Айпери ОБОЗОВА, дизайнер: «Заманбап спорттук кийимдер баарына жагат»

Жакында дизайнер Айпери Обозованын эксклюзивдүү жаңы коллекциясына күбө болдук. Тактап айтканда, дизайнер кыргыз оймолору түшүрүлгөн спорттук кийимдерди чыгарды. Оригиналдуу кийимдер тууралуу дизайнер буларга токтолду.

– Айпери, кыргыз колоритинде тигилген спорттук кийимдерди чыгаруу идеясы кандайча пайда болду?

– Бул идеяны тапканыма 2-3 жыл болгон, ойлоп жүргөнүм менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбоду. Аны оюмдагыдай алып чыгуу үчүн көп убакыт даярдандым. Эки ирет Кытайдан сапаттуу кездеме алып келип тигип, сыноодон өткөрүп, боёгу чыкпайбы, кирип кетпейби деп жууп көрдүм. Сапатына ишеним арткандан кийин тандаган кездемемди алып келип тиктирип, оюуларын чаптап даярдап бир жыл дегенде алып чыктым. Оригиналдуу болсун, кыргыз жыттанып турсун деген максатта бир аз оюу салгам. Натыйжада ар бир адамга ыңгайлуу, баарына жага турган заманбап спорттук кийимдер болду.

– Спорттук кийимде оюулар жакшы көрүнөт экен, кандай саймаларды колдондуң?

– Мен спорттук кийимдерге кыргыз оймо менен илбирсти салып атам. Оймо атайын машинанын жардамы менен түшүрүлөт. Автомат кир жуучу машинага да жууса болот, оймосу, жалтырактары эч нерсе болбойт, түшпөйт. Кызым кийип жүрөт, жаш балдар бат кирдетишет го, бирок жууса эч нерсе болбойт. Болгону 30 градус температурадагы сууга жууш керек.

– Бардык курактагыларга барбы?

– Азырынча жаш балдардыкы 2 жаштан 10 жашка чейин болсо, чоңдордуку 42-48-өлчөмдөрдө чыгарылып атат. Жаш балдардыкы кыздарга да, балдарга да бар, чоңдордуку айымдарга гана арналды. Азыр эркектер үчүн чыгаруунун камындамын. Буюрса, эки айдын ичинде эркектерге арналган спорттук кийимдер чыкса, жазында юбка, көйнөк жана башка кийимдердин түрү да чыгып калат. Аларды сатканга өзүмдүн бренддик дүкөнүмдү ачсам деген планым бар. Кыргыз колорити менен тигилген кийимдерди кийгенди жакшы көргөндөр көп, бирок жактырбагандар да бар. Андыктан алдыдагы кийимдеримдин баарын кыргыз колорити менен тигилет деп айта албайм. Башкысы сапаттуу жана кымбат эмес болот.

 

– Каалоочулар спорттук кийимдериңди кайдан сатып алып атышат?

– Балдар спорттук кийимдери Жибек Жолу жана Киев көчөлөрүндө жайгашкан «Бамбини» деген дүкөндө, чоңдордуку Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги студиямда өз колумдан сатылууда. Каалагандар телефон чалып алып кетишет. Менин кийимдерим Казакстанга абдан жакшы кетет. Алардын оймолору биздикине окшош да, андыктан жактырып алышат. Белгилүү инсандардын сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды чыгардым эле, ал идеям казактарга абдан жаккан экен. Былтыр алардын буйрутмасы менен Аль-Фараби, Чокан Валиханов сыяктуу белгилүү инсандардын сүрөтү түшүрүлгөн 500 даана футболканы “Кыргызстанда чыгарылган, Айпери Обозованыкы” деп жазып чыгарып бердим. Баарын бир заматта сатып алышыптыр. Бул кийимдеримди да казактар жакшы көрүп алып жатышат, айрымдар мени “Казакстандын дизайнери” дешет экен.

 

 

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА