, смс аркылуу сүйлөшкүлө, зына болуп калат” деп түшүндүрүп айтабыз.

– Сиздердин эрежелерди сактабай, таанышкандан кийин өз алдынча жолугуп, сүйлөшүп жүргөндөр да кездешеби, бул учурда кандай чара көрөсүздөр?

– Биз аларды тааныштыргандан кийин, же номерин бири-бирине бергенден кийин алар биздин көзөмөлдөн чыгат. Ошондуктан аларга “силерди биз Аллахка аманат кылдык, калганы өзүңөрдөн көз каранды” деп айтабыз. Бизге “ооба, макул” деп коюп, өздөрү каалаганын кыла бергени менен баары бир Аллах адилеттүү, көрүп турат.

– Жалаң дин жолундагы жарандарга кызмат көрсөтөсүздөрбү, же намаз окубагандар да келишеби?

– Агенттик эң биринчи ачылганда жалаң диндеги адамдар кайрылышчу. Кийинчерээк намаз окубагандар, окуса да эки маал окугандар, жоолук салынбагандар кайрылып, үйлөнүп жакшы жыйынтык чыккандан улам бардык эле үйлөнүүгө жашы жеткендер кабыл алынып калган. Анан улуту да эске алынбайт. Мусулман адам болсо болду.

– Экинчи, үчүнчү аялдыкка издегендер да катталабы?

– Негизи исламда биринчи, экинчи аял деген сөз жок, “аялдарынын бири” деп айтылат. Анткени Аллах Таала “эркек канча аял алса да бардыгына бирдей адилеттүү карасын” деп талап кылат. “Экинчи, үчүнчү аял” деген басынткандыкты билдирет. Ошентсе да бизге “экинчи, үчүнчү аял алат элем” деп кайрылган эркектер да бар, буга макул болгон айымдар да жок эмес. Ал тургай, үйлөнүп бактылуу жашап жаткандарын да билебиз.

– Түгөй таап берүү кызматы канча турат?

– Аял кишилерге акысыз. Ал эми эркектер 1200 сом төлөшөт. Эки ай бою түгөй таппаса, бул сумма кайра кайтарылып берилбейт.

– Буга чейин канча түгөй баш кошту?

– Жалпысынан жети жыл ичинде 3 миңден ашык түгөй баш кошкон. Азыр да мусулман агенттигине муктаждык көбөйүүдө. Анткени көпчүлүк аял, эркектер бири-бири менен ачык сүйлөшүүдөн тартынышат. Биз алардын таанышып, үй-бүлө курушуна себеп гана болуп беребиз.

– Үйлөнүп, бирок ажырашып кеткендер болду беле?

– Ооба, эки түгөй ошондой болгон. Буга ар кандай турмуштук кырдаал себеп болушу мүмкүн.

 

Эсен & Кундуз, нике агенттиги аркылуу баш кошкон түгөйлөр: “Нике агенттигине ишенчү эмес элек...”

– Нике агенттигине кандайча кайрылып калдыңар?

Эсен: - Мен Таластан болом, 29 жаштамын. Үйлөнө турган убагым келип жакшы, ыймандуу кыз табуу керек болду. 5 маал намаз окуп дин жолунда жүргөндүктөн кыздар менен сүйлөшчү эмесмин. Мусулман нике агенттиги бар экендигин мурда билчүмүн. Ошол жакка кайрылып көрүүнү ойлодум. Бирок бактымды табарыма көп деле ишене берген жокмун.

Кундуз: - Мен 25темин. Бир күнү кыздар менен таалимге барып ошол жактан эжелерден мусулман агенттиги тууралуу угуп калдым. Өзүм уялчаакмын, балдар менен таанышууга көп деле шыгым жок эле. Мен сыяктуу кыздардын келечектеги түгөйү менен таанышуусуна нике агенттиги жакшы мүмкүнчүлүк экен. Курбу кыздар болуп барып анкета толтурганбыз. Бир күнү эле агенттиктен чалышып “бир такыба бала таластык кыз менен таанышкысы келет экен, таанышып көрөсүңбү?” деп калышты. Алгач “таанышым болуп калсачы, анкетамды бербей эле койбой” деп өкүндүм. Кийин эмнеси болсо да таанышып көрүүнү чечтим.

– Алгач кандай адам болду экен деген чочулоо, коркуу сезими болгон жокпу?

Э.: - Жок. Анткени мусулман нике агенттиги болгондон кийин, биринчиден, ишенич болду, экинчиден, ал жакка жөн эле ойноп тааныша турган кыздар анкетасын таштабаса керек деп ойлойм.

– Канча жолу жолуктуңар?

К.: - Бир жолу эле күбөнүн катышуусу менен жолугуп, андан кийин WhatsApp аркылуу бир аз убакыт сүйлөштүк. Кийин үйүндөгүлөрүн жуучулукка жөнөттү. Ошентип, үйлөнүп калдык.

– Аз эле убакыт сүйлөшсөңөр, азыр жашоо кандай болуп жатат? Дегеним, аз убакытта бири-бири тууралуу адам биле албайт го?

Э.: - Чогуу жашамайынча үч эмес, үч жүз жолу жолуксаң да бири-бириңди биле албайсың. Анан бардык эле адам идеалдуу эмес деп ойлойм. Ар бир адамдын сөзсүз түрдө бир кемчилиги болот. Ага көз жуумп койсо болот. Көп сүйлөшсөң, тескерисинче, жаман жактары көп байкала берип бири-бирине жакпай калышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, эки жылдан бери эл катары бири-бирибизди түшүнүп жашап келе жатабыз.

 

Шааркан Абдуллаева