Иштин көзүн таап, ийгиликтин сырын ачкан жаштар

 «Жаштык бар жерде жаңылык бар, жаңылык бар жерде өсүү бар» деген жакшы кеп бар элибизде. Бул макалабызда дал ушул уюткулуу кептин каарманы боло алган жигердүү жаштар менен тааныштырабыз. Алар жаш экенине карабай бийиктиктерге умтулуп, аракетине жараша берекеге тунуп, элине кызмат кылышууда. Алардын сөзүнөн да, ишинен да байкалып турган жигер, кубат, шык башка жаштарга жакшы таасир калтырып, стимул болот деген ойдобуз.

 

Тилек Токтогазиев: “Эң көп киреше күнөсканаларымдан түшөт”

Аты-жөнү: Токтогазиев Тилек Мурталиевич

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы: 1990-жыл 26-декабрь

Билими: Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы

Бизнеси: “Coffee People” кофейнясы, медициналык жабдууларды ташуу жана күнөсканалар

– 18 жашымда ата-энем берген акчадан үнөмдөп 2 миң сом чогулттум. Ага жыгачтан будка жасатып, көчөдө ширелерди сатып баштагам. Бир айдан кийин аны сындырып кетишкенде жабык жайда сатыш керектигин түшүндүм. Ошентип, кинотеатрлардын биринен орун алып окуумдун акысына төлөй турган акчаны салып кычкылтектин негизинде даярдалган коктейлдерди сата баштадым. Бирок ага суроо-талап көп болбогондуктан ийгиликсиз болуп же акчадан, же бизнестен жок калдым. Бирок ошону менен калып калбай, кайрадан акча чогултуп эми сүттөн жасалган коктейлдерди сатууга өттүм. Бул ишим Кудай жалгап жүрүшүп кетти. Коктейль жакшы сатылып баштаганда башка кинотеатрдан дагы бир орун алдым. Көп өтпөй эки орунумдан күнүнө 2-3 миң сомдон пайда түшө баштады. Бул иш мени шыктандырып чоңураак иш баштоону чечтим. Насыя алып досум менен биргеликте ошол кезде жаңы курулган “Космопарк” соода борборуна “Coffee People” кофейнясын ачтык. Өзүмдүн жоопкерчилигиме бардык тобокелдикти жана бизнестин түзүлүшүн алдым, досум болсо башкарууну алды. Алгачкы айларда насыяны сүт коктейлинен түшкөн киреше жаап жатты. Ишти баштаган кезде коркуу күч болгону менен жыйынтыгында баары биз пландагандай болду. Андан кийин медициналык жабдууларга суроо-талап күчөп жатканын байкап аларды алып келип сатып баштадым. Бул ишим да ийгиликтүү болуп кетти. Аны жолго салып алгандан кийин ишеничтүү адамга тапшырып, өзүм башка ишке кириштим.

Тобумдагы балдар менен чогуу жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү изилдесек, негизги көйгөй жумушсуздук болуп чыкты. Аларда жер болгону менен аны иштетишпейт экен. Ошондо ар бири үчүн 20 миң сомдон каражат керек болгон үч күнөскана ачууну сунуштадым. Ал идеяны долбоор кылып жазып инвесторлорду таап, ага өзүм чогулткан акчаны кошуп долбоорду ишке киргиздик. Жарым жылдан кийин күнөсканалардын ар бири 100 миң сомдон киреше алып келе баштады. Алгачкы эки жылда долбоор катары иштетип, кийин жеке бизнес катары алып кеттим. Бара-бара өсүп отуруп “Жашыл Чарба” агрокомпаниясын негиздедим. Азыркы убакта карамагымдагы күнөсканалар 6 миң чарчы метрди түзөт. Негизинен киреше жакшы түшөт. Түшкөн кирешенин 90%ын кайра жаңы бизнеске салам. Андан сырткары үй-бүлөмдү каржылаганга 50 миң сомдун тегерегинде чыгып турат. Алдыда дагы көптөгөн пландарым бар.

 

Мады Төлөмүшов: “Алгачкы ишкерлигимди 14-15 жашымда баштагам”

Аты-жөнү: Төлөмүшов Мады Баатырбекович

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы: 1994-жыл 23-ноябрь

Билими: Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика, жарнама жана коом менен байланыш факультетинин 5-курсунда окуйт

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү

Бизнеси: ресторандагы сүрөт тармагы, “Кoldoo.kg” компаниясы, “PomidoR” жарнама компаниясы

– Карындашым Айдана төрөлгөндө аны сүрөткө тартабыз деген максатта ата-энем үйгө жакшы фотоаппарат сатып алышкан. Жарым жыл активдүү колдонулуп, андан кийин үйдө жөн эле жатканын көрүп аракет кылып көрөйүн дедим да, ар кайсы кафе-ресторандар менен сүйлөшүп тойго келген элди сүрөткө тартып иштей баштадым. Ал кезде сүрөт чыгаруучу принтерим жок болгондуктан экинчи антракт башталгыча жакын жердеги фотостудиядан чыгарып барып сатчумун. Ошентип иштеп жүрүп алгач принтерге, кийинчерээк баасы 3 миң долларлык профессионалдык фотоаппаратка акча топтодум. Ал кезде мен болгону 14-15 жашта элем. Ошол учурларда сүрөт көп сатылчу, кийин камерасы мыкты уюлдук телефондор көбөйүп кеткенге биздин сүрөттөрүбүз азыраак сатылып калды. Андан улам ал ишимди иниме бердим да, өзүм башка бизнес тууралуу ойлоно баштадым.

Жумуштарым менен Жаштар жана миграция министрлигине барып калсам, толтура чет өлкөлүк жарандар кезекте турушуптур. Тажагандары жүздөрүнөн эле көрүнүп турду. Ошондо аларга жардам берүүчү юридикалык компания ачуу идеясы келди. Көп өтпөй эле идеямды ишке ашырып, компаниямды “Кoldoo.kg” деп атадым. Биздин компанияга чет өлкөдөн келгендер кайрыла алышат. Аларга биздин өлкөдө бир топ эле кыйын. Көп нерсени түшүнүшпөйт. Виза алып же узартканга, анкета, документ чогултканга убактысы жок жана нерви дагы чыдабайт. Бир кабинеттен экинчи кабинетке чуркап жүрбөй, биздин кызматтан пайдалануу аларга бир топ ыңгайлуу. Учурда кардарларыбыз жетиштүү. Бизнесте жөн эле акча кармап жата берген туура эмес. Коркпой жаңы идеяларды ишке ашыра бериш керек. “Болбойт”, “колуңдан келбейт”, “банкрот болосуң” деп айткандар болот. Мен мындай сөздөргө эмес, өзүмө ишенем. Тобокелге салып үчүнчү бизнесимди да ачкам. Ал - досторум менен бирге ачкан жарнама тармагындагы “PomidoR” жарнама компаниясы. Компания маршруткалардын ичинде видеомониторлорду орнотуп, алар аркылуу жарнама иштерин жүргүзөт. Азыр дагы бир бизнес идеямдын үстүндө ойлонуп жатам. Бирок азырынча быша элек. Ага дагы аракет кылыш керек.

 

Руслан Егоров: “Идеяны ишке ашыруу үчүн даараткана тазалаганга да даярмын”

Толук аты-жөнү: Егоров Руслан

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы: 1989-жыл 25-февраль

Билими: Д. Ф. Устинов атындагы БГТУ

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү

Бизнеси: “Inter House” хостелдер тармагы

– Хостел – бул “жатакана” дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, кардарды уктоочу жай менен камсыздоонун европалык системасы. Хостел ачуу идеясын мен Сан-Францискодон алып келгем. Аны ишке ашыруу үчүн досум экөөбүз 3 миң доллардан чогулттук. Эң алгач Бишкектин бир кычыгынан таксисттер араң тапкан бир жерден үйдү ижарага алып, 16 керебет сатып алып жайгаштырдык. Ишибиздин негизги өзгөчөлүгү дал ушул керебеттерде эле. Ошентип, бөлмөнү эмес, керебеттердеги бир орундукту суткасына 15 доллардан ижарага берип иштеп баштадык. Туристтик сезондун башталышы менен ишибиз алдыга жүрдү. Баягы 16 керебетибиз жетишсиз болуп, чатырларда жаткан туристтерди көрүп бизнести кеңейтүүнү ойлодук. Ал сезондо түшкөн кирешенин үстүнө насыя алып Бишкектин борборунан жаңы хостел ачтык. Интернеттеги жарнама, англисче түш жооруган тейлөөчү топтун арты менен ишибиз алдыга жүрүп бизнес кирешелүү болду. Ошондо Бишкек менен эле чектелип калбай Караколго да хостел ачуу идеясын ишке ашырдык. Мындан кийин ишибиз андан да илгерилеп, бир сезондо 15 өлкөдөн келген 3 миңден ашуун кардарды тейлеп жаттык. Андан түшкөн киреше 22 миң доллардан ашат. Жакында ушул эле бизнесибизди Алматы шаарына ачтык.

 

Таттыбүбү Эргешбаева: “Билимиң жетиштүү тармакта гана ийгиликке жетесиң”

Аты-жөнү: Эргешбаева Таттыбүбү Нурбековна

Туулган жери: Жалал-Абад облусу Ноокен району

Туулган жылы: 1992-жыл 19-декабрь

Билими: Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институту, Чүй университетинин юридикалык факультети

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси

Бизнеси: “Ergeshbaeva and partners” юридикалык компаниясы

– Студент кезде жаштардын лидерлик сапатын жогорулатуу боюнча эл аралык уюмдарда иштеп тажрыйба алдым. Өзүмдүн жеке ишимди ачууну ошондо эле ойлонуп жүргөм. Эң алгач досторум менен Кытайдан товар ташуучу компания ачтык. Андан кийин Жалал-Абаддан жаңгак алып келип сатып көрдүк. Бирок ал тармактардан өзүмдү таба албадым. Ойлонуп көрсөм, бир иш башташ үчүн ал тармак боюнча билимиң жетиштүү болушу керек экен. Анан өзүмдүм кесибиме ылайык 2014-жылы юридикалык компания ачууну чечтим. Ишимди 20 миң сом менен баштагам. Көп кыйынчылыктар болду. Киреше болбой эле, тескерисинче, чыгашага учурап жаттык. Кудайга шүгүр, акыркы бир жылдан бери эмгегибиз акталып жакшы пайда көрүп жатабыз. Алдыга койгон пландарыбыз чоң. Биздин компания бизнес тармагын тейлегендиктен эл аралык деңгээлге чыгып эл аралык компаниялар менен иштешүүнү пландоодобуз. Буюрса, бул оюбуз бир-эки жылдын ичинде ишке ашып калат. Мен дайыма адамдарга жардам берүүнү кыялданчумун. Балким, ошондуктан азыркы алектенип жаткан ишимде ийгиликке жете алдым.

 

Ырысбү Кылычбек кызы